Канада "Капитал банкты" санкциялык тизмеге киргизди

Сүрөттүн булагы, official
Канаданын өкмөтү Кыргызстандын "Капитал Банк Борбор Азия" банкын санкциялык тизмеге киргизди.
Бул тууралуу Канаданын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Санкциялык тизмеге жалпысынан орусиялык 13 жаран жана 11 юридикалык жак киргизилген.
Алар негизинен Орусиянын чалгындоо башкы башкармалыгынын, "Газпром" компаниясынын бөлүктөрү болуп саналат. Канада бийлиги бул чечим Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынганын, Орусиянын кирешелерин жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн азайтууга багытталганын белгилеген.
Бул аталган кыргыз банкына киргизилип жаткан биринчи чектөө эмес. Быйыл августта Улуу Британия "Капитал банкты" жана анын директору Кантемир Чалбаевди санкциялык тизмеге киргизген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул чечимге комментарий берип жатып, "Капитал банк" 100 пайыз мамлекетке таандык экенин, каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштей турганын айтып, Орусиянын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берүүдө деген дооматты четке каккан.
23-октябрда Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынын 19-пакетин жактырган. Анда Орусиянын суюлтулган газынын импортуна тыюу салуу сыяктуу чаралардан тышкары ондогон компанияга, кемелерге жана жеке адамдарга санкция салынган.
Алардын арасында Кыргызстандагы "Толубай банкы" жана "Евразия сактык банкы" да чектөөгө туш болгон.
Кыргыз банктарына салынган санкциялар 12-ноябрда күчүнө кирди. Мындан тышкары Евробиримдик рублга негизделген жана Кыргызстанда жүгүртүүгө чыгарылган A7A5 стейблкойнун же криптовалюталык токенди да кара тизмеге киргизген. Ошондой эле бул криптовалютага тиешеси бар делген Кыргызстандагы Grinex криптобиржасы менен кызматташууга да тыюу салды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Еврошаркеттин чечимин кыргыз тарап өкүнүү менен кабыл алганын, бул чечимге негиз берген жагдайлар такталышы керек экенин белгилеген.












