Улуу Британиядагы шайлоо: лейбористтер жеңди, Стармер премьер-министр болот

Британия шайлоо

Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодо Лейбористтер партиясы ишенимдүү түрдө жеңгени калды. Экзитполдогу эсепке караганда, Кир Стармердин партиясы консерваторлор 14 жыл башкаргандан кийин кайрадан бийликке келе турган болууда.

Сэр Стармер Улуу Британиянын кезектеги премьер-министриболгону калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сэр Стармер Улуу Британиянын кезектеги премьер-министриболгону калды

Мурдагы башкы прокурор, адам укуктары боюнча юрист, парламентке 2015-жылы гана келген Стармер жума күнү Улуу Британиянын премьер-министри болуп калмакчы.

«Жаңылануу ушул жерден башталат, анткени бул силердин демократия, силердин коом, силердин келечек. Силер добуш бердиңер. Эми убадаларды аткаруунун убагы келди»,- деди Стармер.

Консерваторлор жүз жылда болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө учураганын азыркы премьер-министр Риши Сунак өзү дагы мойнуна алды.

Азыркы премьер-министр Риши Сунак дагы өзүнүн округунда кайра шайланды. Ошону менен катар ал консерваторлордун жеңилгенин мойнуна алып, Стармерди жеңиши менен куттуктады.

«Бүгүн бийликти өткөрүп берүү тынч жана тартиптүү манерада, бардык тараптын эрки менен ишке ашат. Бул биздин өлкөнүн келечегине жана туруктуулукка ишеним бериши керек. Британ эли бүгүн өзүнүн соолуктурган чечимин чыгарды… мен жеңилгенибиздин жоопкерчилигин алам».

Экзитполдун эсеби

Экзитпол расмий натыйжа эмес, бирок 1990-жылдардан бери алар аябай эле так чыгууда.

Британиянын жалпы палатасы 650 депутаттан же парламенттин мүчөсүнөн турат. Алардын ар бири өзүнчө шайлоо округунан шайланып келет.

Экзитполдун эсебине караганда, лейбористтер 410 орун. Консерваторлор – 131, ортомчул-либерал-демократтар -61 жана Улуу Британиянын реформисттери -13 орун алат. Калган партиялар жана көз каранды эмес талапкерлер калган орундарды ээлейт.

Бул натыйжа боюнча лейбористтер 170 орунду көп алат дагы парламентте аябагандай эле үстөмдүк кылат. Бул чоң сан болгон менен 1997-жылы Тони Блэр жеңип алган 179 көпчүлүк добушка жете бербейт.

Бирок бул жеңишке экинчи жагынан караганда, 2019-жылы шайлоодогу Борис Жонсондун жеңиши консерваторлорго 80 орунду көп алып келген.

Жеңиш качан жарыяланат?

Партия сыйкырдуу 326 орунга жеткенде жеңиш келет.

Бул сан парламентте көпчүлүктү билдирет, демек, ага ээ болгон партия парламентте башка партиялардын колдоосу жок эле мыйзамдарды кабыл алууга укуктуу болот.

Эң көп сандагы депутаты бар партиянын лидерине король өкмөттү түзүүнүн расмий түрдө сунуш кылгандан кийин ал премьер-министр болот.

Ал эми депутаттардын саны боюнча экинчи орунга чыккан партиянын лидери оппозициянын лидери болуп калат.

Эгер иштеп жаткан премьер-министр шайлоодо жеңилген болсо, башка өлкөлөргө караганда, бийлик алмашуу абдан тез жүрөт.

Ошентип, эгерде экзитпол туура чыкса, Сунак Даунинг-стрит -10 , Ак үйдүн британдык эквиваленти болгон имараттан бир күндө чыгып кетет, анын ордуна бийликке Стармер келет. (КС)