Бишкекте айрым мектептер онлайн окууга өтүп, "Манас" аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Манас" эл аралык аэропортунда террордук коркунуч боюнча маалыматка байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, авиациялык коопсуздук кызматкерлери аэробекеттин имаратын жана анын айланасын толук текшерип, жарандардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык көзөмөл чараларын күчөттү.

"Негизги текшерүү иштери түнү менен жүргүзүлдү. Учурда "Манас" аэропорту кадимки режимде иштеп жатат. Бирок коомдук тартипти сактоо үчүн күч органдары атайын аппараттар жана иттердин коштоосунда көзөмөлдү улантууда",- деди мекеменин маалымат катчысы Алена Хоменко Би-Би-Сиге.

16-октябрда кечке маал социалдык тармактарда Бишкектеги балдардын өмүрүнө сал салабыз деп коркуткан видео тараган. Мындан улам калаа бийлиги 17-октябрда борбордогу мектептер онлайн-режимде окутууга өткөнү тууралуу маалымат тараткан.

Кийин күч органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин коркунуч жок экени аныкталып, мектептер адаттагыдай режимде иштей турганы маалымдалган.

Бирок маалымат кечирээк таратылгандыктан бардык мектептердин администрациялары жана ата-энелер толук кабардар боло алган эмес жана бүгүн борбордогу бир катар мектептер окууну онлайн форматта өткөрүүгө туура келген.

Ички иштер министрлиги окуучуларга карата таратылган коркутуулар кылдат текшерилгенин билдирди.

"Окуу жайларда зарыл коопсуздук чаралары жүргүзүлүп, шектүү буюмдар жана коркунуч жараткан жагдайлар табылган жок",- деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан мындай маалымат тараткан адамдын өздүгү аныкталып, ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав аттуу киши экени айтылууда.

Алынган маалыматтар боюнча, аталган киши мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн.

ИИМ кошумчалагандай, окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде кошумча милиция тартылды.

Келип түшкөн бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатат. Министрлик жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырды.

Буга чейин да Бишкекте бир нече ирет мектептерге бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматтар тарап, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланган учурлар болгон.