Израил Газа шаарындагы операцияга даярдык катары резервге 60 миңдей аскер чакырат деп күтүлүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газa шаарына багытталган аскердик операциянын планын бекитти. "Гидеондун арабалары II" деп аталган бул операцияга дагы 60 миңдей запастагы жоокер чакырыла турганы күтүлүүдө.
ЦАХАЛ шаршемби күнү эртең менен "60 миңге жакын резервистти кызматка чакыруу боюнча буйруктар берилди" деп билдирди.
Times of Israel жазгандай, чакыруу бир нече этап менен жүргүзүлөт. Эң чоң бөлүгү — 40 миңден 50 миңге чейин адам 2-сентябрда кызматка келүүгө тийиш. Андан кийинки толкун ноябрь–декабрга, үчүнчү этап 2026-жылдын февраль–март айларына белгиленүүдө.
Ошол эле маалда жаңы этапта мобилизациялануучу аскерлердин көбү резервист эмес, армиянын туруктуу аскерлери боло турганын аты-жөнүн атабаган израилдик чиновник Reuters агенттигине билдирди.
Мындан тышкары буга чейин кызматка чакырылган 20 миң резервистке мөөнөттүн узартуу тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлөрүн ЦАХАЛ кошумчалады.
Times of Israel белгилегендей, күздүн башында кызматтагы жалпы резервисттердин саны 130 миңге чейин жетиши мүмкүн.
Израил армиясынын (ЦАХАЛ) расмий билдирүүсүндө запастагы жоокерлерди чакыруу "Гидеондун арабалары" операциясынын кийинки этабынын алкагында жүрүп жатканы айтылды (бул Газанын түндүгүндө жана түштүгүндө быйыл жазында башталган кеңири масштабдуу операция — Би-Би-Си).
Бирок Times of Israel басылмасы "бардык резервисттер Газа шаарын алуу операциясына катышпайт: алардын бир бөлүгү башка фронттордо кызмат өтөп жаткан негизги курамдагы аскерлерди алмаштырат" деп жазды.
Reuters агенттиги аскер өкүлүнө таянып, запастагы жоокерлер аба күчтөрүндө, чалгын кызматында же жардамчы бөлүктөрдө кызмат өтөшү мүмкүн экенин, ошондой эле Газадан тышкары жердеги катардагы аскерлерди алмаштырууга жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдирди.
Газадагы операция
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израил армиясы учурда Газанын 75 пайызга жакынын көзөмөлдөп турат. 8-августта Израилдин министрлер кабинети премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын көзөмөлгө алуу чечимин жактырды.
Израил басылмаларынын маалыматына караганда, Газанын калган бөлүгүн оккупациялоо беш ай ичинде этап-этап менен ишке ашат.
Биринчи этапта Израил Газа шаарын толук көзөмөлгө алып, анын бир миллион тургунун түштүккө көчүрөт.
Бир нече жумадан кийин Израил армиясынын экинчи чабуулу башталып, ошол эле учурда гуманитардык жардамдын көлөмү көбөйтүлөт. ЦАХАЛ качкындар лагерлерин жана барымтадагылар болушу мүмкүн деп эсептелген аймактарды көзөмөлгө алат.
ХАМАСты толук талкалоо үчүн Газадагы аскердик операцияны кеңейтүүдөн башка Израилдин аргасы жок экенин Нетаньяху айтып келет.
Бирок көптөгөн израилдиктер ХАМАСты толук жок кылуу үчүн жаңы планды жетишсиз, ал тескерисинче тирүү калган туткундардын өмүрүнө коркунуч алып келет деп эсептейт.
9-августта Израил шаарларынын көчөлөрүнө миңдеген адамдар митингге чыгышты. AFP агенттигинин эсеби боюнча Тель-Авивдеги демонстрацияга он миңдеген адам чыкты, ал эми барымтадагылардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган топ 100 миңге чейин адам катышканын билдирди.
Демонстранттар, анын ичинде Газадагы барымтадагылардын жакындары Нетаньяхунун планы туткундардын өмүрүн тобокелге салат деп чочулашып, өкмөттү аларды бошотууну камсыз кылууга чакырды. Израилдин бул планы башынан эле эл аралык деңгээлде сынга алынган.
Европа өлкөлөрүнүн бир тобу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин август айынын башындагы кезектеги жыйынынын алдында Газаны толук басып алуу тилкедеги ансыз да катастрофалык абалды ого бетер начарлатат деп билдирген. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө бул ыкма барымтадагыларды кайтарууга жардам бербей турганы да айтылган.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волькер Тюрк Израилдин бул планы "калктын дагы да массалык түрдө күч менен көчүрүлүшүнө, жаңы өлүмдөргө жана жан чыдагыс азаптарга" алып келерин эскерткен.
БУУнун маалыматы боюнча, кеминде 1,9 миллион адам же Газанын калкынын 90 пайызга жакыны үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. БУУнун эксперттери июль айындагы баяндамасында Газада ачарчылыктын "эң жаман сценарийи" жүрүп жатканын эскерткен.












