Газа боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Трамп келишимге жетүү ыктымалдыгы жогору экенин айтты

Сүрөттүн булагы, EPA
Газадагы согушту токтотууга багытталган АКШнын тынчтык планы боюнча соңку келишимге жетишүүнү көздөгөн кыйыр сүйлөшүүлөр шейшемби күнү Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында уланат.
Палестиналык жана египеттик расмийлер Би-Би-Сиге билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты - "жеринде зарыл шарттарды түзүү". Башкача айтканда, бардык израилдик туткундарды бошотуп, анын ордуна белгилүү сандагы абактагы палестиналыктарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
Израилдин премьер-министри ишемби күнү "туткундардын бошотулушу жакынкы күндөрдө жарыяланат" деген үмүтүн билдирген.
"Биздин келишимге жетүү мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору жана бул узак мөөнөттүү, туруктуу келишим болот",- деди дүйшөмбү күнү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда, АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттерге.
ХАМАС тынчтык планынын сунуштарына жарым-жартылай макул экенин билдирди. Бирок куралсыздануу жана келечекте Газаны башкаруудан баш тартуу сыяктуу бир нече негизги талаптарга жооп берген жок.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү Египет менен Катар өкүлдөрү Израил жана ХАМАС делегациялары менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Бул дата ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө жасаган чабуулунун эки жылдыгына туш келди. Ошол кол салууда болжол менен 1200 киши каза болуп, 251 адам туткунга алынган.
Израил армиясы ага жооп катары Газада аскердик операция баштаган. Газа секторунун ХАМАСка баш ийген саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери кеминде 67 160 адам каза болгон, алардын 18 000и балдар.
Бул датага арналган билдирүүсүндө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Трамптын планын "трагедиялуу жаңжалды токтотуу үчүн колдонуу керек болгон мүмкүнчүлүк" деп атады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер да тынчтык планын колдоп, мындай деди:
"Биз АКШнын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу демилгесин кубаттайбыз. Ар бир израилдик бала өзүнүн палестиналык кошунасы менен бирге тынчтыкта жана коопсуздукта жашаган күндү жакындатуу үчүн биздин өкмөт колунан келген аракетин жасайт".
Израил коопсуздук кызматындагы жогорку деңгээлдеги булак билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы негизинен туткундарды бошотууга багытталат. ХАМАСка бул пунктту ишке ашыруу үчүн бир нече күн берилет.
Бул сүйлөшүүлөр согуш башталгандан берки эң орчундуу жолугушуулардын бири болуп эсептелет жана тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Сүйлөшүүлөргө АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф, Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана Катар тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани катышууда.
Трамп социалдык тармактар аркылуу бардык тараптарды "тез аракеттенүүгө" чакырып, план боюнча биринчи этап, тактап айтканда туткундардын бошотулушу "ушул жума ичинде аякташы керек" деп билдирди.
"ХАМАС өтө маанилүү нерселерге макул болууда. Мен чындап эле келишимге жетебиз деп ишенем",- деди дүйшөмбүдө журналисттерге.
Палестиналык расмий өкүлдөрдүн бири Reuters агенттигине биринчи сессия дүйшөмбү кечинде аяктаганын, кийинки жолугушуулар шейшембиге пландалганын айтты.












