Израилдин Газага жасаган бир катар соккуларынан кеминде 100дөн ашуун палестиналык набыт болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшемби күнү кечинде Израилдин Газага жасаган бир катар соккуларынан кеминде 104 палестиналык каза болгонун ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Израилдин аскерлери АКШнын ортомчулугу менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин ХАМАС бузганына жооп катары "ондогон террористтик буталарга жана террористтерге" сокку урганын билдиришти.
Израилдин коргоо министри Газада болгон чабуул үчүн ХАМАСты айыптады. Аталган чабуулдун кесепетинен бир израилдик аскер каза болгон. Министрдин айтымында, бул окуя өлтүрүлгөн барымтадагылардын сөөгүн кайтаруу боюнча келишимдин шарттарын бузду.
Хамас чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин жана келишим шарттарын бузбаганын айтты.
АКШ президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу режимин эч нерсе буза албай турганын билдирди.
Ошол эле учурда, эгер израилдик аскерлерге кол салуу болсо, Израил жооп кайтарышы керек экенин кошумчалады.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху палестиналык ХАМАС кыймылы ок атышпоо келишимин бузду жана туткундардын сөөгүн кайтаруу боюнча алдамчылыкка барды деген негизде Газага сокку урууга буйрук берген.
"Коопсуздук боюнча кеңешмеден кийин премьер-министр Нетаньяху армияга Газа секторуна катуу сокку жасоого тапшырма берди", — деп айтылган Израил өкмөтүнүн билдирүүсүндө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Нетаньяху Газага сокку урууну жарыялагандан кийин, ХАМАС кыймылы Израилге дагы бир туткундун сөөгүн өткөрүп берүүнү убактылуу токтотконун билдирди. Мурда кыймыл бул жараянды шейшемби күнү аткарууга убада кылган эле.
Израил ХАМАС кыймылын ок атышпоо келишимин бузду деп айыптады. Буга ХАМАС мурда табылган туткундун сөөгүнүн бөлүктөрүн курман болгон башка туткундун сөөгүнүн ордуна өткөрүп бергени себеп болгону айтылып жатат.
Дүйшөмбү күнү кечинде ХАМАС макулдашууга ылайык, 28 туткундун ичинен 16сынын сөөгүн өткөрүп бергенин кабарлаган.
Бирок Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ХАМАС чындыгында мурда эле Израилге кайтарылган туткундун сөөгүнүн бөлүктөрүн бергенин ырастоодо.
Соттук-медициналык экспертиза бул калдыктар Nova музыкалык фестивалында уурдалган Офир Царфати аттуу туткунга таандык экенин аныктаган. Анын сөөгүн израилдик аскерлер 2023-жылы табышкан. Нетаньяхунун кеңсесинин маалыматы боюнча, бул сөөк Газада али табыла элек 13 туткундун бирине тиешелүү эмес.
Нетаньяхунун кеңсеси жана туткундардын жакындары ХАМАС кыймылын ок атышпоо келишимин бузду деп айыптады.
Алдамчылык боюнча айыптоолор
Израил армиясы ХАМАСтын согушкерлери сөөктүн бөлүктөрүн бир имараттан чыгарып, жакын жерге кайра көмгөнү видеокамераларга түшүп калганын билдирди. Маалыматка караганда, ХАМАС андан соң Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүн чакырып, сөөк табылгандай түр көрсөтүүгө аракеттенген.
"Бул көрүнүш ХАМАС туткундардын сөөгүн издөөгө аракет кылгандай түр көрсөтүп, коомчулукту адаштырып жатканын далилдейт", — деп билдирди Израил армиясы.
Туткундардын жакындары өкмөттү жана ортомчуларды ХАМАС келишимдеги бардык милдеттерин аткармайынча кийинки баскычка өтпөөгө чакырды.
Шейшемби күнү Офир Царфатинин сөөгүнүн дагы бир бөлүгү үй-бүлөсүнө кайтарылганы айтылды. Ушуну менен Царфатинин сөөгүнүн калдыктары жакындарына үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Анын денеси 2023-жылдын аягында табылып, кошумча бөлүктөрү 2024-жылдын мартында кайтарылган.
(Израилдин Газадагы аскерлери табытты кабыл алганын жана аны таануу үчүн Тель-Авивдеги Улуттук соттук медицина институтуна тапшырганын тастыктады)

Сүрөттүн булагы, EPA
Калган сөөктөрдү издөө иштери
Израил өкмөтү ХАМАСтын өкүлүнө Кызыл чырым уюмунан жана Египеттен келген адистер менен бирге каза болгон туткундардын калган сөөктөрүн издөө иштерине катышууга уруксат берилгенин ырастады.
Өкмөттүн маалымат катчысы Шош Бедросян билдиргендей, "Кызыл чырым, Египеттин техникалык тобу жана ХАМАСтын өкүлү ЦАХАЛ көзөмөлдөгөн аймактагы "сары сызыктан" өтүүгө атайын уруксат алышкан жана алардын ар бир кадамы Израил армиясынын көзөмөлүндө".
Анын айтымында, египеттик адистер издөөнү жеңилдетүү үчүн кошумча техникаларды, анын ичинде тракторлорду да алып келишкен.
Бедросян жекшембиде издөө иштерине эки-үч экскаватор жана ушунча жүк ташуучу унаа тартылганын маалымдаган.
(Дүйшөмбү күнү экскаваторлор Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис аймагында казуу иштерин жүргүзүп жатышкан)
Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир да ХАМАСты калган сөктөрдү берүүнү создуктуруп жатат деп айыптады.
"ХАМАСтын бутун биротоло сындыра турган учур келди. Биз анын толук жок болушун талап кылышыбыз керек", – деди ал.
Ашкере оңчул каржы министри Бецалель Смотрич болсо X баракчасында Нетаньяхуну макулдашуунун алкагында Иудея менен Самарияда бошотулган бардык "террористтерди " кайра камоого үндөгөн.
Дүйшөмбү күнү ХАМАСтын басма сөз катчысы Хазем Кассем кыймыл калган туткундардын сөөгү кайсы жерде экенин билет деген дооматтарды четке какты. Анын айтымында, эки жылдык жаңжал маалында Израилдин соккусунан улам бул жерлердин көбү таанылгыс абалга келген.
"Биз израилдик туткундардын сөөгүн мүмкүн болушунча тез кайтарып берүүгө аракет кылып жатабыз", — деди ал.
Ал эми ишемби күнү ХАМАСтын жетекчилеринин бири Халил аль-Хайя сөөк издөө кыйын экенин, анткени Израил армиясынын аракеттеринен кийин Газанын рельефи өзгөрүп кеткенин белгиледи.
"Мындан тышкары айрым сөөктөрдү көмгөндөр каза болуп же кайсы жерге көмгөнүн эстей албай калышты", — деп кошумчалады ал.
ХАМАС ок атышпоо келишимине ылайык, мурда убада кылынгандай, 20 тирүү туткундун баарын Израилге өткөрүп берген.











