"Камчынын сабы менен урушкан". Ур-токмоктон каза тапкан Эрландын жакындары милицияда иштегендерди күнөөлөөдө

Эрлан Батыралиевдин үй-бүлөсүнүн жеке архивинен

Сүрөттүн булагы, Үй-бүлөлүк архив

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жарандын өлүмүнө шектелип кармалган төрт киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн бири милициянын старшинасы, бири сержанты. Ал ортодо маркум Эрлан Батыралиевдин жакындары күнөөлүүлөрдү катаал жазага тартууну талап кылып жатышат.

Айланайын, балам ай...

Канышай апанын кайгысында чек жок. Үч күндөн бери уулун жоктоп ыйлай берип, үнү чыкпай калган. Тамак ичпей, боздоп отурган эненин ден соолугу начарлап, жакындары бул аралыкта алты жолу тез жардам кызматын чакырышканын айтышууда.

Анын уулу, 45 жаштагы Эрлан Батыралиев 15-ноябрда Ысык-Көлдүн Кара-Ой айлындагы "Евразия" эс алуу жайына барып, кайра үйүнө кайткан жок. Көл жээгинде жүргөндө чыр чыгып, ал бир нече кишинин ур-токмогунан көз жумганы кабарланды.

"Уулум досу менен көлдүн жээгинде сейилдеп жүргөн экен. Ошол маалда атчан кишилер суу кечип жүрүшүптүр. Менин балам аларга кайрылып, көлдү коргойлу, көл ыйык, көлгө атты тебелетпегиле, булгатпагыла десе, силердин ишиңер эмне деп менин баламды алтоо кармап, уруп, камчынын сабы менен койгулашыптыр. Үзөңгү менен башка тээптир. Алар жарандык кийимчен милиция кызматкерлери экен. Милиция элдик коргойт, жерди коргойт деп жүрөбүз го? Кана, элди-жерди коргогону?!"

Милициянын версиясы

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Эрлан райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына караганда, ал ошол эле күнү кечке маал алган жаракатынан улам көз жумган.

Маркумдун өлүмүнө шектүү катары 4 киши кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери. Тактап айтканда, 27 жаштагы милициянын старшинасы жана сержанты. Дагы экөө – 1997 жана 2005-жылы туулган балдар. Алар кайда иштей турганы айтылган эмес.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 2025-жылдын 17-ноябрында соттун чечими менен шектүүлөргө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы кабыл алынган", – деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Айгүл Такырбашева.

"Катуу жаза берүүнү талап кылабыз"

Жогоруда айтылган берене "Ден соолукка оор зыян келтирүү" деп аталат.

Бул беренеде беш жылдан жети жылга чейин, адам өлүмүнө алып келген жагдайларда сегиз жылдан он эки жылга чейинки жаза каралган.

Эрландын иниси Жаныш Батыралиев болсо президентке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына кайрылып, кылмышка шектүү милиция кызматкерлерин катаал жазага тартууну өтүнүп жатышат:

"Болгон аракеттерин кылып жатышат. Чондорду салып жатышат деп угуп жатам. Ушунун беренесин кыскартабыз деп сотторго чейин чыгып жатышыптыр. Жок, биз мындайга жол бербейбиз, катуу турабыз"

Шектүүнүн жакындары бул окуя боюнча азырынча үн ката элек.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Эрлан ресторан бизнеси менен алектенчү. Алар аны жардамга дайыма кол сунган, элин-жерин сүйгөн мекенчил адам катары сыпатташат.

Эрлан Батыралиев

Сүрөттүн булагы, үй-бүлөлүк архив

"Эрлан ушунчалык боорукер, баарыбызга тегиз караган бала эле. Бирөөгө бир зыяны тийген эмес. Элге кайрымдуулук эле жасап келген бала болчу. Алайга болсо, Алайга жардам берген. Жетимдер үйүндөгү балдарга жардам берип турган. Воронцовкадагы жакыр үй-бүлөлөргө жардам берген. Бир туугандарын карап жүргөн. Ичпеген-чекпеген инибиз эле. Күлгүндөй курагында, 45 жашында көлгө барганда өлтүрүп коюшту", –деп кейиди Эрландын атасынын карындашы Гүлипа Сарбашева.

Маркумдун артында бой жеткен эки кызы, мектепте окуган уулу, келинчеги калды.

Эрландын өлкөдө жоголуп бараткан жаныбарлардын, канаттуу куштардын санын кайра калыбына келтирем деген аруу тилеги да эми орундалбайт.