Көмүскөдөгү орган соодасы: Мьянмадан Индияга барып бөйрөк саткандар

бөйрөк

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си Бирма Кызматы

"Мен болгону карызды төлөп, үйлүү болгум келди. Ошон үчүн бөйрөгүмдү сатууга мажбур болдум" – дейт мьянмалык Зея.

Мьянмада адам органдарын сатуу бизнеси соңку төрт жылдын ичинде кеңири жайылып кетти, буга жараша анын баалары да өстү.

Зея (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөсүн араң багып, карызга батып калган. Бул үй-бүлө Янгон шаарынан кыйла алыста жайгашкан айылда жашайт. Зея бул кыштакта бөйрөгүн саткан кишилерди таанычу.

"Алар мага дени сак кишидей эле көрүнчү. Ошон үчүн бул иштин чоо-жайын сурай баштадым", - дейт ал.

Зеяны кошкондо сегиз киши Индияга барып, бөйрөгүн кантип сатып келгенин Би-Би-Си Бирма Кызматына баяндап берди. Азия чөлкөмүндө адам органдарын сатуу чоң көйгөйгө айланган, Зеянын окуясы бул кылмыштуу жана көмүскө сооданын кантип ишке ашып жатканын түшүнүүгө жардам берет.

Жасалма документ жана ортомчулар

Зея сураштырып отуруп, өзүн "брокермин" деп тааныштырган ортомчуну тапты. Ал киши медициналык текшерүүлөрдү уюштурганын, бир нече аптадан кийин "бейтапты" тапканын, ал экөө тең Индияга операция үчүн барышы керектигин айткан.

Бул өлкөгө жөнөөр алдында Зеяга бир бөйрөгү үчүн 1700-2700 доллардын тегерегинде акча төлөнөөрү айтылган.

Индиянын трансплантация жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, бейтаптын ата-энеси жана бир туугандарынан тышкары алыскы туугандары да донор боло алат.

Болгону туугандык байланыштарын тастыктаган документти көрсөтүү керек.

Ортомчу болгон "брокер" алардын ден-соолугу жана туугандык байланышы жөнүндө жасалма документтерди даярдап, бөйрөк алмаштыруу үчүн Индиянын түндүгүндөгү ооруканалардын бирине алып барган.

Чет өлкөлүктөр операция үчүн Индияга бара турган болсо, трансплантация үчүн оорукана же жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн комитеттин уруксаты керек болот. Зея дагы операция алдында котормочунун жардамы менен маектешүүгө кирген.

"Алар бөйрөгүңдү өз каалооң менен берип жатасыңбы деп сурады",- дейт Зея.

Зея бөйрөгүн тууганына берип жатканын, донор болууга өз каалоосу менен макул болгонун айткан. Операциядан кийин бир апта ооруканада жатып, калыбына келген соң үйүнө кайткан.

Зея бөйрөгүн сатып, карызын жапкан, жер сатып алган. Бирок операциядан кийин ооруп жатканын айтты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зея бөйрөгүн сатып, карызын жапкан, жер сатып алган. Бирок операциядан кийин ооруп жатканын айтты

"Убактылуу апа"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жубайын дарылатам деп карызга баткан Мио Вин (ысымы өзгөртүлдү) дагы Зея сыяктуу бөйрөгүн сатууга аргасыз болгон.

"Ортомчу мага бир нече документти берип, бул маалыматтарды жаттап алуумду суранды", – деди Мио Вин.

Жасалма документ боюнча, Мио Виндин тууганы бөйрөккө муктаж бейтаптын жолдошу эле.

"Трансплантация боюнча жооптуу адис бир кезде апаңызга телефон чалыңыз деди. Ортомчу "брокер" бир аялды камдап койгон экен. Менин "апам" сүйлөшүү учурунда жагдайды түшүндүрүп берди. Балам алыскы кайын журттагы туугандарга бөйрөгүн берип жатат, ага мен каршы эмесмин деп айтты", – деди Мио Вин.

Мио Виндин айтымында, "брокер" бөйрөк сатуу мыйзамсыз экенин айткан эмес.

"Эгерде мыйзамсыз, кылмыштуу ишке барып жатканымда айтса, анда муну жасабайт элем. Мен өмүрүмдүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөргүм келбейт", – деди ал.

Мьянмадагы жаңжал жана төңкөрүштөн кийин өлкөдө жумушсуздук күчөп, чет элдик инвесторлор чыгып кеткен. БУУнун маалыматы боюнча, 2017-жылы калктын төрттөн бири жакырчылыкта жашап жаткан болсо, 2023-жылга карата калктын жарымы кедейликтин төмөнкү чегине жетти.

ДСУ 2007-жылы трансплантацияланган органдардын 5-10% көмүскөдө жана кылмыштуу жолдор менен жасалган деп эсептеген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ДСУ 2007-жылы трансплантацияланган органдардын 5-10% көмүскөдө жана кылмыштуу жолдор менен жасалган деп эсептеген

Индиядагы камоолор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери дүйнөдө адам органдарын трансплантациялоо 50% өстү. Жыл сайын болжол менен 150 миңге жакын операция жасалат.

Адам органдарын сатуу дүйнөдө мыйзамсыз деп саналат, бирок аны көзөмөлдөө кыйынга турат. 2007-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму трансплантацияланган органдардын 5-10% көмүскөдө жана кылмыштуу жолдор менен жасалган деп эсептеген. Бирок бул көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн.

Жакырчылыктан улам бөйрөгүн сатууга аргасыз болгон кишилер соңку жылдары Азияда, анын ичинде Непалда, Пакистанда, Индонезияда, Ооганстанда, Индияда жана Бангладеште көп байкалууда.

Индия медициналык туризмдин борборуна айлангандан бери бул сыяктуу көмүскө жана кылмыштуу бизнеске аралашып калуудан чочулап келет. Буга байланыштуу маалымат каражаттары аркылуу таратылган билдирүү көбөйүп, полициянын текшерүүлөрү да күчөтүлгөн.

Өткөн жылы июль айында Индиянын полициясы бөйрөк сатууга шектелген жети адамды, анын ичинде жергиликтүү дарыгер менен жардамчысын камакка алганын билдирген.

Полициясын маалыматына ылайык, бул кылмыштуу топ бангладештик жакыр адамдарды таап, аларды орган сатууга азгырып, жасалма документ даярдап жүрүшкөн.

Делидеги Indraprastha Apollo клиникасында иштеген доктор Вижая Ражакумари бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Ятхарт ооруканасына консультант катары барып, ал жакта операция жасаган деп шектелүүдө. Анын жактоочусу бул дооматтар негизсиз жана далилсиз деп айыпты четке кагууда.

Жактоочунун Би-Би-Сиге билдиришинче, Ражакумари комиссия уруксат берген операцияларды гана жасаган, мыйзам чегинде иш алып барган.

"Мындай окуялардын алдын алуу үчүн биз бардык ишти кылдат иликтеп жатабыз, көзөмөлдү күчөттүк", – деди Би-Би-Сиге Ятхарт ооруканасынын өкүлү.

Иликтөө башталгандан кийин Apollo ооруканасы доктор Ражакумаринин фрилансер-консультант катары иштегенин жана клиника бардык кызматташууну токтотконун жарыялады.

Доктор Ражакумари сотто айыпталган эмес.

Мьянмада 2021-жылдагы төңкөрүштөн кийин жарандык согуш башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мьянмада 2021-жылдагы төңкөрүштөн кийин жарандык согуш башталды

"Бул ден-соолук үчүн кооптуу "

Би-Би-Си Бирма Кызматы Зея менен анын операциясынан бир нече ай өткөндөн кийин кабарлашты.

"Карыздарымды жаап, эңсеп жүргөн жер тилкесин сатып алдым. Эми үй салганга каражат жетишсиз. Операциядан кийин белим ооруп жүрдү, курулуш иштерин дагы жасай албай жатам. Эгер белим кайрадан кармап калса, анда айла жок дарыланышым керек болот. Эмнеси болсо дагы мындай ишке барганыма эч өкүнбөйм", – деди Зея.

Зея бөйрөгүн берген бейтапты Би-Би-Си сөзгө тартканда, ал операция үчүн 22,000-35,000 доллар төлөгөнүн айткан. Ал Зея менин тууганым, документтер жасалма эмес деп билдирди.

Операциядан алты ай өткөндөн кийин Би-Би-Си Мио Винге да байланышты. Ал карыздын көбүн жапканын, бирок дагы деле көйгөйү чечилбей жатканын айтты:

"Азыр ашказаным ооруп жатат. Жумушум жок, бир да тыйыным калбады".

Мио Вин башкаларды мындай кооптуу ишке барбагыла деп үндөйт:

"Бул ден-соолук үчүн коркунучтуу экен". (KB)