Чехияда Беларустун атайын кызматына иштеген тыңчылык түйүн аныкталды

Тыңчы

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Чехия, Венгрия жана Румыния бийлиги атайын операциянын жүрүшүндө Беларустун тыңчылык тармагына бөгөт койду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматы (BIS) билдирди. Ведомствонун билдирүүсүндө тыңчылык түйүнү менен байланышта болгон беларус дипломаты өлкөдөн чыгарылганы айтылат.

Чех атайын кызматтары аныктагандай, бул түйүн Беларус мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан түзүлүп, Европанын бир катар өлкөлөрүндө иш жүргүзүп келген.

"Европалык чалгын кызматтарынын биргелешкен тобу КГБнын кызматкерлерин жана жардамчыларын аныктады. Алардын арасында Молдованын чалгын кызматынын (SIS) жетекчинин мурдагы орун басары да бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Чех чалгын кызматынын өкүлү Ладислав Стичанын айтымында, аты аталбаган бул адам Молдованын жараны. Ал 2024-жылдан тартып Беларустун атайын кызматына жашыруун маалыматтарды сый акы үчүн берип турууга айыпталууда.

Европанын Кылмыш адилеттиги боюнча кызматташтык агенттиги — Евроюст билдиргендей, ал дүйшөмбү күнү Румынияда кармалган.

Евроюст маалымдагандай, Молдова жаранына карата "узак убакыт бою мамлекеттик жашыруун маалыматтарды берүү менен мамлекетке чыккынчылык кылган" деген негизде тергөө жүрүп жатат.

Ладислав Стича AFP агенттигине берген комментарийинде белгилегендей, Чехиядан чыгарылган беларус дипломаты менен кармалган Молдова жараны түздөн-түз кызматташкан эмес.

Иш материалдарына ылайык, шектүү Молова жараны 2024 жана 2025-жылдары эки ирет Будапештте Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) чалгын кызматкерлери менен жолуккан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Европалык чалгын кызматтарынын өкүлдөрүнүн пикиринде, Евробиримдиктин аймагында эркин жүрүү мүмкүнчүлүгү Минскке Европада тыңчылык түйүнүн уюштурууга шарт түзгөн.

"Европадагы мындай кастык ишмердүүлүккө каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүү үчүн Орусия менен Беларустун аккредитацияланган дипломаттарынын Шенген аймагында жүрүүсүн чектөө зарыл", — деди Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматынын (BIS) директору Михал Куделка.

Быйыл эле Чехия бийлиги беларус журналисти Наталья Судленкованы орусиялык атайын кызматтарга иштеди деп айыптап, өлкөдөн чыгарып жиберген.

BISтин жылдык отчетунда белгиленгендей, Судленкова Орусиянын аракеттерин актаган макалаларды жазган жана Евробиримдиктин аброюна шек келтирген. Ошондой эле Орусия Украинага басып киргенден кийин Орусияга жана анын жарандарына карата киргизилген санкциялардын мыйзамдуулугуна шек келтирген.

Александр Лукашенко бийлеген Беларус Орусиянын жакын союздашы болуп саналат. Украинадагы согуштук аракеттерди колдойт жана бир катар тармактарда Европанын санкцияларына туш болгон.

Евроюст баса белгилегендей, Европа өлкөлөрү үчүн коопсуздук жаатында кызматташуу жана орус-беларус атайын кызматтарынын ишмердүүлүгүнө биргелешип бөгөт коюу абдан маанилүү.