Британия Кыргызстандагы дагы бир компанияга санкция салды

Санкция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Улуу Британия Орусияга байланыштуу санкциялардын тизмесин жаңыртты. Жаңыланган бирдиктүү реестрге 24 компания кошулуп, аларга активдерди тоңдуруу жана трасттык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр киргизилди. Арасында Кыргызстанда катталып, иш алып барган KIFIKO LLC компаниясы дагы бар болуп чыкты.

Британиянын Финансылык санкцияларды ишке ашыруу башкармалыгы (OFSI) билдиргендей, санкциялар Украинадагы кырдаалды курчутууга катышы бар деп эсептеген же Орусия өкмөтүнөн пайда көрүп, аны колдоп жаткан адамдарга жана компанияларга киргизилди.

Британ өкмөтүнүн маалыматына ылайык, компания Орусия үчүн маанилүү финансы секторунда иш алып барып же Орусия өкмөтүнөн пайда көргөн башка уюмдарга, атап айтканда A7 LLC компаниясына, каржылык жана экономикалык ресурстарды берип, Орусияны колдогон болушу мүмкүн.

2025-жылдын 13-октябрында Radio Moldova сайты өз иликтөөсүн жарыялап, анда KIFIKO LLC компаниясы Молдовада сыртынан 15 жылга кесилип, издөөдө жүргөн олигарх Илан Шорго тиелешүү экени жана ал субагент, брокер, векселдерди төлөөдө ортомчу катары иштеп келгени айтылган.

Иликтөөдө Илан Шор Кыргызстандын аймагында 37 компаниядан турган тармак түзүп, Орусияга каршы эл аралык санкцияларды айланып өтүп, акча которууларын уюштурганы кабарланган. Алты айда бул компаниялар аркылуу кеминде 480 миллиард рубль (6 миллиард доллардай) которулуп, бир жыл ичиндеги операциялар 1,6 триллион рублге (20,7 миллиард долларга) жеткен.

Кыргызстандагы компаниялар финансылык "көпүрө" катары иштеп, рубль башка валюталарга же криптовалюталарга алмаштырылып, кайра Шордун схемасына кайтарылып турганы айтылган.

Орусия Украина согушу башталгандан бери, Улуу Британия Кыргызстандагы бир нече компанияларды жана крипто тармакка байланыштуу уюмдарды кара тизмеге киргизди. Алардын арасында Grinex LLC, Old Vector LLC, Tengricoin сыяктуу компаниялар, ошондой эле "Капитал" жана "Керемет" банктары бар.

Белгилей кетсек, Британиянын бул жолку санкциясына Кырызстан менен бирге Өзбекстандан целлюлоза жана химиялык продукция өндүргөн төрт компания, Орусиянын энергетикалык жана башка стратегикалык секторундагы алты компания, Бириккен Араб Эмираттарына таандык бир нече ишкана кирген.

Расмий Бишкектин нааразылыгы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сентябрдын соңунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп, өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну ички ишке кийлигишүү катары баалаган эле.

Жапаров Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип жатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келерин белгилеген.

Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирип, банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айткан.

"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", - деген Жапаров.

Ал Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын айтып, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирген.