Вьетнамдагы суу ташкынында өлгөндөрдүн саны 90 адамга жетти

Сүрөттүн булагы, Magdalena Chodownik/Anadolu via Getty Images
Вьетнамда бир нече күнгө созулган нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен келип чыккан селден жана жер көчкүлөрдөн кеминде 90 адам каза болду. Дагы 12 адам дайынсыз болууда.
Вьетнам өкмөтү билдиргендей, өлкө боюнча 186 000 үй жабыркап, үч миллиондон ашык мал-жандык кырылган.
Чиновниктердин баамында, жалпы зыян 300 миллион доллардан ашты.
AFP маалымат агенттигинин билдиришинче, тоолуу Даклак провинциясы олуттуу жабыркаган: ал жакта 16-ноябрдан бери 60тан ашуун адамдын өлүмү катталган.
Бул сел Вьетнамды акыркы айларда каптаган экстремалдык аба ырайынын кезектеги көрүнүшү болуп калды.
Ага чейин Калмаэги жана жана Буалой аттуу эки тайфун биринин артынан бири келип, көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, чоң кыйроолорго жеткирген.
Чиновниктердин айтымында, жекшемби күнү эртең менен 258 миңге жакын адам электр жарыгысыз калган, ал эми негизги автомагистралдардын жана темир жолдорунун айрым тилкелери бөгөттөлгөн.
Эң көп жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүү үчүн аскердик жана полициялык ресурстар мобилизацияланган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өкмөт эң олуттуу кесепет Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан беш провинцияда — Куангнгай, Зялай, Даклак, Кханьхоа жана Ламдонгдо байкалганын билдирди.
Даклактагы фермер Мах Ван Си AFP агенттигине: «Биздин аймак толугу менен талкаланды. Эч нерсе калган жок. Бардыгы ылайга чөгүп калган», — деп айтып берди.
Премьер-министр Фам Минь Тинь жекшемби күнү эртең менен видеобайланыш аркылуу чукул жыйын өткөрдү. Ал өзү ал учурда "Чоң жыйырманын" саммитине катышып, Түштүк Африкада болчу.
Жума күнгө карата бир нече аймакта суунун деңгээли 1,5 метрден көтөрүлгөн, ал эми кээ бир аймактарда 5,2 метрден ашып кеткен - бул 1993-жылдан бери байкала элек көрүнүш. Жакынкы күндөрү жамгыр токтойт деп болжолдонууда.
Окумуштуулар антропогендик климаттын өзгөрүшүнөн улам Вьетнам экстремалдык аба ырайына көбүрөөк аялуу болуп калганын, бул тайфундардын күчөп, тез-тез болуп жатканына алып келгенин айтышат.
Өкмөттүн эсептөөлөрү боюнча, январь айынан октябрь айына чейин Вьетнамдагы жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн болчу.












