"Жаңы махараджалар". Индиядагы дүйнөгө дүңгүрөгөн үйлөнүү той

Зоя Матин жана Мерил Себастьян

BBC News Дели жана Кочи

Көп айга созулган үйлөнүү үлпөтү эми гана аягына чыгууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп айга созулган үйлөнүү үлпөтү эми гана аягына чыгууда

Эң эле көп деген акча канча болуш керек?

Азыр Индияда бул суроону берген киши көп. Анткени Азиядагы эң бай адамдын уулунун көп айга созулуп, бүт дүйнөнүн көңүлүн бурган үйлөнүү үлпөтү акыркы фазасына келди.

Алдыдагы дем алыш күндөрү байлык болуп көрбөгөндөй чачылган салтанаттын кульминациясы болот деп күтүлүүдө.

Reliance Industries бизнес империясынын төрагасы Мукеш Амбанинин кенже уулу Анант Амбани фармацевт магнаттары Вирена жана Шайл Мерчанттын кызы Радхика Мерчант менен акыры кол кармашып, баш кошушат.

Үйлөнүү үлпөтүнүн алдында төрт ай бою шаң-салтанат болду. Көз жоосун алган түркүн кийимдер, миң кубулган кымбат зер буюмдар, жомоктогудай декорация, индиялык жана дүйнөлүк жылдыздар коомчулуктун көңүл борборунда болду.

«Бул падышанын үйлөнүү тоюндай эле болду»,-дейт жазуучу Шобхаа Де. «Биздин миллиардерлер — жаңы индиялык махараджалар. Алардын акционерлери да мегафеериядан кем калышпайт».

Индиялыктар британдыктар сыяктуу эле «дайыма бүт элге даңаза салып, салтанат курганды жакшы көрүп келген, бул тойдун масштабы Амбанинин байлыгына жарашат",-дейт.

Бирок бул тойдун айланасындагы уу-дуу жүргөн кеп сөздө канча мактоо болсо, андан кем эмес нааразылык да болууда. Көптөр он миллиондогон адам итке минген жакырчылыкта жашаган өлкөдө бүт элдин оозун ачырган шумдуктуудай байлыктын даңазасын сынга алышуда.

« [Бул тойду] өлкөдөгү азыркы реалдуулукка өзүнчө бир мыскыл, сокур көз караш катары караса болот. Экинчи жагынан бул соңку он жылдыктагы индиялык тойлордун одоно, өтө эле ашыкча бурмаланган түрү»,-дейт Би-Би-Сиге жазуучу жана серепчи Сантош Десаи.

«Бул азыр жүрүп жаткан масштабдуу көпкөндүктүн бир көрүнүшү. Мурдагы муундар байлыкты шыбырап акырын айтышчу эле. Бүгүн байлыкты бардык күчүң менен бакырып айтышың керек. Ошондо дагы бул тойдун масштабы аябай чектен чыгып кетти».

Тойдун кульминациясы Мумбайдагы үй-бүлөлүк резиденцияда өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тойдун кульминациясы Мумбайдагы үй-бүлөлүк резиденцияда өтөт
Нита менен Мукеш Амбани баласынан аябай байлыгын чачып той өткөрүүдө

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нита менен Мукеш Амбани баласынан аябай байлыгын чачып той өткөрүүдө

Амбанинин үй-бүлөсү мунай, телекоммуникация, химия өнөр жайы, технология жана мода тармактарын кучагына алган ири бизнес империяны мыкчып турат. Алардын жашоосу коомдук көңүлдүн чордонунда.

Амбанинин өзүнүн байлыгы эсти оодарган $115 миллиардка барабар. 29 жаштагы Анант Reliance Industries директорлор кеңешинде отурат.

Амбани индиялык бизнес магнат Гаутоам Адани сыяктуу эле премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтүнө жакын адам, оппозициялык партиялар бийликти бул эки бизнес компанияны калкалап келатат деп сындашууда.

Амбанинин үй-бүлөсүнүн жер жайнаган байлыгы жана таасири Индияда белгилүү болгон менен өлкө сыртында, анын байлыгынын масштабын, балким, мынчалык деп билишпесе керек.

Бирок март айында Амбани өзүнүн уулуна үйлөнүү үлпөтүнө баштапкы камылга катары үч күндүк салтанат кече өткөргөндө кырдаал өзгөрдү.

Болливуддун Жанви Капур сыяктуу жылдыздар бул тойго келип кетти

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болливуддун Жанви Капур сыяктуу жылдыздары бул тойго келип кетти
Музыканттар менен салттуу жөрөлгөлөр тойдун көркүн ачты.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубулжута күү салган музыканттар менен салттуу жөрөлгөлөр тойдун көркүн ачты.

Салтанат кече Гуджарат штатында Джамнагар шаарында болду, бул жакта Амбанинин дүйнөдөгү эң ири мунай иштеткен заводу бар. Салтанат кечеге 1200 мейман келди, анын ичинде Meta’дан Марк Цукерберг менен Microsoft’тон Билл Гейтсти айтсак эле жетиштүү.

Той атайын ушул кечеге арналып курулган оранжереяда кечки тамактан башталды. Мындагы укмуш конструкция Бруклин ботаника багындагы викториан стилинде курулган кристалл имарат Palm House окшош экени айтылууда. Көрсө, бул жер Мерчант Нью-Йоркто коллежде студент болуп жүргөндө анын эң сүйүктүү жайы болгон экен.

Дүйүм тамактан бели ийилген дасторкондо Рианна чыгып ырдады, ал эми андан тараган видеороликтерде Амбанинин үй-бүлөсү поп-жылдыз менен кантип көңүл ачып жатканы көрүнөт. Мурда көңүл бурбай келгендер да эми кызыгып көрүп жаткан убагы.

Марттагы той салтанатта Meta'нын башкы директору Марк Цукерберг да болду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марттагы той салтанатта Meta'нын башкы директору Марк Цукерберг да болду
Поп жылдызы Рианна да тойго келип ырдады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Поп жылдызы Рианна да тойго келип ырдады

Июнда сүйүшкөн түгөйлөр менен каадалуу меймандар той камылгасы аталган салтанаттарын чет өлкөдө улантты. Болливуддин эң башкы жылдыздары кошулган эң кооз лайнер Италияда Тиррен деңизинин жээгинен француздардын Жер ортолук деңизине саякатка жөнөдү.

Алар Римде, Портофинодо, Генуеде жана Каннада токтоп салтанат курушту. Алардын байлыкка чиренип түн ичинде дүңгүрөп эс алышканына жергиликтүү жашоочулар арызданган учурлары болгону айтылууда.

Бул майрамга 90-жылдардын сулуулары The Backstreet Boys, ырчы Кэти Перри жана италиялык тенор Андреа Бочелли жана башкалар келди.

Бул аптада үй-бүлөнүн мекени болгон Мумбайда үйлөнүү үлпөтүнүн кезектеги сериясы Джастин Биберден башталды.

Ал сахнанын четинде ырдап, ал эми колукту менен анын достору кошулуп ырдап жаткан видео 38 миллион жолу көрүлдү.

Акаш Амбани менен Анант Амбани жана Акашанын аялы Шлок Мехта Амбани, болочок келини Радхика Мерчант

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акаш Амбани менен Анант Амбани жана Акаштын аялы Шлок Мехта Амбани, болочок келини Радхика Мерчант
Джастин Бибердин чыгыр ырдаганы бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Джастин Бибердин чыгып ырдаганы бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду
Күйөө бала менен колукту кол кармашып меймандарга чыгып жатты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күйөө бала менен колукту кол кармашып меймандарга утур-утур чыгып жатты

Амбанилер бул үйлөнүү тоюна канча акча жумшап жатканын ачыктаган жок, бирок азыр эле 11-13 миллиард ([$132–$156 млн) рупий корогону айтылууда.

Рианна эле $7 млн гонорар алды деген кеп жүрүүдө, ал эми Бибер ала турган сумма $10 млн кем болбойт дешет. (МА)

Иванка Трамп (солдо) Нита Амбани менен марттагы той камылгаларында жолугушту

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иванка Трамп (солдо) Нита Амбани менен марттагы той камылгаларында жолугушту
Болливуд жылдызы Шах Рукх Кхан да кадырлуу мейман болуп чакырылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болливуд жылдызы Шах Рукх Кхан да кадырлуу мейман болуп чакырылды
Байлыгына чиренген үй-бүлө баласынын тоюнун урматына колунда үй-бүлөлөрдүн балдарына массалык үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп беришти

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байлыгына чиренген үй-бүлө баласынын тоюнун урматына колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарына массалык үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп берди
Жаңы махараджалардын дүңгүрөгөн тою көптөгөң мумбайлыктардын ачуусуна тийди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы махараджалардын дүңгүрөгөн тою көптөгөн мумбайлыктардын кыжырын келтирди