Жо Байден Израил менен Палестинаны жаңжалды токтотууга чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Жо Байден сегиз күнгө созулган жаңжалдан кийин Израил менен “Хамас” тобун жаңжалды токтотууга чакырды.
Президент Байден телефон аркылуу Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен сүйлөшүп, АКШ менен Египет ок чыгарбоо келишимине жетүү үчүн ортомчулук кылууга аракеттенип жатканын билдирди.
Ага карабастан, Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин зомбулукту токтотуу боюнча билдирүүсүн чыгарууну токтотуу үчүн вето укугун колдонду. Ушуну менен АКШ үчүнчү жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн токтотууда. Анда Израилди аба соккуларын токтотуп, дипломатияга көңүл буруу керек экени айтылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эксперттер болсо эки аптага созулган зомбулук күчөп бара жатканын белгилешүүдө. Израилдин аба соккуларынан Газада 212 киши, анын ичинде 61 жаш бала каза тапты. “Хамас” тобунун ракеталык аткылоосунан Израилде 10 киши, анын ичинде 2 жаш бала набыт болду.
БУУнун маалыматына ылайык, Израилдин чабуулдары Газада кыркка чукул мектеп жана төрт оорукананы жарым-жартылай же толугу менен талкалады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо сыяктуу эл аралык уюмдар бул кадамды кескин сынга алышты.
Израил Газада каза болгондордун көбү куралчан топтун мүчөлөрү экенин, жайкын тургундарды атайылап бутага албаганын айтууда. Бирок Газа тилкесин башкарган “Хамас” тобу бул билдирүүнү четке кагууда.
Израил менен Палестина ортосундагы соңку жаңжал эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, дүйнө лидерлери жана гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдар жайкын тургундарга жана алардын мүлктөрүнө болгон чабуулдарды токтотууну талап кылышууда.
Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму толук кандуу согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.












