Гаитидеги зилзала: Айылдар унутта калды
Жеймс Клейтон, Стифани Винсент, Би-Би-Си, Ле-Ке, Гаити

Марселин деген кооз аталыштагы айыл Гаитидеги Ле-Ке шаарынан машина менен 30 мүнөттөй аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөгө чейин айылда эки чиркөө болгон: бири католиктердики, экинчиси баптистердики. Андан тышкары поликлиника, мектеп жана вуду жамаатынын борбору болор эле.
Асфальт жол айылды аралап өтүп, шлакоблоктон салынган үйлөрдү бойлой андан ары тараган чыйыр жолдор банан бактарына алып барат.
Биз барганда кыштак өзгөрүп кетиптир.
Марселинге алып барган жолдо чоң жаракалар пайда болуптур. Айдоочу жаракаларга жакындаган сайын машинасын улам жайлатып баратты.
Ле-Ке шаары 14-август күнү күчү 7.2 баллга жеткен зилзаладан өтө катуу жабыркаган. Ар алты имараттын бири кыйрады окшойт.
Бул жерде бутунда турган турак-жайды табуу кыйын.
Келли Филдор 15 жаштагы улан болчу. Ал жаңы окуу жылына даярданып жаткан.
Ал жүрөктүү болчу жана жашоону сүйчү. Анын каймана аты Келли Түбөлүк болчу. Ал көйнөгүнө да ошентип чиймелеп алган эле.
“Анын жашоосу ушунчалык кыска болорун билбептирмин”, - дейт анын апасы Мери Роз.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Келли ишемби күнү эрте эле ойгонуп, үйдөн чыгып кеткен экен. Бирок анын телефону өчкөнү калгандыктан ал кайра кайтып келген.
Жер титирегенде оор цементтен жасалган дубал менен таш аны басып калган. Анын баш сөөгү менен эки буту тең сынган. Анын аман калганга эч шансы жок болчу.
“Эмне кылышты билбей турам. Мага күч берип турушу үчүн анын көйнөгүн билегиме ороп алдым”, - дейт Мери Роз.
Бул жердеги кыйроонун деңгээлин кабылдоо оор. Эки чиркөө тең жер менен жексен болгон.
Вуду коомунун борборунда адамдар кичинекей сыйынуу жайындагы бийге даярдык көрүп жатышкан. Зилзала башталганда алар кечил аялдын жөрөлгөлөрдү башташын күтүп отурушкан.
Имарат өзү эле урап түшкөн.
Бир кошуна кечил аялдын сөөгүн кантип чыгарып алышканын бизге айтып берди. Бирок урандылардын астында дагы 25тен ашуун киши болушу мүмкүн.
Баарын түйшөлткөн суроо: Эмне үчүн эч ким жардам бербейт? Же дары-дармектен, же куткаруучулардан, же азык-түлүк менен суудан дайын жок. Эч жардам жок.

Маргарет Морис үйү ураганда сегиз баласы менен бир аз гана жабыр тартып, бирок аман калышкан.
Бирок азыр алар мурдагы турак-жайынын урандыларынын үстүндө отурушуп, өздөрү менен өздөрү, кароосуз калышты.
“Мамлекет көңүл буруш үчүн кыйкырышым керекпи, же бизди өлүп жок болушубуз үчүн таштап коюштубу?” - дейт ал.
Анын бир аз гана азык-түлүгү менен суусу калган. Ал жардам ташып бараткан бир нече унааларды көргөнүн айтат.
Өкмөт, жардам берген уюмдар жана эл аралык коомчулук, баары көмөк көрсөтүүнү убада кылган.
Бирок ал убадалардын бул жердеги адамдарга кымындай да жардамы тийген жок.
Поликлиникада адамдар кандайдыр бир азыктарды сорттоп койгон болушу мүмкүн эле, бирок ал жер дагы жексен болду.
Бул жакта тоолуу аймактарда кечиндеси суук анан нымдуу болот. Айрым адамдарда брезенттери бышык эмес болсо, айрымдарында ошол дагы жок.
Адамдар бул жерде узак мөөнөттүү келечек жөнүндө эмес, аман калуу жөнүндө ойлонуп жатышат. Бирок айылдагы инфраструктуранын баары кыйрап жок болгонун эске алганда, эми Марселин кантип кайра бутуна туруп кетерин элестетүү кыйын.
Гаити учурда саясий башаламандыктын ичинде. Мурдагы президент өткөн айда киши колдуу болгон. Мамлекет Марселин сыяктуу кыштактарга керектүү болгон жардамды берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Бул жерде ар биринин бир нече достору, үй-бүлө мүчөлөрү зилзалада көз жумган. Жер титирөө 2 миңден ашуун гаитиликтин өмүрүн алган.
Бирок азыр мындан дагы көбүрөөк киши өлгөн болушу мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Зилзаладан эмес, керектүү болгон жардам эч качан келбегендиктен. (EA)












