Маданият министрлиги Валерий Меладзенин концертинин уюштурулбай калганына түшүндүрмө берди

Валерий Меладзе

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валерий Меладзе

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги орусиялык ырчы Валерий Меладзенин Кыргызстандагы концертинин уюштурулбай калышына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда концертти өткөрүүгө тыюу салынган деген маалымат туура эмес экени айтылат. Мунун алдында Кыргызстан ырчы Валерий Меладзенин концертин өткөрүүгө уруксат бербей койгону, буга саясий себептерден улам барганы тууралуу маалыматтар чыккан. Валерий Меладзе Орусиянын Украинадагы согушун колдобогон ырчылардын бири.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство жана Билим берүү боюнча башкармалыгынын башчысы Акжол Доранбек уулунун айтымында, Валерий Меладзенин концертин уюштурууга тыюу салынган эмес.

"Меладзе боюнча айта турган болсок, бизден ал иш-чараны өткөрбөө керек деген маалымат кеткен эмес. Концертке даярдык көрүүнү токтотуп туруу боюнча гана сунуш болгон. Булар, мындайча айтканда, концертке уруксатты бир жыл мурда сурашкан. Алар концертти 2025-жылдын 3-декабрында өткөрүүнү сунушташкан. Ал эми өтүнүчтү 2025-жылдын январь айында беришкен. Мындайча айтканда, 11 ай мурун кайрылышкан. Биз уюштуруучуларына да түшүндүргөнбүз. Күз айларында бир кайрылып көргүлө, биз карап көрөлү деп айтканбыз. Алдын ала эле жооп бербейли дегенбиз. Ошол убакта Меладзенин тегерегинде Орусияда ызы-чуу болуп жаткан. Ошого байланыштуу иш тартибине ылайык эле, биз уюштуруучуларга күз айларында байланышкыла деп айтканбыз. Бирок алар байланышкан жок. Ошол боюнча эле Кыргызстан баш тартты деп чыгарып жиберишиптир. Чечимди Мелазденин Орусиядагы чектөөлөргө байлоонун кереги жок. Меладзе боюнча иш-чара болбосун деген так жооп кеткен эмес. Даярдыкты токтотуп туруу боюнча гана сунуш айтылган".

Акжол Доранбек уулу кошумчалагандай, концертти уюштуруу ниети менен "ТегинАрт" уюму кайрылган. Алар концертти Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүүгө уруксат сурашкан.

Кыргызстан ырчы Валерий Меладзенин мааракелик турунун алкагында концерт өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат алгач "Абзац" басылмасына чыккан. Анда медиаменеджер жана продюсер Павел Рудченко бул чечим Орусия менен болгон тыгыз мамилелерди сактап калуу жана коомдук иш-чараларда мүмкүн болгон саясий билдирүүлөрдү болтурбоо ниети менен байланыштуу болгонун билдирген.

"Кээ бир өлкөлөр, бул учурда Кыргызстан, Орусия менен саясий курчутууну каалабайт. Сахнадан саясий ураанды кыйкырып же кандайдыр бир жол менен колдоп коюшу мүмкүн болгон артисттер менен мамиле түзүүнү каалабайт, бул мамилелерди курчутпоо үчүн", — деп билдирген Рудченко.

Продюсердин айтымында, аймактагы өлкөлөр айрым артисттердин концерттик ишмердүүлүгүнө караганда, туруктуу мамлекеттер аралык мамилелерди артык көрүшөт. Ошондой эле, ал Валерий Меладзе келечекте сахнадан саясий билдирүүлөрдү жасоо коркунучунан улам чыгыш багытындагы өлкөлөрдө концерт коюусу кыйынга турган аткаруучулардын катарына кирип калышы мүмкүн деген пикирин билдирди.

Маалыматтарда Меладзе 60 жылдык мааракесине арналган турунун алкагында Кыргызстанда концерт берүүнү пландаштырган жана Борбордук Азия өлкөлөрүн гастролдук маршрутунун бир бөлүгү катары караган. «Артисттин командасы мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн бийликтерине алардын элине карата урмат-сый менен мамиле кылууга жана концерттер учурунда эч кандай саясий билдирүүлөрдү жасоодон баш тартууга кепилдик берген каттарды жөнөткөн» деп жазат "Абзац".

Басылманын маалыматы боюнча, Казакстан менен Өзбекстан концерттерди өткөрүүгө макулдук беришкен, бирок Кыргызстан артисттин концертин уюштуруудан баш тарткан.

Ырчы Валерий Меладзенин 2022-жылдын февраль айында видео кайрылуу жазып, анда Орусияны Украинадагы аскердик аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырган. Бирок, ал кийинчерээк Украинадагы согушка байланыштуу коомчулукка ачык билдирүүлөрдөн алыс болгон.

Бул кайрылуудан кийин Меладзенин Орусиядагы концерттерин токтото башташканы жана ал артисттердин "кара тизмесине" киргени айтылган.