Израил Трамптын ак атышпоо планын жактырды. Туткундар качан бошотулат жана андан ары эмне болот?

Сүрөттүн булагы, AFP
Израил Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу келишимин жактырды. Ага ылайык, ХАМАС барымтадагыларды бошотуп, Израилдин аскерлери анклавдан чыгарышы керек.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху муну "маанилүү окуя" деп атап, АКШ президенти Дональд Трампка, ошондой эле министрлер кабинетинин жыйынына катышкан анын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнерге ыраазычылык билдирди.
Трамптын айтымында, барымтадагы израилдиктер ХАМАСтын туткунунан "дүйшөмбү же шейшемби күнү" бошотулушу мүмкүн.
Келишимдин алкагында Израил өмүр бою эркинен ажыратылган 250 туткунду бошотушу керек экени Министрлер кабинетинин жыйынынын алдында белгилүү болду.
Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир "бул канкор террористтерди бошотуу келишими үчүн добуш бербейм",- деп билдирди.
Ушундай эле көз караштагы министрлер кабинетинин дагы бир ашынган оңчул мүчөсү, каржы министри Бецалель Смотрич келишимге каршы добуш берерин мурда эле жарыялаган.
Эки министр тең келишим кабыл алынганына карабастан, мындан ары окуяларга кылдат байкоо салуу ниетинде экенин ачык айтышты.
"Биздин жүрөгүбүз кубанычка, бакытка жана толкундоого толуп турат. Анткени бардык барымтадагылар үйлөрүнө кайтып келишет", - деп айтылат Бен-Гвирдин билдирүүсүндө.
"Бирок бул кубанычтын баасын унутпашыбыз керек. Анткени миңдеген террорчулар анын ичинде 250 киши өлтүргүч да бошотулуп жатат",- деди ал.
Итамар Бен-Гвир барымтага алынгандар бошотулгандан кийин ХАМАС "сакталып кала турган болсо" өкмөттөн кетээрин жана өзүнүн "Отзма Йехудит" партиясын башкаруучу коалициядан чыгарын эскертти.
Премьер-министр Нетаньяху мындай болбой турганын убадалаганын айтып, бирок ал толук ишене албайт жатканын кошумчалады.
"Эгер ХАМАС бийлиги жок кылынбаса же бизге аны кулаттык деп айтып коюп, ал ишин уланта берсе "Оцма Йехудит" өкмөттү ыдыратат",- деди Бен-Гвир.
Эгер Бен-Гвир менен Смотрич өкмөттөн чыгып кетсе, Кнессетте Нетаньяхунун колунда 120 орундун ичинен болгону 47си гана калат. Абсолюттук көпчүлүк үчүн 61 орун керек болот.
Бул жаңы гана согушту башынан өткөргөн өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө түрткү болушу мүмкүн.
Келишим качан күчүнө кирет?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алгач тынчтык планын Израил өкмөтү жактыргандан кийин ок атышууну токтотуу дароо күчүнө кирери кабарланган.
Бирок бейшемби күнү Израилдин премьер-министринин кеңсесинин басма сөз катчысы Шош Бедросян келишимди ишке ашыруу Израилдин министрлер кабинети добуш бергенден кийин 24 сааттын ичинде башталарын билдирди.
Айрым маалыматтарга караганда, убакытты созуу Израил армиясына өзүн максималдуу коопсуз абалда жайгаштыруу үчүн керек болушу мүмкүн.
Израилдин маалымат каражаттары кабарлагандай, аталган өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац ЦАХАЛга Газа секторунда ок атышууну токтотуунун алдында ХАМАС тарабынан жасала турган ар кандай коркунучтарга катуу күч менен каршылык көрсөтүүнү тапшырган.
Бейшемби күнү Кац Газадагы учурдагы кырдаалга баа берүү жана келечектеги мүмкүн болгон сценарийлерди талкуулоо үчүн ЦАХАЛ башкы штабынын башчысы, генерал-лейтенант Эяль Замир жана башка жогорку офицерлер менен жыйын өткөрдү.
"Коргоо министри ЦАХАЛга өкмөттүн чечими жана келишим күчүнө киргенге чейин ХАМАС террордук уюмунун биздин күчтөргө каршы ар кандай коркунучуна же чабуулуна чечүүчү күч менен жооп кайтарууну тапшырды",- деп билдирди Коргоо министринин кеңсеси.
Айтымында, израилдик аскерлердин коопсуздугун камсыз кылуу азыркы кырдаалда негизги милдети болуп саналат.












