Демографиялык апаатка туш болгон Украина өз аскерлерин уруктарын тоңдурууга чакырууда

- Author, Сара Рэйнсфорд
- Role, Түштүк жана Чыгыш Европа боюнча кабарчы, Киев
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Максим өзүнүн эркектик уругу (сперматозоиди) тууралуу сүйлөшүүдөн тартынбайт. Тескерисинче, ал Украина армиясындагы көп аскерлер тукум улоо жөндөмү тууралуу ачык сүйлөшсө же жок дегенде бул жөнүндө ойлонсо жакшы болмок дейт.
"Биздин эркектер кырылып жатат. Украин элинин генофонду жоголуп жатат. Бул - улутубуздун сакталып калышы жөнүндө маселе", - дейт учурда чыгыш фронтко жакын жерде жүргөн ал, биз менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып.
35 жаштагы Максим Украинанын Улуттук гвардиясында кызмат өтөйт. Жакында өргүүгө келгенде жубайы аны Киевдеги клиникага барып, сперма тапшырууга көндүргөн.
Ал аскерлер үчүн атайын программа алкагында бекер тоңдурулду.
Максимдин айтымында, тоңдурулган сперма кандай болгон күндө да үй-бүлөнү кеңейтүү үчүн маанилүү болушу мүмкүн.
"Сен фронттун алдыңкы сабында болоcуңбу, же 30 же 80 чакырым алыстабы, айырмасы жок - коопсуз экениңе эч кепилдик жок", - дейт ал, асманда учкан орус дрондору дайым коркунуч жаратарын бизге түшүндүрүп жатып:
"Бул - стресс, анын тукум улоо жөндөмүнө таасири болот. Ошондуктан биз келечек, украин улутунун келечеги тууралуу ойлонушубуз керек".
Жеке репродуктивдик клиникалар 2022-жылы, Орусия толук кандуу Украинага бастырып киргенден кийин, аскер кызматкерлерине криоконсервация аттуу кызматын бекер сунуштай баштаган эле.
Жаракат алып же тукум улоо жөндөмү жабыркайт деген коркунучтан улам клиникалар аскерлердин сперматозоид же жумуртка клеткаларын бекер тоңдуруп беришет.
Кийинки жылы парламент бул практиканы жөнгө салып, мамлекеттик каржылоону камсыздамакчы.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Оксана Дмитриева: "Биздин жоокерлер келечегибизди коргоп жатышат, бирок алар өз келечегинен айрылышы мүмкүн. Ошондуктан биз аларга мындай мүмкүнчүлүк берүүнү кааладык" дейт:
"Аларда, кийин, өз спермаларын колдоно алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу - бул асерлерге карата колдоо".

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок саясатчылардын бул демилгеси башында коомчулуктун нааразылыгына кабылды, себеби донор каза болгондо бардык биоүлгүлөр кошо жок кылынат деп мыйзамда белгиленген. Бул жагдай согушта жесир калган аял күйөөсүнүн тоңдурулган сперматозоидин колдонуп, балалуу болууга аракет кылып, бирок анысы ишке ашпай калганда ачыкка чыккан.
Кийин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, бардык аскер кызматкерлеринин биоүлгүлөрү алардын каза болгондон кийин да үч жылга чейин акысыз сакталары жана алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу болсо, түгөйү тарабынан колдонууга жеткиликтүү болору белгиленди.
Бул программа демографиялык кризисти чечүүнү көздөйт, көйгөй Орусиянын баскынчылыгына чейин эле бар эле, бирок согушта көп санда эркектердин каза таап жатышы жана алардын басымдуусу жаш жана дени-соо эркектер болуп жатканы - бул кризисти күчөтүп ийди.
Мейманкананын холлунда депутат менен жолуктук, биз пальтолорубузду чечпей сүйлөшкөнгө туура келди, быйыл Орусия Украинанын электр тармактарына үзгүлтүксүз ракеталык чабуул жасап, Киевде миңдеген имараттар жылуулуксуз калышты. Жолугушууда мага ушул көйгөй дагы дааналана түштү.
"Келечегибизди жана жоготкон бардык жаштарыбызды ойлонуп жатабыз. Биз алардын ордун толукташыбыз керек", - дейт Дмитриева. "Бул демографиялык абалды жакшыртууга жасалган кичинекей кадам гана болмок".
Дмитриева фронтко жасаган сапарларында аскерлерди сексуалдык жашоосу жана тукум улоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө сүйлөшүүгө жана да сперматозоидун тоңдурууну ойлонууга шыктандырат.
"Башында алар абдан уялышат, бирок биз сүйлөшөбүз жана аларга башкаларга да бул тууралуу айтыш керектигин айтам, андан кийин алар процедурага келишет жана аны жасашат", - дейт ал.
"Эгер мындай мүмкүнчүлүк болсо, эмнеге жасаганга болбосун? Зыяны болбойт!".

Киевдеги мамлекеттик Репродуктивдүү медицина борбору январдан тарта аскерлерди эркектик уруктарын тоңдурууга кабыл ала баштады.
Азырынча программага он чакты эле адам жазылды, бирок аталган клиника маалымат кеңири жайылгандан кийин абал өзгөрөрүнө ишенет.
"Биз чоң суроо-талап күтөбүз. Үмүтүбүз чоң", - дейт директор Оксана Голикова "биоматериал" чогултулуп, даярдалып, андан соң сакталган лабораторияга жетелеп бара жатып.
Ири идиштер ачылганда кургак музга окшогон буу чыгып, ичинен сперматозоидге толгон узун, жука түтүкчөлөр илинип турганы көрүнөт.
Тынч коридорлорду аралап баратсак согуштун көмүскө кесепеттери байкалат. Керебетте бырылдап жаткан бир эле жаңы төрөлгөн ымыркайды жана ай күнүнө жетип калган бир гана аялды гана көрөсүң. Толук кандуу согуш башталгандан бери клиникага кайрылган кош бойлуулардын саны эки эсеге кыскарган.
"Эгер аялдар стресске кабылса, анда аларда этек кири менен маселе жаралат. Мунун баары бири-бирине байланыштуу",- дейт Холикова. "Менин бейтаптарымдын 60% антидепрессант ичишет, арасында ракета жана дрондордун чабуулунан улам паника чабуулуна кабылгандары бар".
Калгандарында "жашоону кийинкиге калтыруу синдрому" бар, жашоодогу маанилүү чечимдерин, анын ичинде балалуу болуу пландарын ананкыга калтырышат, дейт ал.
Аялдар кош бойлуу болуп калып, анан бомбадан калкалоочу жайларга жүгүрүп жүргөндөн коркушат.
Ошондуктан Украина үчүн ар бир жаңы төрөлгөн ымыркай маанилүү болуп турат.
Бирок аскер үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн кабыл алынган мыйзамдар дайыма эле үзгүлтүксүз жана так иштей бербейт.
Катерина Малышко жана анын жолдошу Виталий көптөн бери балалуу болугусу келип жүрүшкөн болчу. Катерина табигый жол менен боюна бүтпөй жатканынын себебин согуштан көрөт же ал күчөттү деп эсептейт.
"Баары стресс жана уйкусуз түндөрдөн", - дейт Катерина. "Ар бир түн лотерея сыяктуу: эртең ойгоно аласыңбы же жокпу билбейсиң".
Жаш түгөйлөр быйыл үйлөнгөнүнүн төрт жылдыгын белгилешмек эле, балким аны ымыркайы менен майрамдашмак. Өткөн кышта репродуктивдик клиникада алардын жашоого жөндөмдүү үч эмбриону бар болчу жана аларды Катеринанын жатынына салуу пландалып жаткан.
Бирок көп өтпөй Виталий каза болду.
"Ага бомба түз эле келип тийген, анын аман калуу мүмкүнчүлүгү жок болчу", -деп ал мага айтып берди.
Катерина жолдошу жок жашоосун улантуу үчүн күнүмдүк оор күрөшү менен ачык бөлүштү. Ал клиникадан Виталийдин спермаларын же тоңдурулган эмбриондорун колдонгонго эми укугу жок экенин укканда анын күйүтү дагы эселеди.
"Алар аны сактап беришет", - дейт ал. "Бирок мен аны колдоно албайм".
Депутат Оксана Дмитриева аскерлердин үй-бүлөлөрү дарылоону камсыз кылуу үчүн айрым клиникалардын ишине кийлигишкенге туура келди. Бирок ал жаңы мыйзамды дагы "иштеп чыгуу" зарылдыгын моюнга алууда.
Жазында бир нече толуктоолор боюнча добуш берүү өтөт.
Бирок айласы кеткен жана аза күтүп жаткан Катерина сотко кайрылууга мажбур болду, алты айга созулган кароодон кийин сот анын пайдасына чечим кылды.
"Чечимди окуп алып ошол жерде отуруп ыйладым. Анткени бул биздин үй-бүлө болчу. Биз ушуну узакка күттүк жана көп нерсени баштан өткөрдүк", - деп эскерет Катерина.
"Мен бир эле учурда кубанычты да, кайгыны да сездим, анткени өз укугум үчүн күрөшүүгө туура келди. Бирок муну мен күйөөмдүн жаркын элеси үчүн кылгым келди".

Сүрөттүн булагы, Instagram/Katerina Malyshko
Катерина азырынча бала төрөөгө даяр эмес, өзүн алсыз сезет.
Анан калса, ал согуш жакында бүтөт деп ойлобойт, ал баласы бейпил өлкөдө төрөлүүсүн каалайт эле.
"Эгер биз мунасага барсак, анда ушунча адам эмнеге жанын берди?" - деп суроо салат ал. Катерина бул сөзүн Орусия баскынчылыгын токтотушу үчүн Украина жеринен баш тартышы керектиги тууралуу идеяга карата айтты.
Катерина өзүн даяр сезгенде, өз жерин коргойм деп каза тапкан күйөөсүнүн биоүлгүлөрү менен балалуу болгусу келет.
"Согушта жан таслим болгон аскерлердин балдары бул өмүргө жаралууга укуктуу болушу керек. Алардын ата-энеси жанын берген мамлекетте жашоого акысы бар".
Бул ойго аркы тарапта, согуштун алдыңкы сабында жүргөн Максим кошулат.
"Бул мен эмнеге муну кылдым түшүндүрөт, жана бул сонун да!"- дейт мага телефондон жоокер.
"Себеби, мен эртең капыстан өлүп калышым мүмкүн. Бирок аялымда менин спермам болот жана ал аны колдоно алат. Бул менин дагы бир тынчсыздануумду жокко чыгарат".
Максим үчүн эркектерди бул программага жазылууга көндүрүү чоң маселе.
Киевдеги клиниканын директору Оксана Горликова ага келген согуштун бир ардагерин эстеп айтып берди. Ал ардагер ага аскерлер түгөйлөрү менен жыныстык катнаш кылганда көйгөй чыгып же балалуу боло албай жаткандарын ыйлап айтып беришкен.
"Эркектер түнт келишет, бирок аларда психологиялык көп көйгөйлөр бар",- дейт Максим.
Ал эркектерди аскерге кызмат өтөөгө чакырарда эркектик уругун тоңдурууну сунуштайт. Ошону менен алардын ДНК үлгүлөрү да сакталып калат, бул эгер алар кокусунан каза табышса, алардын өздүгүн тактоодо маанилүү болот.
"Адамдард эмне токтотот, биз аларга бул тууралуу көп айтып, анан эмнеге бул маанилүү экенин түшүндүрүшүбүз керек", - дейт аскер.
"Себеби, эркектер - биз алдыбызга алып келип, бизди милдеттендирмейинче эчтеке кылбайбыз".
































