Азия чемпионаты: кыргыз балбандары үч коло медал утту
Азия чемпионаты: кыргыз балбандары үч коло медал утту
Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев, Абдумалик Карачев жана Жакшылык Байташов Азия чемпионатында коло медалга ээ болушту.
70 кг. салмактагы Эрназар Акматалиев коло үчүн беттеште кытайлык балбан Симинг Вонгду жеңип алды.
79 кг. салмактагы Жакшылык Байташов тажик балбаны Сомонжон Икрамовду утту.
Абдумалик Карачевдин аттандашы, кореялык балбан Сонгвон Ким жаракатына байланыштуу мелдешке чыккан жок. Мындан улам ал дароо эле коло медалга ээ болду.
Буга чейин Азия чемпионатынан кыргыз балбандары 5 алтын, 1 күмүш, 2 коло медал уткан. Азия чемпионаты 12-апрелде жыйынтыкталат.



