Украинанын контр чабуулу: сегизинчи кыштак бошотулду
Украина түштүктөгү контр чабуулунда жылыштар болуп жатканын, дагы бир жаңы кыштакты бошотуп алганын билдирүүдө. Москва болсо украин чабуулунун мизи майтарылды деп жатат.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Би-Би-Си кабарчысы Майени Джонс Киевден жиберген кабарга караганда, Украинанын контр чабуулу башталгандан эки аптадан кийин анын күчтөрү түштүктө жай болсо да акырындап алга жылууда. Фронттун алдыңкы сызыгынан кабарлашкан Би-Би-Си командасы да ушундай пикирде болууда.
Коргоо министринин орун басары Анна Маляр анын аскери бир апта ичинде сегиз калктуу пунктту бошотуп алганын билдирүүдө. Эң акыркы бошотулганы Запорожье областындагы Пятихатки кыштагы. Андан мурда бошотулган кыштактар: Новодаровка, Левадное, Сторожево, Макаровка, Благодатное, Лобковое, Нескучное.
Россия өзүнүн расмий адамдарынын бири жоготуулар болуп жатканын айтып жатканына карабастан, бул маалыматты четке какты.
Жалпысынан украин аскери жиреп кирген аралык 7 км түздү, ал эми бошотулган жердин аянты - 113 чарчы км.
Маляр айым Россия өзүнүн күчтөрүн Донецк областынын чыгыш жагына которуп, бул жакта украин аскеринин жолун тороого аракет көрүп жатканын да айтууда.
Зеленский болсо өзүнүн түнкү кайрылуусунда Украинанын Patriot деп аталган америкалык ПВО системасынын бири да кыйрабай бүтүн турганын билдирди. Анын күчтөрү акыркы аптада Россиянын отуздай ракетасы менен 50 чакты дронун атып түшүргөнүн айтты.
Анын сөзүнө караганда, ошол эле убакта Украинанын Куралдуу күчтөрү россиянын позицияларын көздөй жүздөн ашык сокку урушту.
Украинанын союздаштары анын контр чабуулуна колдоо иретинде акча менен техника жиберишүүдө. (КС)







