Ассанж түрмөдөн чыгып, АКШ бийлиги менен келишим түзүүдө

Жулиан Ассанж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

WikiLeaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж АКШнын соту менен келишим түзүп, өзүн аскердик сырды ачыктаганы үчүн күнөөлүү экенин мойнуна алып, эркиндикке чыккан жатат. Шейшембиге карай түндө жарыяланган сот документтеринен ушундай кабар келүүдө.

Келишим түзүлсө, анда 52 жаштагы Ассанжка улуттук коргонуу жөнундө маалыматтарды алуу жана ачыктоо максатында кутумчулук боюнча күнөөлөр коюлат. Ассанж 62 ай түрмөгө кесилип, беш жыл британдык түрмөдө отурганы эске кошулуп, андан кийин бошоп чыгып Австралияга кайтып барат деп күтүлүүдө.

Башында WikiLeaks негиздөөчүсүн Афганистандагы жана Ирактагы согуштун жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин жарыялап жиберген үчүн негизинен тыңчылыкка айыпташкан.

Эми ал өзүнүн күнөөсүн бир гана пункт боюнча мойнуна алган келишим шаршембиде эртең менен АКШнын Тынч океандын батышындагы аймагы – Түндүк Мария аралдарындагы сотто түзүлөрү күтүлүүдө.

WikiLeaks кабарлашкандай, дүйшөмбүдө Ассанж "Белмарш" түрмөсүнөн бошоп, Британиядан чыгып кетти.

"Жулиан Ассанж эркиндикте. Ал катуу режимдеги "Белмарш" түрмөсүнөн 24-июнда эртең менен бошоп чыкты, ал жакта 1901 күн отурду. Лондондун Жогорку соту аны күрөө менен бошотту, күндүзү ал "Станстед" аба майданына барып, учакка отуруп Улуу Британиядан учуп кетти",-деп жазышты X социалдык тармактагы анын кесиптештери.

Алар бул келишим АКШнын Юстиция министрлиги менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мүмкүн болгонун белгилешүүдө. Расмий түрдө бул иштин процедурасы аяктай элек. WikiLeaks’тин кабарында Ассанж Лондондон ары Австралияга кетти.

Жулиан Ассанж Лондондон учуп кетер алдында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жулиан Ассанж Лондондон учуп кетер алдында
Жулиан Ассандж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Апрелде АКШ президенти Жо Байден Ассанжды жазалоону токтотуу тууралуу Австралиянын бийликтеринин өтүнүчүн карап жатышанын билдирген.

"Премьер-министр Энтони Албаниз Ассанж мырзанын иши көпкө созулуп кетти деп ачык айтты, аны түрмөдө кармай берүү эчтеке бербейт", — деп билдирген Австралия өкмөтүнүн өкүлү келишим жөнүндө.

Америкалык бийлик менен келишим он жылдан ашык созулуп, узак мөөнөттөгү түрмө менен бүтчүдөй болуп турган юридикалык кармашка чекит коет.

АКШга экстрадиция болуп, күнөөлүү деген өкүм чыкса, WikiLeaks'тин негиздөөчүсү 175 жыл түрмөгө кесилмек.

Жулиан Ассанж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жулиан Ассанждын жубайы Стелла көп жылдар бою WikiLeaks'тин негиздөөчүсүн колдоп келгендерге ыраазылыгын билдирди.

"Жулиан боштондукта! Аны бошотуу боюнча глобалдык өнөктөштүктү колдогондордун баарына ыраазылыгымды сөз менен айтып жеткире албаймын", — деп жазды ал X социалдык тармагына.

Алар Асанж жыныстык зомбулукка айыпталып, Швецияга экстрадиция болгондон качып, Эквадордун Лондондогу элчилигине бекинип алган учурда таанышкан.

Бул айыптоо андан кийин алынды. Ассанж күнөөсүн мойнуна алган эмес жана швед бийликтеринин койгон күнөөсү - аны АКШга экстрадиция кылыштын гана амалы болчу деп билдирген.

Эквадордун элчилигинде WikiLeaks негиздөөчүсү жети жыл болду, ага 2012-жылы бүл өлкөнүн бийликтери баш паанек жана жарандык беришкен.

2019-жылы Ассанжды баш паанек алуунун эрежелерин бузду деп айыптап, жарандыктан ажыратып, элчиликтен чыгарып салышты.

Британ бийликтери Ассанжды камакка алып, катуу режимдеги "Белмарш" түрмөсүнө салышып, аны АКШга экстрадиция кылуу боюнча сот процесси башталган.

WikiLeaks өз кезегинде америкалык жашыруун документтер менен 2010-жылдагы дипломатиялык каттарды жарыялай баштаган.

АКШнын бийликтери Ассанж өзүнүн жарыялаган материалдары менен жүздөгөн америкалык жарандардын өмүрүн коркунучка кептегенин билдирген. (КС)