Түндүк Корея: Ким Чен Ындын кызы мураскер болобу?

North Korean leader Kim Jong Un (R) and his daughter Kim Ju Ae stand at a hotel reception counter. There are soldiers clapping in the foyer in the background.

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

    • Author, Луис Барручо
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Чжу Эни мураскер катары даярдап жаткан сыяктуу. Бул туурасында Түштүк Кореянын улуттук чалгын кызматы (УЧК) 12-февралда мыйзам чыгаруучуларга билдирди.

Чалгын кызматынын оюнча, коомдук иш-чара учурунда Ким Чжу Энин алган жаңы ролу саясатка кандайдыр бир салым кошо баштаганынан жана ал де-факто өлкөдө экинчи лидерге айланганынан кабар берет. Бул жөнүндө мыйзам чыгаруучулар Пак Сун Вон менен Ли Сон Квын парламенттеги чалгын комитетинин жабык жыйынынан кийин кабарчыларга маалымдады.

УЧК Чжу Э февралдын аягында Түндүк Кореядагы партиянын жыйынына катышып-катышпасына тыкыр көз сала турганы айтылууда. Талдоочулар аталган жыйында алдыңкы жылдарга карата экономикалык, тышкы саясат жана коргонуу багытындагы ири саясий максаттар ачыкка чыгат деп ишенип турушат.

Ким Чжу Э – Ким Чен Ындын элге ачык белгилүү болгон жалгыз кызы. Лидердин биринчи баласы эркек экени көпчүлүккө маалым болгону менен ал жөнүндө маалымат аз.

Эгерде Чжу Э атасынын жолун жолдой турган болсо, анда ал Түндүк Кореянын 1948-жылы Коммунисттик бийлик түптөлгөндөн берки алгачкы аял лидери болуп калмакчы.

Ким Чжу Э жөнүндө бизге эмнелер маалым?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен аскердик кемени ишке киргизүү иш-чарасы учурунда сүйлөшүп турушат. Бул кеме биринчи жолу ишке берилип жатканда зыянга учурап калган болчу. Ражин, Түндүк Корея. 2025-жылдын 12-июну.

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Kим Чжу Э – Ким Чен Ындын элге белгилүү болгон жалгыз кызы

Ким Чен Ын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматты аябай сыр сактайт. Ошондуктан анын үй-бүлөсү туурасында маалымат өтө аз. Ал тургай үйлөнүү тойдон кийин бир канча убакыт жубайы Ри Сол Чжуну да сыр сактаган. Аялы 2012-жылга чейин коомчулукка чыккан эмес.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары алар 2009-жылы баш кошконун, 2010-жылы балалуу болгонун кабарлаган. Ал бир нече жылдан кийин төрөлгөн Ким Чжу Энин да апасы экени айтылат.

Ким Чжу Э жөнүндө алгачкы маалымат 2013-жылы коомчулукка чыккан. Анда ардактуу эс алууга чыккан америкалык баскетбол жылдызы Деннис Родман Түндүк Кореяга саякат кылып, талаш-тартыштар менен коштолгон эле.

Родман Ким Чен Ындын үй-бүлөсү менен убакыт өткөргөнүн, деңиздин боюнда эс алганын жана "алардын Чжу Э аттуу баласын көтөргөнүн" айткан.

Анда Чжу Энин тестиер кези (13-15) болгон болушу ыктымал.

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Энин коштоосунда чоң калибрдеги көп ракеталык системаны белгисиз жерде январь айында сыноодон өткөрүп жатат. Алар чоң жашыл жүк унаасынын алдында турушат, артында аскерлер

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы коомчулукка алгачкы жолу чыккандан бери Ким Чжу Э аскердик жана аскердик эмес маанилүү иш-чараларда атасынын жанында катышып келет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан бери 2022-жылдын ноябрына чейин Ким Чжу Э жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат жок болчу. 2022-жылы ал атасынын жанында континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруу маалында коомчулукка көрүнгөн.

Сеулдагы Кукмин университетинде Түндүк Корея саясатын изилдеген Федор Тертицкийдин айтымында, башында Түндүк Кореянын маалымат каражаттары дагы болгону "аны Ким Чен Ындын кызы катары тааныштырып, бирок анын ысымын жана жашын айткан эмес. Коомчулукта башка эч кандай маалымат болгон эмес".

2023-жылы жабык жыйында Түштүк Кореянын чалгын кызматы түштүк кореялык саясатчыларга Ким Чжу Э эч бир расмий билим берүү мекемесинде каттоодон өтпөгөнүн жана Пхенянда үйүндө билим алганын айткан. Чалгын кызматы кошумчалагандай, Ким Чжу Э жылкы минип, сүзүп, чаңгы тээп убакыт өткөрүүнү жакшы көрөт. Жыйынга катышкандардын бири кийинчерээк кабарчыларга Ким Чен Ын кызынын жылкы минүү жөндөмүнөн аябай канааттанарын айтып берген.

Чалгын кызматы билдиргендей, Ким Чжу Энин бир агасы жана кичүү бир тууганы бар (аталган кызмат анын жынысын ырастаган эмес). Аларды коомчулук көрө элек.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Пхенянда Корея элдик армиясынын 75 жылдык мааракесинде майрамдап жатат. 2023-жылдын 7-февралы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чжу Э алгачкы жолу коомчулукка 2022-жылы көрүнгөн; бул сүрөттө ал атасы менен Корея элдик армиясынын 75 жылдыгында салтанатта катышууда. 2023-жылдын февралы

Бет ачар

Ким Чжу Энин коомдогу орду өсүп келатат. Ал аскердик дагы, аскердим эмес дагы бир катар иш-чараларда атасынын жанында жүрөт.

Былтыр сентябрда ал атасы менен Кытайга Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадга катышуу үчүн барган. Бул анын алгачкы расмий чет элдик сапары болуп калды.

Сапардын мааниси чоң болгон. Анткени Түндүк Кореянын лидери Кытай президенти Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен бирге ар тараптуу тарыхый дебютун ишке ашырган. Бирок Ким Чжу Э парадга катышкан эмес.

2023-жылдын декабрында алар Түндүк Кореянын Хвасон-18 континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурууга катышкан. Бул өлкөнүн арсеналындагы узак аралыкка уча алган эң алдыңкы ракета. Ошол эле жылдын ноябрында Маллиген-1 чалгын спутнигин учуруу маалында дагы Ким Чжу Э атасынын жанында болгон. Пхенян бул Ким Чен Ынга Ак үйдү көрүүгө шарт түзөрүн билдирген.

2023-жылдын февралында Эркин Азия үналгысы кабарлагандай, Түндүк Корея өкмөтү кимдин ысымы Ким Чжу Э болсо, аттарын өзгөртүүгө буйрук берген. Мындай аракет бийликтеги династияга мүнөздүү экени айтылган.

Түндүк Корея боюнча байкоочулар белгилегендей, Ким Чжу Э азыр "сүйүктүү" эмес "кадырлуу" кыз деп аталууда. "Кадырлуу" деген сын атооч Түндүк Кореядагы эң ардактуу инсан үчүн энчиленген.

Мисалы, Ким Чен Ынга болочокто жетекчи болору ырасталгандан кийин гана "кадырлуу жолдош" деп кайрылып калышкан.

Ыктымал мураскерби?

Түндүк Кореянын жарандарына Кимдердин теги ыйык экени айтылат. Демек, өлкөнү алар гана башкара алышат. Айрым талдоочулардын айтымында, Ким Чжу Эни элге бала кезден алып чыгуу аркылуу Түндүк Кореянын лидери кызы бийликке келгенге чейин эле азыртадан ордун бекемдеп жаткан болушу мүмкүн.

Бирок мураскерге орун бошотуп берүү жакын арада ишке ашпашы ыктымал. Ким Чен Ындын саламаттыгы начарлап кетти деген мурдагы ушак кептер жокко чыгарылгандай.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен Вонсандагы Вонсан Калма туристтик аймагы салынып бүткөндө салтанаттуу иш-чарада кум жээкти карап балкондо турат. 2025-жылдын 24-июну

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгерде Ким Чжу Э бир күнү атасынын ордун басса, анда ал өлкөнү башкарган алгачкы аял болуп калат

Башкалардын айтымында, бул жол менен Ким Чен Ын абдан патриархалдашкан коомдо өзүн камкор ата катары көрсөтүп жаткан болушу да мүмкүн.

"Мурдагы лидерлер Ким Чен Ир менен Ким Ир Сендин тушунда Түндүк Корея лидерлерин ата-эне фигурасы катары ролун бекемдөө боюнча өтө көп пропаганда жүргөн", – деген мурда курган маегинде Оксфорд университетинин саясат таануу боюнча профессору жана жарым арал боюнча адис Эдвард Хоуелл. "Ошондуктан, менин оюмча, мындай символика атасы менен кызын коомго алып чыгуу аркылуу улантылып жатат".

Бирок "Түндүк Кореянын жетекчилиги кызматы үчүн Кимдердин үй-бүлөсүнөн болуу абдан маанилүү. Эгерде ал аял болсо да, бул Кимдин үй-бүлө мүчөсү болбогонго караганда жакшыраак", – деген Хоуелл.

Мурдараак, Түштүк Кореянын чалгын кызматы дагы "варианттар көп" болуп жаткандыктан "бардык мүмкүнчүлүктөрдү" караштырып жатканын айткан эле.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана кызы Ким Чжу Э Аба куралдуу күчтөрүнүн 80 жылдыгын майрамдоо учурунда асмандагы салтанатты көрүп жатат. Чен Ын жылмайып турат жана Чжу Э кара көз айнек тагып турат. Артында асман тиреген имараттар.

Сүрөттүн булагы, KCNA via Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын менен Ким Чжу Э Аба куралдуу күчтөрүнүн 80 жылдыгын майрамдоо учурунда асмандагы салтанатты көрүп жатат

Федор Тертицкий Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни эл алдына алып чыгып, "ыктымал мураскерлик боюнча коомчулуктун жана элитанын көз карашын сынап жатат" деп ойлойт. Анын айтымында, мураскерлик так аныкталганга чейин мындай нерсе жасала бербейт.

Тертицкий Ким Чен Ындын мураскери жөнүндө сөз кылууга эрте деген пикирлерге кошулат.

"Эгерде, мисалы, ал атасындай 70 жашта каза болсо, анда 2054-жылга туура келет. Эгерде Түндүк Корея өлкөсү ошол жылга чейин азыркы формада жете турган болсо да коом азыркыдай болбошу ыктымал", – деди ал.

"Ошондой эле, жалпысынан жыныстардын теңдигин кабыл алуу менен аял жетекчини кабыл алуунун ортосунда айырмачылыкты да белгилеп өтүү кажет", – деп кошумчалады ал.