Жапаров "Унаадагы" реформа тууралуу дагы бир жолу түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаров "Унаа" ишканасында жасалып жаткан реформа боюнча мамлекеттик "Кабар" агенттигине маек куруп, жеке автомектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирип сурады.
Ал "Кумтөр" кени ийгиликтүү иштеп, Камбар-Ата – 1 ГЭСи жана башка ГЭСтер курулуп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу салынып жатканын, чек ара маселесине чекит коюлганын, аэропорттор толук ишке кирип, учактар сатып алынганын, МИК аркылуу элге 25 жылга чейин үйлөр берилип, эмгек акы көбөйгөнүн, армия күчтөнгөнүн айтып, бул реформалардын жанында "Унаа" ишканасында жасалып жаткан реформа өтө маанилүү орунга чыкканын белгиледи.
"Эми дал ушул иштердин баарын бириктирип карасак, баары бир тең дагы, "Унаа" ишканасында жасап жаткан реформабыз бир тең. Себеби бул реформа мамлекеттин башкы байлыгы болгон адам өмүрүнө түздөн-түз тиешеси бар маселе. Жол кырсыгынан каза болгондордун статистикасын баарыбыз эле көрүп турабыз. Абал жакшы эмес. Жылына миң адам каза болгону жакшыбы?!Жол кырсыгынан согуш учурундагыдан да көп адам көз жумуп жатат. Бири баласын жоготсо, дагы бирөө жетим болуп калып жатат. Бүтүндөй үй-бүлөсү менен каза болуп калган учурлар да бар. Майып болуп калгандары канча?!Жылына 10 миңге жакын адам жаракат алат. Анын жарымы майып болуп калып атышат. Биз буга жол бербешибиз керек. Тезинен чара көрүп, реформа жасабасак, абал жыл сайын оорлошуп кете берет. Азыр бир чыдап тармакты оңдоп алалы. Албетте, дароо эле баары жакшы болуп кетпейт. Кемчиликтер болот. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет", - деген Садыр Жапаров.
Президент азыр катуу эрежелерди киргизип реформа кылган соң, адам өлүмү азаярын белгилеген. Ал коомчулукту бул өзгөрүүлөрдү колдоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырган:
"Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы. "Окуду" кылып справка берип, "өттү" кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө".
Жапаров окуу мөөнтүн 10 ай кылууда дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынын белгилеген.
Кыргызстандагы жеке автомектердин ээлери 23-январда айдоочуларды кабыл алган бирдиктүү электрондук база жабылып калып, иши толугу менен токтоп калганына байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан.
Алар 26-27-январь күндөрү Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына барып, түшүндүрмө талап кылышкан. Айрымдары Жогорку Кеңеш депутаттарына да барып, арызданышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан соң эки ишкерге "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен алардын бирин, "Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу 28-мартка чейин камакка алган.
Бийлик айдоочулук күбөлүк алууга окуткан жеке менчик автомектептерди жаап, ордуна мамлекеттик мекемелерди ачуу жана окуу мөөнөтүн 10 айга узартуу чечимин кабыл алган.
Айдоочуларды окутуу маселеси 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Бир катар депутаттар аларды он ай окутуу туура эместигин билдирген.
Президент Садыр Жапаров реформага сын айткан депутаттарды популизмге айыптаган. Кийин депутат Кундузбек Сулайманов менен спикер Нурланбек Тургунбек уулу президентке жооп кайтарган. Көп узабай спикер бийлик бутактарынын ортосундагы маселени президент менен сүйлөшкөнүн, жыйынтык чыгарылып, ынтымак-ырашкерлик болушу керектигин айткан.
































