АКШнын Иранга жасаган соккусу: дүйнө жана араб өлкөлөрүнүн реакциясы

Жаңылыктар бөлүмү, Би-Би-Си орус кызматы

Израилде АКШнын аракеттерин кубаттоодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилде АКШнын аракеттерин кубаттоодо

Кошмо штаттардын Иранга жасаган соккулары дүйнө коомчулугунда түрдүү реакция жаратты. АКШны буга чейин эле сындап келген өлкөлөр жана араб дүйнөсү өзөктүк объектилерге жасалган түнкү чабуулдарды кескин айыпташты. АКШнын салттуу өнөктөштөрү — Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия дагы тынчтыкты жана сүйлөшүүлөрдү колдоп чыгышты, бирок Иран дүйнөгө чындыгында коркунуч жаратып келгенин белгилешти.

Израилдин премьер-министри бул чечимди тарыхтагы бурулуш учур катары мүнөздөп, бул Жакынкы Чыгышты тынчтыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жаңы дооруна жакындатары мүмкүн экенин билдирди.

Биньямин Нетаньяху элге жасаган кайрылуусунда: "Тарых барактарында президент Трамп дүйнөдөгү эң кооптуу режимди эң коркунучтуу куралдан ажыратуу үчүн чечкиндүү кадам таштаган деп жазылып калат", — деди.

Ал бул соккулар Американын күчү жана артыкчылыгы теңдешсиз экенин көрсөткөнүн кошумчалады.

Нетаньяху израилдиктерге кайрылып, Ирандын өзөктүк объектилерин жок кылуу боюнча берген убадасы аткарылганын билдирди.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер: "Иранга эч качан өзөктүк курал жасоого жол берилбеши керек жана АКШ бул коркунучту азайтуу үчүн чечкиндүү кадам жасады", – деди.

Стармер Иранды жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми АКШ дүйнө коомчулугуна коркунуч туудурган коркунучту азайтуу үчүн чара көргөнүн айтты. Ал Иран "эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу керек" экенин кайталап, өлкөнү сабырдуулукка жана кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку ургандан кийин бардык тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырды.

"Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек. Бардык тараптарды чыңалууну күчөтпөй, сүйлөшүү жолуна кайтууга жана кырдаалды мындан ары курчутууга жол бербөөгө чакырам", — деп жазды Каллас X социалдык баракчасына.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен да ушул эле платформага:

"Иран эч качан өзөктүк бомбага ээ болбошу керек. Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп турган учурда эң башкы максат — туруктуулукту сактоо. Эл аралык укуктун сакталышы — буга жетишүүнүн негизги шарты", – деп жазды.

"Азыр Иран үчүн ишенимдүү дипломатиялык чечим издей турган учур келди. Кризисти токтотуунун жалгыз жолу — сүйлөшүү", — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

"Франция бул маселени толук чечүү үчүн "Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө" келишимдин алкагында макулдашылган чечимге жетүү зарыл деп эсептейт", — деп жазды Х социалдык түйүнүндө Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро.

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Уинстон Питерс:

"Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттердин уланышы катуу тынчсыздануу жаратат

жана мындан аркы чыңалууну болтурбоо өтө маанилүү. Жаңы Зеландия дипломатиялык жол менен жөнгө салууга багытталган аракеттерди толук колдойт. Биз бардык тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырабыз. Дипломатия мындан аркы аскердик аракеттерге караганда туруктуураак чечимге алып келет", – деди.

Чечкиндүү айыптоолор

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш бул окуяны кооптуу чыңалуу жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка түздөн-түз коркунуч катары мүнөздөдү.

"Бул кагылышуунун көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу күндөн күнгө күчөп, анын кесепети жөнөкөй жарандар, чөлкөм жана бүтүндөй дүйнө үчүн кыйратуучу болуп калышы мүмкүн", — деди ал.

Уюмдун Баш катчысы БУУга мүчө мамлекеттерди жаңжалдуу басаңдатууга көмөктөшүүгө чакырып, башаламандыкка алып келчү жараяндын алдын алууну суранды: "Аскердик чечим жок. Алдыга карай жалгыз жол — бул дипломатия. Жалгыз үмүт — бул тынчтык".

АКШга дайыма каршы чыгып жүргөн мамлекеттер да Вашингтондун аракетин сындады. Алардын арасында Куба жана Венесуэла да бар.

"Бул агрессия БУУнун Уставын жана эл аралык укукту олуттуу түрдө бузуп, адамзатты орду толгус кесепеттерге алып келчү кризиске түртүп жатат", — деп жазды Кубанын президенти Мигель Диас-Канель X платформасындагы баракчасына.

Ал эми Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Гил Телеграм каналына:

"Венесуэла АКШнын Иранга жасаган аскердик агрессиясын айыптап, аскердик аракеттерди дароо токтотууну талап кылат. Өлкө АКШнын куралдуу күчтөрү жүргүзгөн бомбалоону чечкиндүү жана кескин түрдө айыптайт", – деп жазды.

"Суверендүү мамлекеттин аймагына ракета жана бомбалар менен сокку уруу жоопкерчиликсиз чечим. Кандай негиздеме менен болбосун, бул эл аралык укукту, БУУнун Уставын жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын одоно бузуу болуп эсептелет. Буга чейин Коопсуздук Кеңеши мындай аракеттерди бир жактуу түрдө жол берилгис деп тааныган", — деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Орусия ТИМи соккуларды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон өлкө жасаганы өзгөчө кооптондурарын кошумчалады.

Тегерандагы Израилге каршы билборд

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы Израилге каршы билборд

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи буга чейин дүйшөмбү күнү Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрүүгө үмүт артарын айткан.

"Мен бүгүн Москвага баратам, эртең менен президент Путин менен жолугам. Орусия Ирандын досу, биздин стратегиялык өнөктөштүк мамилебиз бар. Биз ар дайым бири-бирибиз менен кеңешип, өз ара позицияларыбызды координациялап турабыз. Эртең мен Орусиянын президенти менен олуттуу кеңешмелерди өткөрөм, мындан ары да кызматташууну улантабыз", – деди министр.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге жасаган соккуларын катуу айыптай турганын билдирип, бул аракеттер Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтөрүн кошумчалады.

"Кытай бардык тараптарды, өзгөчө Израилди, мүмкүн болушунча эртерээк ок атышууну токтотууга чакырат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ал эми Чилинин президенти Габриэль Борис да АКШнын аракеттерин мыйзамсыз деп атады.

"Чили бул чабуулду айыптайт. Күчкө ээ болуу аны адамзат өзү үчүн бекиткен эрежелерди бузуу жолу менен колдонуу дегендик эмес. Бул АКШга да тиешелүү", — деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

Араб дүйнөсүнүн реакциясы

Араб дүйнөсүндөгү өлкөлөр негизинен АКШнын Иранга жасаган бомбалоосун айыптап, чыңалууну токтотууга чакырууда. Ошол эле учурда араб дүйнөсүндө да Америка Кошмо Штаттарынын бир топ өнөктөштөрү бар.

АКШ менен коопсуздук жаатында тыгыз кызматташып, чөлкөмдөгү эң жакын союздаштарынын бири саналган Сауд Арабиясы Ирандын суверенитетинин бузулушун айыптап, "сабырдуулуктун зарылдыгын" белгиледи. Ошондой эле эл аралык коомчулукту кыйчалышкан кырдаалда саясий чечимге жетишүү үчүн күч-аракеттерин эки эсе көбөйтүүгө чакырды.

Бахрейнде АКШнын ири аскер-деңиз базасы жайгашкан. Жаңжал курчугандан кийин ал жерде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин көбү үйдөн иштөөгө жөнөтүлдү.

Америкалык базалар жайгашкан Ирак да чабуулдарга терең тынчсызданып жатканын жана чечкиндүү түрдө айыптай турганын билдирди. Өкмөттүн өкүлү Басим Алавади бул аракеттерди "Жакынкы Чыгыштагы тынчтык менен коопсуздукка олуттуу коркунуч" катары сыпаттады.

АКШ менен Тегеран ортосундагы өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук ролду ойногон Оман АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерге жасалган соккуларын кескин айыптады.

Катардын Тышкы иштер министрлиги учурдагы "кооптуу чыңалуу аймактык жана эл аралык деңгээлде кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн" деп эскертти. Мекеме бардык тараптарды ушундай татаал мезгилде акылмандыкты жана токтоолукту көрсөтүүгө чакырды.

Египет болсо "чөлкөм мындан дагы чоңураак башаламандык менен чыңалууга батып кетүү коркунучунда" экенин эскертип, кризистен чыгуунун жалгыз жолу — саясий чечимдер жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр экенин, аскердик аракеттерден он майнап чыкпай турганын кошумчалады.

Ливандын президенти Жузеф Аун Ирандагы өзөктүк объекттерге бомба таштоо чыңалуунун мындан ары күчөтүп, бир нече аймактар менен өлкөлөрдө коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенине тынчсызданды.

Хуситтердин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бухейти "Аль-Жазира" телеканалына берген интервьюсунда: "АКШга жооп кайтаруу убакыт маселеси гана" деп билдирди.

"Биз өзүбүзгө же башка ислам өлкөлөрүнө каршы жасалган ар кандай агрессияга жооп беребиз. Араб жана ислам элдери аракет кылышы керек, анткени АКШ бүтүндөй Жакынкы Чыгышты өзгөртүүнү көздөйт. Иран бул маселеге кийлигишүүнү суранган жок, бирок биз алардан аракет кылууну талап кылышын күтпөйбүз", – деди аль-Бухейти.

Анын айтымында, "АКШнын Иранга каршы агрессиясы чыңалууну өрчүтүп, аймактык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратат.

"Биз Иранды колдой турганыбызды жарыялайбыз", — деп кошумчалады ал.

Иран демөөрчүлүк кылган башка топтор да ушул сыяктуу эле пикирлерин билдиришти.

"АКШнын Иранга каршы агрессиясы кооптуу чыңалуу, баскынчылардын чечимине баш көтөрбөй моюн сунуу жана эл аралык укуктун ачык бузулушу дегенди билдирет. Биз Иранга, анын жетекчилигине жана элине тилектештик билдирип, Ирандын өз суверенитетин коргой алаарына толук ишенебиз", – деп билдирди ХАМАСтын өкүлү.

Бул арада Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израил жаңжалынын курчуп баратканына өлкө терең тынчсызданып жатканын билдирип, жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка өтө терс таасирин тийгизерин белгилдеди.

Бул тууралуу ал Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясында сөз сүйлөп жатып айтты.

Кыргызстандын ТИМи тараткан билдирүүдө Кулубаев кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилегени жана жаңжалды жалаң тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгышта бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырганы жазылган.

Жекшембиге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Американын Аба күчтөрү Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы үч маанилүү өзөктүк объектилерине "ийгиликтүү чабуул" жасалганын кабарлаган. Ал уранды байытуу боюнча Ирандын эң ири заводдору толугу менен жок кылынын билдирген. (АА)