Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелген Абдыровдун тергөө абагында өлгөнү тастыкталды

Коллаж

Сүрөттүн булагы, social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

11-класттын окуучусу Айсулуу Мукашеваны өлтүрүү шеги менен камалган Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Би-Би-Сиге бул маалыматты ырастады. Бирок окуя тууралуу кенен маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Буга чейин бир нече жергиликтүү басылма шектүү Кумарбек Абдыров абакта өзүн-өзү асып алганын жазып чыгышкан.

Былтыр 30-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан тапканын кабарлаган.

Милиция шектүү катары тоноо, адам өлтүрүүгө аракет жасоо, киши өлтүрүү, адам уурдоо, каракчылык айыбы боюнча мурда соттолгон 41 жаштагы Кумарбек Абдыров аттуу жаранды кармаган. Алдын ала сурак учурунда ал кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.

Кийинчерээк Айсулуунун өлтүрдү делген жаран жалпысынан жети кылмыш иши боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, төрт кыз зордукталып өлтүрүлгөн, эки кыз аман калган, дагы бир кыздын жагдайы белгисиз болгон.

Кеп болгон курмандыктардын арасында 2014-жылы 10-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, алты күндөн кийин Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылында сөөгү табылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева да бар экени айтылган.