"Мен бул жакка "кожо көзүнө" келген жокмун". Сириялык жалгыз аял министр өзгөрүүлөргө ишенет

- Author, Лиз Дюсет
- Role, Би-Би-Синин Эл аралык иштер боюнча башкы кабарчысы
- Author, Лина Шайхуни
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
- Reporting from, Сирия
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
"Биринчи эле күнү эмне себептен бул жерде башка аялдар жок деп сурадым", - дейт Хинд Кабават.
Кабават – Сириянын социалдык маселелер жана эмгек министри, өткөөл өкмөттөгү жалгыз аял министр. Бул өкмөт өлкөнү согуштан тынчтыкка карай оор жолдо жетектөө милдетин алган.
Өткөөл өкмөт иштей баштаган алгачкы айлар миңдеген адамдын өмүрүн алган конфессиялар ортосундагы кагылышуулар менен коштолду. Сириядагы азчылыктардын басымдуу бөлүгү бул кагылышуулар үчүн өкмөттүк күчтөрдү күнөөлөп жатышат.
Буга чейин Кабават оппозициянын бозгунда жүргөн лидери болчу. Кабават Асад качып кеткенден кийин бийликке келген жаңы өкмөт көп ката кетиргенин мойнуна алды. 2024-жылдын 8-декабрында азыркы президент Ахмед аль-Шараанын козголоңчу күчтөрү баш калаага кирип келип, Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн ондогон жыл бою ырайымсыз диктатурасын кулаткан болчу.
Анткен менен ал "өткөөл мезгилде каталар сөзсүз болот" деп ырастайт.
Кабават министрлер кабинетинин курамына башка аялдарды дайындабаганын убактылуу президент аль-Шараанын эң чоң каталарынын бири деп эсептейт. Кабаваттын айтымында, аль-Шараа келечекте өкмөттө аялдар көбүрөөк болот деп ишендирген.

Сүрөттүн булагы, Syrian Presidency
Өткөөл өкмөт негизинен президенттин жакын санаалаштарынан жана мурдагы согушкерлерден куралган. Ушундан улам Кабават бир нече кызыкчылыктар менен көйгөйлөрдүн ортосунда тең салмактуулукту издөөгө мажбур.
Биз BBC Global Women үчүн атайын репортажды даярдоо үчүн Кабаватты коштоп жүрдүк жана анын милдетине кирген маселелердин чөйрөсү өтө кеңири болгонун өз көзүбүз менен көрдүк. Министрдин көңүл чордонунда Сириянын эң аярлуу калкы – жетим-жесирлер, ошондой эле Асаддын режими маалында дайынсыз жоголгон он миңдеген адамдын үй-бүлөлөрү турат.
Чукул арада чечилиши керек болгон дагы бир маселе бар: дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуштан улам өлкөнүн ичинде жер которгон миллиондогон адам үчүн жумуш жана жашаганга үй таап бериш керек, ошондой эле жамааттардын ортосунда тиреш чыккан жерлерден качкандардын түйшүгүн жеңилдетүү зарыл.
Талкаланган өлкөдө бардык нерселер өтө зарыл болуп турат. БУУнун маалыматы боюнча, сириялыктардын 90% жакырчылыктын чегинде жашап жатат.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Январдын башында Кабават чукул түрдө түндүктөгү Алеппо шаарына барып, миңдеген адам баш калкалап жаткан жайларды кыдырып чыккан. Бул адамдар өкмөттүк күчтөр менен Сириянын түндүк-чыгышында бир нече жыл бою үстөмдүк кылып келген күрддөрдүн Сириянын демократиялык күчтөрүнүн (SDF) ортосундагы кагылышуусунан кийин Алеппого качышкан эле.
Өткөн жайда министр негизинен друздар жашаган түштүк шаарга гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган. Бул жерде друздар менен бедуин урууларынын, ошондой эле Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосунда кандуу кагылышуулар болгон.
Кабават ошондой эле аскер формачан куралчан кишилер зордуктады деп айыптаган алавит аялдын үй-бүлөсү менен да байланышты. Бул аял – Асаддын үй-бүлөсү сыяктуу эле шиит диний жамаатына кирген алавит.
Ошол эле учурда Кабаватты Сириядагы ар кандай жамааттардын ортосундагы кастыкты жок кылуу үчүн дагы көп иштерди жасай алмак деп сындап келишет.
Биз Кабаваттан "өкмөт конфессиялардын ортосундагы зомбулукту токтотууда ката кетирдиби?" деп сурадык.
"Өткөөл мезгилде жаңжал бүткөндө каталар болот; эч ким буга ыраазы эмес, анын ичинде президент да", - деп жооп берди ал.
Бирок министр иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн, азыр "бул кылмыштарды жасагандардын көбү түрмөдө отурганын" баса белгиледи.
Ишенимди жана тынчтыкты кантип куруу керектигин түшүнүү Кабаваттын кесипкөй жашоосунун басымдуу бөлүгүн аныктады. Сирияда, Ливанда, Канадада жана АКШда университеттерде билим алган Кабават жарандык согуш маалында сүргүндөгү сириялык оппозицияда башкы ролду ойногон юрист жана сүйлөшүүчү.
Кабават диалогду өзүнүн негизги куралы деп эсептейт.
"Элүү жылдык диктатурадан кийин адамдар "биз силерге ишенебиз" деп айтышы үчүн убакыт керек", - деген Кабават ишеним адамдардын ортосунда да, бийлик менен коомдун ортосунда да зарыл экенин баса белгиледи.

Биз министр менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясынын борборуна жолго чыктык. Идлиб – бул аль-Шараанын жетекчилиги алдында "Хайат Тахрир аль-Шам" күчтөрү көзөмөлдөгөн козголоңчулардын мурдагы чеби.
Жарандык согуш маалында Кабават Tastakel уюму менен иштеген. Бул уюмду Кабават өзү негиздеп, аны аялдар жетектейт. Бул аталышты араб тилинен болжол менен "көз карандысыздыкка ээ болуу" деп которсо болот. Бул анын жаңы Сирияны куруу философиясын так чагылдырып турат.
Зал Сириянын булуң-бурчунан келген ар кандай курактагы аялдарга жана бир нече эркекке жык толгон. Алар эски тартип аяктаганын майрамдашып, ошол эле учурда чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын ролун күчөтүү стратегиясын талкуулап жатышат.
Кабават үчүн бул биринчи кезекте жоопкерчилик маселеси.
Жаңы өткөөл парламентке – Элдик чогулушка жакында өткөн түз эмес шайлоодо Идлибден бир дагы аял шайланган жок. Жалпысынан өлкө боюнча аялдар мандаттардын 4 пайызын гана алышты.
"Силер биригип, жок дегенде бир-эки аялдын шайланышын камсыз кылуу үчүн саясий жактан көбүрөөк сабаттуу ойлонушуңар керек эле", - деп жемеледи ал жыйындын катышуучуларын.

Бөлмөдө билимдүү, өзүнө ишенген аялдардын кубаттуу энергиясы сезилип турду – айрымдары хижаб кийип отурса, башкалары толугу менен паранжага оролгон, ал эми биринин, анын ичинде Кабаваттын өзү да жылаңбаш отурушту.
Сирияда аялдардын жүзү ар дайым дал ушундай көп түрдүү болгон – бул өлкөнүн коомун адатта көптөгөн салттын мозаикасы катары сүрөттөшөт. Исламдын суннит багытын карманган аль-Шараа жана анын тарапкерлери катаал шариаттын ченемдерин киргизет деген алгачкы кооптонуулар негизинен ишке ашкан жок, бирок коомчулуктун айрым бөлүгү дагы эле тынчсызданууда.
"Ал-Каиданын" мурдагы командири, андан соң исламчыл козголоңчулардын лидери аль-Шараа аскердик формасын батыш стилинде тигилген костюмга алмаштырып, учурда өзүн прагматик адам катары көрсөтүүдө.
Кабават өткөн жылдын март айында өкмөттүн курамын жарыялаган биринчи күнү эле президент министрлер кабинетинде аялдар көбүрөөк болот деп ишендиргенин айтты.
Өкмөттүн курамында ал болгону "декоративдүү фигура" деген ар кандай сөздөрдү Кабават чечкиндүү түрдө четке кагат:
"Мен бул жакка "кожо көзүнө" келген жокмун. Өз милдеттеримди аткарып жатканда өзүмдү христиан да, аял да сезбейм. Мен өзүмдү Сириянын жараны катары сезем. Мен өзүмдү азчылык же аял катары сезе баштаганда мен легитимдүүлүгүмдү жоготом", - дейт Хинд.

Сүрөттүн булагы, Nabieha Altaha/Anadolu via Getty Image
Идлибдеги конференцияда өзгөрүп келаткан коомдун белгилери пайда боло баштады. Кабаватты толкунданган кыз-келиндер курчап алып, аны менен сүйлөшүп жатышты. Бул аялдар – Tastakel курстарында билим алган анын мурунку студенттери.
Алардын бири Сивар: "Биз Кабават үйрөткөн вазыйпаны аткарып, даяр болушубуз үчүн көбүрөөк тажрыйба топтогонго аракет кылып жатабыз", - деди.
Кабават Гуфран аттуу дагы бир кыздын сөзүн колдоп турду: "Же биз толук бийлик берилген, чечимдерди кабыл ала турган мейкиндикти ээлейбиз, же болбосо бул мейкиндикте таптакыр болгубуз келбейт".
Өтө эскичил көз карашта деп эсептелген Идлибде да мурунку муундун аялдары согуш учурунда жарандык коомдо лидерлик ролду ойноп келишкен.
Алардын бири, өзүнө ишенген жана салмактуу сүйлөгөн Ахлам ал-Рашид бүгүнкү күндө провинциянын өкмөтүндө социалдык иштер боюнча директор.
Дээрлик он жыл мурун, 2017-жылы ал Сириядагы аялдардын укуктарын сүрөгөн иши үчүн Би-Би-Синин "100 аял" тизмесине кирген.
Анын айтымында, жарандык согуш маалында аялдар "ар түрдүү чөйрөлөрдүн, анын ичинде саясаттын, гуманитардык жардамдын, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун башында турушкан".

Биз шаардын четиндеги чатырлардан жасалган лагерге жол тарттык – бул жерде ал-Рашиддин айтымында, сириялык аялдар туш болгон эң чоң көйгөй анык болуп турат.
Өлкөнүн булуң-бурчунда ачылган башка көптөгөн лагердей эле бул жерде да үйлөрү урандыга айланган миллиондогон сириялык баш калкалашууда.
Кабават аны тосуп алуу үчүн тизилип турган салттуу кийимчен эркектер менен учурашты. Андан кийин ал түз эле балдар менен аялдарды көздөй жөнөдү.
Чатыр мечиттин ичинде, ал жерге отуруп алып аялдардын (алардын көбү жесирлер) арыз-муңун уга баштады. Бул аялдар эч кимден жардам болбой жатканын, жакырчылыкта, азаптуу күндөрдү өткөрүп жатканын айтышты.
Кабават аялдарга суроо узатты: "Ким эл аралык рынокто сатыла турган буюмдарды колго жасаганды үйрөнгүсү келет?". Баары кол көтөрүштү.
Аялдар, балдар менен сүйлөшүп, Кабават өзүнөн кийин күлкү, тамашаны калтырып, ал тургай бул адамдарда үмүт отун жандырып жолго чыкты. Бирок алар абдан муктаж болуп жаткан чыныгы жардамды сунуштай алган жок.

Кийинчерээк мен Кабаваттан оппозицияда жүрүп, бирок ушул кезге чейин чатырда жашап жатканына нааразы болгон кишиге эмне деп айтканын сурадым.
"Албетте, анын айткандары туура. Мен алардын азабын сезип жатам", - деди ал. Кабават "эл аралык коомчулуктун бирдиктүү аракеттери" өтө зарыл болгонун баса белгиледи.
Жооп катары донорлор өкмөттөн тез арада жаңы укуктук системаны түзүп, ачык-айкындуулукту камсыз кылышын күтүп жатканын эске салдым.
"Албетте, алардын талаптары туура эмес, - деп кескин жооп берди Кабават. – Биз толугу менен талкаланган өлкөнүн башына келдик, учурда жаңы өлкөнү түзүүгө жардам бере турган мыйзамдардын үстүнөн иштеп жатабыз, бул убакытты талап кылат".
Аль-Шараанын жакын чөйрөсү көмүскө өкмөт түзүп, министрлерди өз орун басарларын дайындоо укугунан ажыратып жатат деген маалыматтар тууралуу сураганымда Кабават ого бетер катаал жооп кайтарды.
"Мен өзүмдүн орун басарымды дайындай албай, өз стратегиямды иштеп чыгууга укугум болбогонун көрөр замат бул кызматты таштап кетем. Мени эч ким көзөмөлдөгөн жок", - дейт ал.
"Аль-Шараа бир тарапка гана таяна албайт", - деп кошумчалады ал.
"Эгерде президент бардык сириялыктардын муктаждыктарын эске албаса жана өкмөттө ар түрдүү адамдарды бириктирбесе, биздин келечегибиз болбойт", - деди Хинд Кабават.

Асаддан кутулган Сирия көптөгөн өлкөдөн жүз миллиондогон доллар жардам алды.
АКШнын кысымы менен өлкөдөн эл аралык санкциялар алынды.
Анткен менен Дүйнөлүк банктын эсебинде, Сириянын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн эле бери дегенде 200 миллиард доллар керек.
Биз Кабаваттын кооз жасалгаланган конок бөлмөсүндө отурабыз. Бул бөлмөдө үй-бүлөлүк сүрөттөрдү жана жаңы Сириянын желектерин көрүүгө болот. Бир саамга Кабават өзүн кармай албай калды.
"Мен адамдардын азап чегип жатканын көрүп, бул үчүн жоопкерчиликти сезип жатам", - деп мойнуна алды ал көзүнүн жашын сүртүп.
Анын айтымында, адамдарга жардам берүү үчүн ресурсу болбогондон кийин эмнеге ушул ишке макул болгону үчүн өзүн-өзү жемелейт экен.
Эшиктин артынан үндөр угула баштады. Кабаватты дагы бир делегация күтүп жатат.
"Халас [арабча "жетишет" дегенди билдирет], ыйды токтотолу. Жаңы күн башталды, кайрадан ишке киришиш керек", - деди ал.
(ZMa)
































