Франция кайрадан премьер-министрсиз калды. Мындан ары эмне болот?

Француз өкмөтүнүн башчысы катары Франсуа Байрудан кийин келген Себастьян Лекорню (оңдо) бул кызматта болгону 27 күн иштеди

Сүрөттүн булагы, Benjamin Girette/Bloomberg via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Француз өкмөтүнүн башчысы катары Франсуа Байрудан кийин келген Себастьян Лекорню (оңдо) бул кызматта болгону 27 күн иштеди

Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню кызматынан кетти. Ал бул кызматка бир айга жетпеген убакыт мурда, 9-сентябрда келип, өкмөттүн бир дагы жыйынын өткөрүүгө үлгүргөн жок. Президент Эммануэль Макрон эми жаңы талапкерди издеши керек. Өлкө узакка созулуп келаткан саясий кризистен эч чыга албай жатат.

Лекорню эмне үчүн кызматтан кетти?

Негизги себеби буга чейинкилердин дал өзүндөй. 2024-жылдын жайында ашкере оңчул "Улуттук бирикменин" шайлоодогу жеңишинен кийин Эммануэль Макрон Улуттук ассамблеяны таркатып, жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу чечимди кабыл алган. Ошондон бери Францияда саясий кризис уланып, анын аягы көрүнбөй келатат.

2024-жылдын июль айында Макрондун ишенимдүү адамы Габриэль Атталь премьер-министрликтен кеткен (бирок иш жүзүндө ал өкмөттү сентябрга чейин жетектеди).

Анын ордуна 2024-жылдын сентябрынын башында бул кызматка оңчул "Республикачылар" партиясынын өкүлү Мишель Барнье келген. Туура эки айдан кийин Барньеге Улуттук ассамблея ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ал да отставкага кеткен.

Барньеден кийин бардык тараптар үчүн эң компромисстик талапкер катары Франсуа Байру келген. Ал бул кызматта ушул жылдын сентябрына чейин гана кармалды: Байру бюджеттин долбоорун өткөрө алган жок жана парламентте өз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин өзү көтөргөн.

Макрон мүмкүн болгон бардык талапкерлердин ичинен Себастьян Лекорнюну тандаганда, анын бул чечимине бир кыйла кайдыгер реакция байкалган. Саясатчылар жана журналисттер бул жолу президент өкмөттү өзү жетектөөнү чечкенин айтып чыгышкан: Лекорню толугу менен Макрондун эркин аткарган, анын эң ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет.

Лекорню бир эле учурда бир нече "рекордду" коё алды. Ал премьер-министр болуп 27 күн иштеди (буга чейин өкмөттү эң кыска башкарган (99 күн) премьер-министр Мишель Барнье болгон). Ошол эле учурда Лекорню өзүнүн кабинетин түзүүгө рекорддук узак убакытты сарптаган – 26 күн (ошол эле Барнье муну менен 17 күн алектенген). Figaro гезити жазгандай, "министрлер өз кабинеттерине киргенге да үлгүрүшкөн жок".

Франция

Сүрөттүн булагы, AFP

Узакка созулган ой жүгүртүүлөр саясий чатакка жана Лекорнюнун отставкасына гана алып келди. Бул жолу өзгөчө көп нааразычылыкты "Республикачылар" билдиришти. Бул президентти колдогон блоктун тышында ушунча айдан бери кандай гана болсо да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр жалгыз партия болчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маселе министрлер кабинетинин курамында болду: Лекорню менен Макрон эски өкмөттү сактап калууга умтулушту. Экономика министри Брюно Ле Мэрди Коргоо министрлигине которушту, негизги министрлер өз кызматтарын сактап калышты, мисалы, Жеральд Дарманен юстиция министри, Жан-Ноэль Барро тышкы иштер министри, ал эми Брюно Ретайо ички иштер министри бойдон калышты. Өкмөттүн бул курамы буга чейинкисине "куюп койгондой эле окшош" деп социалисттердин лидери Оливье Фор нааразы болду.

Жаны кризистин башкы каарманы — ички иштер министри, "Республикачылардын" лидерлеринин бири Брюно Ретайо. Акыркы жумада чыңалуу улам күчөй берди: Ретайо Лекорнюдан иммиграциялык саясаттын планын талап кылып жатты. ИИМдин башчысы бул талаптарды дүйшөмбү күнү коюп, бейшемби күнү гана жооп алды. Ретайо өкмөт башчынын жайбаракат ишине да, анын бүдөмүк жообуна да ичи чыкпай, кыжырданганын жашыра алган жок. "Биз Себастьян Лекорнюдан салыктарды көтөрбөстөн жана иммиграцияга көзөмөлдү күчөтпөстөн мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга тиешелүү конкреттүү милдеттенмелерди күтөбүз", - деп айткан эле "Республикачылардын" өкүлү Аньес Эврен.

Брюно Ретайо уланып жаткан кризис үчүн жоопкерчиликти президент Макронго жүктөдү

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюно Ретайо уланып жаткан кризис үчүн жоопкерчиликти президент Макронго жүктөдү

Өкмөттүн курамын жарыялаган учур акыркы тамчы болду. Коргоо министринин кызматына Брюно Ле Мэр дайындалды. "Республикачылар" муну жаакка чабуу катары кабыл алышты – Ле Мэр оңчулдардын кыжырын өзгөчө келтирген саясатчы. Ле Мэр 2017-жылы партиянын позициясына каршы чыгып, Макронду колдогондон кийин "чыккынчы" деп аталып, "Республикачылардын" катарынан чыгарылган. Министрлердин тизмеси белгилүү болгондон кийин Ретайо өкмөттүн ишине катышпай турганын билдирди – "Республикачылар" Макрондун тарапташтары мунаса табуунун ордуна министрлер кабинетиндеги позицияларын гана бекемдей алышты деп баалашты.

Жаңы премьер-министр ким болот?

Ар бир жаңы отставкадан кийин бул суроо экинчи орунга жылып келет. 2024-жылдын жай мезгилинде кезексиз шайлоодон кийин анда жеңишке жеткендер – курамына байистүү социалисттер кирген солчул "Жаңы элдик фронт" жана радикалдуу "Багынбаган Франция" өкмөттөгү кызматтарга үмүт артып жатышкан. Бир жылдан кийин оңчулдар да, солчулар да Макрон өз тарапкерлерине гана артыкчылык берип, аларды ар дайым обочодо калтырып келатканын түшүнүштү.

Мындан тышкары, кызматка келүүнү каалагандар да азайып баратат. Борборчул Франсуа Байру, оңчул Брюно Ретайо, ашынган оңчул Жордан Барделла 2027-жылга белгиленген президенттик шайлоого даярданып жатышат. Мына ушундай кырдаалда бюджети бекитилбеген, парламенти тил табыша албаган, социалдык көйгөйлөрү чечилбеген өкмөттүн башына келүү – душманыңа да каалабай турган кызмат.

Бул арада өкмөттүн легитимдүүлүгүнө тиешелүү адаттан тыш көйгөй чечилүүгө тийиш. Саясий кризис Францияга жаңы рекорддорду гана эмес, ошону менен бирге юридикалык казусту да жаратты. Кызматтан бошотулган өкмөт жаңы министрлер кабинети дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну улантып келген. Бирок бул жолу ал расмий жарлык чыкканга чейин эле ыдырап кетти, ошондуктан, конституциялык укук боюнча адистер де-юре ким аткаруу бийлиги болуп саналаарын түшүнүүгө аракет кылып жатышат.

Франциянын саясий күчтөрү өкмөттүн отставкага кетишин кандай кабыл алышты?

Социалисттик партиянын биринчи катчысы Оливье Фор гана Себастьян Лекорнюга жылуу сөздөрүн ыраа көрдү. "Бул өлкөдө жок дегенде бир голлист калдыбы деп өзүмө суроо узаттым. Бирөө бар эле, ал да намысы менен отставкага кетти", - деп жазды ал.

Калган саясий күчтөр негизинен Макронду өзү тереңдетип жиберген саясий кризистен эч кандай жыйынтык чыгара албаганы үчүн жемелешти. Президентти колдогон партиялар гана "ушундай кыйын мезгилде" өлкө үчүн жоопкерчиликти баары алышы керектиги тууралуу бүдөмүк билдирүүлөрдү жасашты.

“Багынбаган Франциянын” лидери Жан-Люк Меланшон кайрадан Макронду кызматтан кетүүгө үндөдү

Сүрөттүн булагы, Adnan Farzat/NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Багынбаган Франциянын" лидери Жан-Люк Меланшон кайрадан Макронду кызматтан кетүүгө үндөдү

Радикалдуу саясий күчтөрдүн позициясы өзгөргөн жок. Ашкере солчул "Багынбаган Франциянын" лидери Жан-Люк Меланшон мурдагыдай эле Макронду эч токтоосуз кызматтан кетүүгө үндөдү. Мындан тышкары, ал "Жаңы элдик фронттогу" убактылуу союздаштары – социалисттер менен мамилени калыбына келтирүүгө аракет кылып, бардык солчул партияларды жалпы стратегияны иштеп чыгууга чакырды.

“Улуттук бирикменин” лидерлери Жордан Барделла жана Марин Ле Пен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Улуттук бирикменин" лидерлери Жордан Барделла жана Марин Ле Пен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

Ашкере оңчул "Улуттук бирикме" мурдагыдай эле мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Бул түшүнүктүү эле: Жордан Барделланын партиясына шайлоонун дал азыр өткөнү пайдалуу, себеби ашынган оңчулдар бардык сурамжылоолордо ишенимдүү алдыда баратат. Бул жерде ошондой эле коалиция түзүүгө чакырыктар да айтылууда: андан да радикалдуу Марион Марешаль (Марин Ле Пендин жээни жана Жан-Мари Ле Пендин небереси) өзүнүн чакырыгын биринчи кезекте "Республикачыларга" жана Брюно Ретейого жолдоп, кеңири мааниде оңчул күчтөрдү бириктирүүнү зарыл деп эсептейт.

Мындан ары эмне болот?

Улам бир өкмөт башчы кызматынан кеткен сайын бул суроого жооп табуу кыйын болуп баратат. 7-октябрда бюджеттин долбоору менен тааныштыруунун акыркы мөөнөтү. Бирок бул ишке ашпай турганы анык, себеби, өкмөт болбосо, бюджет да бекитилбейт.

Дагы бир маанилүү суроо – бул убакыт ичинде Улуттук ассамблея эмне кылат? Лекорню 7-октябрда депутаттарга кайрылышы керек болчу, бирок өкмөт жок, андыктан депутаттар талкуулай турган теманын өзү да жок.

Улуттук ассамблеяда кандайдыр бир билдирүүлөр болот чыгар, бирок аткаруу бийлиги болбосо, мыйзам чыгаруучулардын өзгөчө кыла турган иши деле болбойт. "Биз эч нерсе кылган жокпуз жана бул саясий туңгуюктан чыкмайынча, эч нерсе да кыла албайбыз. Бул ачуу чындык", - деп айтты парламенттеги президентти жактаган лагердин өкүлү.

Кырдаал мындан ары начарлай турганы айдан ачык: ар бир жаңы отставка менен оппозиция радикалдаша берет, бюджет маселесинде дагы эле мунаса жок, Макронду кызматтан кетүүгө же мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө үндөп жатышат. Буга эми элдин нааразылык маанайын кошсо, кырдаал өтө эле татаал. (ZMa)