МАГАТЭ өзөктүк объектилерге кирүү боюнча Иран менен жума аягына чейин макулдашууга үмүттөнүүдө

МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси

МАГАТЭ июнь айынын ортосунан бери Иранда жогорку деңгээлде байытылган урандын көлөмү канча калганын билбей жатат. Уюмдун башчысы Рафаэль Гросси ушул жуманын аягына чейин Тегеран менен сүйлөшүп, инспекторлорду өзөктүк объектилерге киргизүү боюнча макулдашууга үмүттөнүп турганын айтты.

Гросси Reuters агенттигине курган маегинде сүйлөшүүлөр айлап, узакка созулбашы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, 13-июнда Израиль Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалагандан бери МАГАТЭ урандын көлөмү жана анын кайда экени тууралуу так маалымат ала албай калды.

Чабуулдан кийин Иран парламенти МАГАТЭ менен кызматташууну токтоткон мыйзам кабыл алган. Эми инспекторлорду киргизүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин уруксаты керек. Тегеран менен агенттик ошондон бери ишти мындан ары кандай улантуу керектигин талкуулап жатышат.

Гросси бул кырдаал узакка созулбайт деген үмүтүн билдирип, жакынкы күндөрү кандайдыр бир натыйжа чыгат деп күтүп жатканын кошумчалады.

МАГАТЭнин инспекторлору азырынча Ирандагы Бушер атомдук электростанциясына гана кире алышты. Бирок бул объект чоң мааниге ээ эмес. Адатта, ал уюмдун кварталдык отчетторуна да кирбейт.

Ирандын үч негизги өзөктүк жайы — Фордо, Исфахан жана Натанз Израиль менен АКШнын аба соккуларынан катуу жабыркаган же кыйраган. Ошол эле учурда өлкөнүн жогорку деңгээлде байытылган уран запастарынын жагдайы белгисиз бойдон калууда.

Reuters агенттигинин колуна тийген жашыруун отчетто айтылгандай, аба соккуларга чейин Иранда 440,9 кг уран топтолгон. Ал 60% деңгээлде байытылган. Курал-жарак жасоого керектүү болгон 90% чекке бир кадам эле калган. МАГАТЭнин эсептөөлөрүнө ылайык, мындай запас 10 өзөктүк бомба чыгарууга жетмек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

МАГАТЭнин маалыматына караганда, 17-майга карата Ирандын уран запасы 32,3 килограммга аз болгон.

AFP агенттиги да отчет менен таанышып чыгып, анда Ирандын МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу чечими "абдан өкүнүчтүү" деп сыпатталганын жазды.

МАГАТЭ уюмунун башчысы Рафаэль Гросси: "Жалпы түшүнүк боюнча материал ошол жерде эле болушу мүмкүн. Бирок бул текшерилүүгө тийиш. Балким, анын бир бөлүгү жоголгон чыгар", — деди. Ошол эле учурда ал ири көлөмдөгү уран башка жакка чыгарылды деген далилдер жок экенин кошумчалады.

Гросси Иран киргизген жаңы тартип кантип иштей турганы түшүнүксүз экенин белгиледи. Анткени эми инспекция үчүн Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинен уруксат алуу талап кылынат. Мындан тышкары Тегеран байытылган урандын кайда экенин жашыруун тутууну талап кылууда.

Ошол эле учурда Ирандын МАГАТЭ алдындагы эл аралык милдеттенмелери күчүндө кала берет. Өлкөнүн ички мыйзамдары аларга таасир этпейт.

Августтун аягында Улуу Британия, Франция жана Германия БУУга Иран 2015-жылкы өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин бузганын кабарлашты. Бул келишим Ирандын ядролук программасын чектөөгө багытталган жана ага жооп катары катаал санкциялар токтотулган эле. Эми үч өлкө ошол санкцияларды кайра жандантууга карай кадам жасашты.

Бирок бул дароо санкциялар калыбына келет дегенди түшүндүрбөйт. Алгач 30 күндүк кеңешмелер жүрөт, андан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши акыркы чечим чыгарат.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро бул дипломатиянын аягы эмес экенин айтты. Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Иранды сентябрь айынын ичинде МАГАТЭ менен толук кызматташууга кайтууга чакырды.

Тегеран болсо өзөктүк энергия өлкөгө тынчтык максатында гана керек деп келатат. Батыш өлкөлөрү болсо Ирандын программасы жарандык муктаждыктын чегинен чыкпайт дегенге ишенишпейт.