Франциянын экс-президенти Саркози апелляция каралганча түрмөдөн чыкты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Париж соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини апелляция каралып бүткөнгө чейин көзөмөл астында эркиндикке чыгарды. Муну Саркозинин жактоочулары эле эмес, прокуратура да суранган.
Николя Саркози Санте түрмөсүндө 20 күн отурду.
Сот чечими чыккан соң аны аялы Карла Бруни алып кетти. Экөө полициянын коштоосунда Париждин 16-округундагы үйүнө кайтышты. Экс-президентке Франциянын аймагынан чыгууга жана Юстиция министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүүгө тыюу салынды.
Сот отурумунда Саркози күнөөсүз экенин билдирди:
"Бул менин ишимдин маңызын талкуулай турган жер эмес экенин түшүнөм. Бирок Каддафиден акча сурайын деген акылга сыйбаган идея эч качан болгон эмес. Мен кылбаган ишимди мойнума албайм. Соттун бардык суроолоруна ар дайым жооп берип келгем. 70 жашымда түрмөдө отуруу эмне экенин өз башымдан өткөрөм деп эч качан ойлогон эмесмин".
Ошол эле маалда ал түрмө кызматкерлерине адамгерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.
Саркози коопсуздук максатында жууна турган жери жана дааратканасы бар бир кишилик камерада кармалып турган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын Ливиянын Муаммар Каддафи башкарган режиминин каражаттары менен каржылоо иши боюнча айыпталган.
2025-жылдын сентябрында сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. Доо арызды кароо 2026-жылдын март айына белгиленген.












