Тоо жырылып, көл толкуп...

Сүрөттүн булагы, SENTINEL-2
Тоң районунун Туура-Суу айылында эвакуацияланган беш жүз элүүдөн ашуун жаран кайра бүгүн эртең менен үйлөрүнө жеткирилди. Зындан көлүнүн нугу Тоң дарыясына бурулуп, суу көлөмү азайгандыктан жашоочуларга коркунуч жок экенин жергиликтүү бийлик Би-Би-Сиге билдирди.
Бирок, эгерде кайрадан сел каптаса, жарым саат ичинде эвакуация кылууга күчүбүз жетет дешти.
“Азыркы тапта кесепеттерин жоюу боюнча иштерди баштап жатабыз, эң башкысы - көлдөн чыккан суунун көлөмү азайып, турукташып калды. Бир аз төмөндөп жатат. Туура-Суу элин жана Тоң суусунун өрөөнүндөгү элди биз кайра үйлөрүнө кайтаруу боюнча чечим чыгардык”, - деп билдирди Тоң районунун акиминин орун басары Болот Мамбетов.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Айылдагы турак-жай жана социалдык объектилер жабыркаган эмес, дыйкандардын айдоо аянттары зыянга учураган, бирок так көлөмү азыркы тапта аныктала элек.
Бул Тоң районунда акыркы төрт күн ичиндеги үчүнчү сел болуп калды.
Адистер Зындан көлү жарылды деп айтууга эрте экенин билдиришүүдө.
Эгерде көл жарылса, көлөмү мындан дагы чоң болуп, колдо бар техникалардын күчү жетпей калышы мүмкүндүгүн айтып жатышат.
Азыркы тапта мониторинг тобу байкоо жүргүзүү үчүн кайрадан Зындан көлүнө кетти.

Сүрөттүн булагы, SENTINEL-2
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Зындан көлү жарылды дегенден алыспыз. Себеби, 2008-жылы жарылганда суунун күчү менен үйдөй болгон таштар келген. Азыр болсо, Зындан көлү тешилип, ошондон эле суу агып келип жатат деген маалымат болуп жатат. Азыр көл жарылды же жарылган жок дегенди аныкташ үчүн тиешелүү комиссия кайрадан Зындан көлүнө кетишти”, - деди Эркин Муканбетов, ӨКМдин адиси.
Зындан көлү 3760 метр бийиктикте жайгашкан. 21-августта көл тоону тешип, Тоң суусунун дээңгээли көтөрүлүп, кооптулукту жараткан.
“Зынданда үч көл бар. Бул борбордук, батыш жана чыгыш болуп аталат. Жырылып кетти деген көл батыш көлү. 19-август күнү ушундай тоо жарылып кетиши мүмкүн деп, жергиликтүү бийликке кабар бергенбиз. 20-августта космостук сүрөт тартууда жасалган анализге ылайык, суунун көлөмү 350-380 миң кубга чейин жеткен”, - ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев.
Көлдүн тоону тешип чыгышына күндүн ысып, мөңгүнүн эриши себеп болгон.
Адистердин айтымында, суу толгондо дамба же жер алдындагы түтүкчөлөр жарылып кетет.
Бийик тоолуу көлдөр мөңгүдөн пайда болот. Кыргызстанда эки миңге чукул бийик тоолу көл бар. Анын ичинен үч жүз алтымыш сегизи жырылып кетүү коркунучунда.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Ысык-Көлдүн ар кайсы аймагында акыркы он күндөн бери тынымсыз сел жүрүп, 18-август күнү өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Кыргызстанда быйыл сел негизги темалардын бири болуп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын июль айында сел өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 500 эсеге көп болуп жатканын билдирген.
Зыяндын көлөмү бир млрд жүз миң сом экени айтылган. Анын ичинен 4500 турак-жай, 68 социалдык объекти, 878 мал жандык, 87 унаа жарактан чыккан.
Бул Ысык-Көлдө азыркы тапта катталып жаткан сел кырсыктарын кошпогондо.
Селдин эң аянычтуу окуялары Ош облусунда катталды. Андагы кырсыктан 22 адам өмүр менен кош айтышты.












