Көмүскө байлыкты адалдоо өнөктүгү башталат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” талаштуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Эми Министрлер Кабинети жарым ай убакыт аралыгында бул мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгып, маалыматтык кампания жүргүзүшү керек.

легалдаштыруу

Сүрөттүн булагы, TABYLDY KADYRBEKOV

Мыйзамды Экономика министрлиги жазды, мекеме өлкөдө декларация тапшырган 3,5 миллион жарандын 70% байлыгын көмүскөдө кармайт деп болжоп жатат.

"Көмүскө экономиканы ачыктайлы"

Жаңы документке ылайык, жарандар жүз миллион сомго чейин акысыз декларация тапшырып, байлыгы андан ашса, мамлекетке бир миллион сом төгүшү шарт. Кыргыз өкмөтү көмүскө экономиканы ушундай жол менен азайтууну көздөп жатат.

“Эң негизги максат – 2026-жылга чейин экономиканы ачык-айкындыкка чыгаруу. Соодада бизде контроль жок. Көзөмөлү жок байыган адамдар бизде көп. Алар байлыгын каттатышы керек, анда баарын тастыктап бериши керек болот. Көбү мүлкү каяктан чыгып келгенин тастыктай албайт. Ошонун баарын бир этапта легалдаштырыш керек болуп жатат. Жаңы Салык кодекс күчүнө киргенден кийин чоң жаңжал чыгышы мүмкүн, себеби байлыгын тастыктоо маселеси чыгат”, - дейт экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Кыргыз өкмөтү жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам долбоорун былтыр сунуштаган. Ага ылайык, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн бир жылдык легалдаштыруу кампаниясы жүрүп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт.

"Мамлекетти тоногондорго иштечү мыйзам"

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар бул мыйзам коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөйт деп башынан эле каршы чыккан. Мыйзам долбоорунун үчүнчү талкуусунда да депутаттар бул тууралуу маселе көтөрүштү:

“Бул мыйзам биздин жети миллион карапайым элге иштебейт. Болгону убагында мамлекетти тоноп, уурдап, жеп-ичип байыган 500 же миңге жакын чиновникке иштейт. Ошолордун байлыгын легалдаштырып берүүгө ушул мыйзам түрткү болгону жатат”, -дейт депутат Өмүрбек Бакиров.

Аны менен кошо талаштуу бул мыйзамга “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешов баштаган бир катар депутаттар сынчыл көз караш менен карап келишти.

Бирок президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул мыйзам долбоору биринчи кезекте “көмүскө экономиканын" үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого багытталды.

Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти

“Соңку отуз жылда көмүскө экономиканын деңгээли өсүп отурат, бүгүн өлкө экономикасынын чоң көйгөйүнө айланды. Тилекке каршы, анын кесепетинен биздин мамлекет элдин жетиштүү турмушта жашоосуна мүмкүнчүлүк берген деңгээлге чыга албай келет. Буга баарыңар күбөсүздөр. Көмүскө экономиканы минималдаштыруу боюнча чоң иштер колго алынууда. Маселен салык процедураларын фискалдаштыруу, ошону менен бирге мурда калыптанып калган мүлктөрдү жана каражаттарды легалдаштыруу мыйзамдуу жүгуртүү маселеси дагы турат. Мындай легалдаштыруу өнөктүгү бүткүл дүйнө жүзүндө өткөрүлүп келет. Италия, Аргентина, Германия жана Түркияда ийгиликтүү өткөрүлгөн”,-дейт Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле бул мыйзамды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан саясий эрк жана кепилдиктер жетиштүү дейт.

Башка өлкөлөр тажрыйбасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы институту мыйзамсыз байлыкты легалдаштыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны талдап чыккан эле. Ага ылайык, мындай өнөктүктү жүргүзгөн көпчүлүк өлкөнүн ичинен 2001-2002-жылдары Италия жана 2016-2017-жылдары Индонезия гана жакшы натыйжага жете алган.

Мисалы, Италиянын бюджетине 60 миллиард евро, буга кошумча 4 миллиард евро салык катары түшкөн. Ал эми Индонезиянын казынасына 366 миллиард доллар, салык түрүндө 8 миллиард доллар түшкөн.

“Легалдаштыруу өнөктүгү ийгиликтүү болуш үчүн кеңири маалыматтык кампания жүргүзүлүшү керек. Анын максаттары, пайдасы, зыяны тууралуу коомчулук кабардар болушу зарыл. Жол-жоболору ачык жана түшүнүктүү болуп, жарандар өз каражатын жоготуудан, кылмыш жоопкерчилигин тартып калуудан жана салыктык сырдын ачылып калышынан кооптонбостон чечим кабыл алышы шарт. Азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы жогорку кызматтагылардын жана алардын жакындарынын киреше-чыгашасы, мүлкү боюнча маалыматтар коомго ачыкталбай турганы жазылган. Бул жагдай коомчулукта бир катар суроолорду пайда кылып, аталган мыйзам долбоору кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазылгандай күмөн жаратышы ыктымал", - деген эле буга чейин бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин үч жолу 2008, 2009 жана 2014-жылдары легалдаштыруу кампаниясы өткөн. Эксперттер алардын эң эле ийгиликтүүсү 2013-2014-жылдардагы кампания дешет.

Андагы легалдаштыруу кампаниясына 9 миң 840 жаран катышып, 37 миллион сомдой каражат бюджетке түшкөн.

"Өлкөдө билип-билбей кыймылсыз мүлкүнө салык төлөбөй же приватташтыруудан кийин мыйзамдаштырбай калган учурлар бар. Алдыдагы беш жылдын ичинде бардык жарандар бирдиктүү декларацияны милдеттүү тапшырат. Ага чейин кандайдыр бир жашырылган мүлк, каражат болсо легалдаштырып алуусуна мүмкүндүк берилүүдө. Анткени мүлк же каражатын легалдаштыргандар кийин салык кызматкерлеринен, укук коргоо органдарынан чочулабастан бирдиктүү декларацияны толтурат. Аталган өнөктүк көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга шарт түзөт", - деген эле Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков.

“Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна чейин президент Садыр Жапаровдун ушундай эле мазмундагы экономикалык амнистия тууралуу демилгеси иштеп келген.