"Бир дагы жүргүнчү аман калган жок": Амур облусунда Ан-24 учагы кыйрады

Сүрөттүн булагы, Sergei Uzakov/ITAR-TASS
Амур облусунда "Ангара" авиакомпаниясына таандык Ан-24 жүргүнчү учагы Тында шаарындагы аэропорттон бир нече чакырым алыстыкта кыйрады. Расмий маалымат боюнча, учакта 40тан ашуун адам болгон, куткаруучулар алардын баары каза болгонун билдирди.
Учак Хабаровск – Благовещенск – Тында багыты боюнча учуп бараткан. Транспорт прокуратурасынын маалыматына караганда, ал Тында аэропортуна экинчи айлампа менен конууга аракет кылып жаткан учурда радардан жоголуп кеткен.
Көп өтпөй Росавиациянын тик учагы токой арасынан күйүп жаткан учактын корпусун тапкан. Окуя тоолуу жана калың токойлуу жерде болгондуктан, куткаруучулар ал жерге бир нече саатта араң жетишкен, себеби тик учак токойго коно алган эмес.
Амур облусунун губернатору Василий Орловдун айтымында, учакта 42 жүргүнчү, алардын арасында балдар да болгон, ошондой эле 6 экипаж мүчөсү бар болчу.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар алдын ала маалымат боюнча учактагы адамдардын бири дагы аман калбаганын айткан.
25, 26 жана 27-июль Амур облусунда аза күтүү күндөрү катары жарыяланганын губернатор Василий Орлов билдирди.
Экипаждын бардык мүчөлөрү Иркутск облусунун тургундары экени айтылды, бул тууралуу ошол аймактын башчысы Игорь Кобзев маалымдады. Ошондой эле учакта Орусия темир жолунун беш кызматкери болгонун компания кабарлады.
ТАСС агенттиги авиация кызматтарына шилтеме берип Ан-24 учуп жатканда аба ырайы учууга ылайыктуу, бирок туруксуз болгонун жазып чыкты. Учак техникалык жактан ишке жарактуу экени айтылды. Кийинчерээк аныкталгандай, конууга аракет кылып жаткан учурда асман булуттуу болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ТАССтын маалыматына ылайык, кырсыкка учураган Ан-24 учагы дээрлик 50 жыл мурун чыгарылган, бирок анын учууга жарактуутугу боюнча сертификатынын мөөнөтү 2036-жылга чейин болгон.
Орусиянын Транспорт боюнча тергөө комитети "Үчтөн ашык адамдын өлүмүнө алып келген жол кыймылынын жана аба транспорту коопсуздугунун эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Адамдык фактор жана учактын техникалык мүчүлүштүгү дагы кырсыктын себептери катары каралууда.
BBCнин аскерий баяндамачысы Павел Аксенов түшүндүргөндөй, аймактык авиакомпаниялар эски учактар менен учат. Ал Ан-24 учагына альтернатива барбы? - деген суроону узатты.
Учак кырсыгы техникалык мүчүлүштүк же адам факторунан келип чыгышы мүмкүн. Бирок Ан-24түн кыйрашын иликтеген комиссия расмий тыянак чыгармайынча, кырсыктын так себебин айтуу кыйын.
Ошентсе да, дал ушул үлгүдөгү учактын кырсыкка кабылышы Орусиядагы аймактар аралык каттамдарда колдонулуп жаткан турбовинттик учактардын техникалык абалына көңүл бурууга түрткү болду. Мындай учактар көбүнчө алыскы аймактарга адам жана жүк жеткирүүдө негизги каражат болуп эсептелет.
Бул авиапарктын негизин Ан-24 жана Ан-26 учактары түзөт. Экөөнүн конструкциясы бири-бирине окшош. Учурда алар чыкпай калган. Айрыкча Ан-24 учагы 1979-жылдан бери эле чыгарылбай калган.
2025-жылдын февраль айында Орусиядагы авиакомпаниялар 26 даана Ан-26 жана ошондой эле сандагы Ан-24 учактарын колдонуп жатканын "Авиятранспорттук байкоо" журналы маалымдаган.
Мындан сырткары, Орусияда чехиялык L410 учактары да көп учат, бирок бул учактардын өндүрүшү да бир нече жыл мурун токтогон.
Ан-24 жана Ан-26 учактарын азырынча алмаштыра турган альтернатива жок. Ошондуктан 2025-жылдын март айында Жарандык авиация боюнча мамлекеттик институт Ан-26 учагынын пайдалануу мөөнөтүн 50 жылдан 60 жылга узартуу үчүн сертификациялык иштерди жүргүзүүгө буйрук берген.
Орусия мындай учактардын паркын жаңылоо аракетин көптөн бери көрүп келет. 2010-жылдардын башында Bombardier компаниясы менен завод куруу боюнча макулдашып, бирок 2014-жылдагы окуялардан кийин компания кызматташуудан баш тарткан. Ошол эле учурда Орусияда Украинанын Ан-140 учагын чыгаруу да токтогон.
Ушундай класстагы өзүнүн сериялык учагын Орусия азыркыга чейин иштеп чыга элек. Совет доорунда башталган Ил-114тү модернизациялоо долбоору техникалык мүчүлүштүктөрдөн арыла албай келет. Анын өндүрүшүнүн келечеги дагы белгисиз. Орусия менен Беларус биргеликте жарыя кылган "Освей" деген учак болсо али физикалык жактан ишке аша элек.








