Ямайканы "Мелисса" бороону каптады. Ал быйылкы эң күчтүү табигый кырсык болуп калышы ыктымал

Бороон

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Ямайканы абдан күчтүү бороон каптады. Синоптиктер шамалдын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга чейин жетип, кыйроолорго алып келерин эскерткен. Бороонго чейин, коргонуу иштери жүрүп жаткан маалында үч адамдын өмүрү кыйылды.

Бороон шейшемби күнү кечинде Кариб деңизиндеги аралга чейин жетти. Ошондо да анын ылдамдыгы басаңдаган жок. Кийинчерээк ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин түшүп, категориясы бешинчи деңгээлден төртүнчү деңгээлге чейин төмөндөдү.

Бороон-чапкын Ямайканын көптөгөн аймактарында суу ташкынын жараттып, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдөн шамал дарактарды түп-тамыры менен жулуп, имараттарды кыйратканын көрүүгө болот.

Ямайкадагы курмандыктардан тышкары, Гаити менен Доминикан Республикасында дагы төрт адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды.

"Ямайканы абдан оор кырдаал күтүп турат. Өлкө үчүн бул бороон, балким, кылымдын эң катуу табигый кырсыгы болуп калышы ыктымал",- деди Женевада өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк метеорология уюмунун тропикалык циклон боюнча адиси Анн-Клэр Фонтан.

Анын айтымында, Ямайканын жээгинде деңиз деңгээли төрт метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн, катуу нөшөр суу ташкынына жана жер көчкүсүнө алып келиши ыктымал.

АКШнын бороон-чапкынды аныктоо боюнча Улуттук борборунун маалыматына караганда, "Мелисса" азыркы тапта 2025-жылдагы дүйнөдөгү эң күчтүү бороон болуп саналат. Эгер ал азыркы күчүндө кала берсе, 1851-жылдан бери Ямайкада катталган эң күчтүү бороон болуп калат.

Даярдык учурундагы өлүмдөр

Шамаал

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Ямайканын Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде бороон-чапкындан улам үч адам каза болгонун кабарлады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Саламаттык сактоо министри Крис Тафтон, бул кишилер түздөн-түз бороон учурунда эмес, анын келишине даярдык көрүп жаткан соңку бир нече күндө каза болгонун билдирди.

"Үч адам бак-дарак кыйылып жаткан учурда, дагы бири ошол маалда токко урунуп каза болду",- деди министр.

Жергиликтүү маалымат каражаттары дагы бир адамдын үстүнө бак кулап, ал ооруканага жетпей жан бергенин жазып чыкты.

Министр Тафтон белгилегендей, бороонго даярдык маалында дагы он бешке жакын киши жаракат алган. Алардын көбү чатырдан же дарактан кулап түшкөндөр.

Жергиликтүү тургундар кырдаалды тынчсыздануу менен сүрөттөп жатышат. Аралдын түндүк бөлүгүндө жашаган лондондук Эвадни Кэмпбелл Би-Би-Сиге берген маегинде өзүнүн бетон үйү бороонго туруштук берет деп ишенерин айтты. Бирок ал төмөн жактарда жашаган адамдар үчүн абдан кооптонуп жатканын, алардын көбү талап-тоноочулардан кооптонуп, үйүн таштап кете албай жатканын айтты.

Тоолуу Хагли-Гэп шаарчасында жашаган 47 жаштагы мугалим Дэмиан Андерсон Reuters агенттигине жолдор жабылганын билдирди.

"Биз эч жакка чыга албай, баарыбыз коркуп жатабыз",- деген ал.

Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс эң кооптуу райондордогу адамдарды эвакуациялоону буйруп, калкты даяр болууга, үйлөрүнөн чыкпоого жана бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.