Дрондор жана жаңсоо тили: АКШдагы ICE агенттеринен качкан мигранттардын амалы

ICE
    • Author, Витор Таварес
    • Role, Би-Би-Си Бразилия кызматы

"Вотсаптагы" тайпага бразилиялык иммигрант жаңсоо тили боюнча видео сабакты, анын артынан эле адаттан тыш өтүнүч менен аудио билдирүүнү жиберди: "Мындан ары үнүңөрдү чыгарып сүйлөй көрбөгүлө".

Бул тайпанын колдонуучуларынын көбү мыйзамсыз иммигранттар. Тайпада президент Дональд Трамп бийликке кайтып келгенден бери көптөгөн адамдарды камакка алган АКШнын иммиграция кызматынын (ICE) агенттеринин колуна кантип түшүп калбаш керектиги боюнча кеңештер байма-бай берилип келет.

Бул жалгыз эскертүү эмес. Дагы бир иммигрант тайпанын мүчөлөрүн өздөрүн "америкалыктардай" алып жүрүүгө үндөдү, мисалы, "португалча сүйлөгөн балдарды сыртка чыгарбагыла", "күндөн коргогон көз айнек тагынып жүргүлө", "машинеңерге Трампты жактаган стикерлерди чаптап койгула" деген кеңештер бар.

Акыркы бир нече жума бою Би-Би-Си Бразилия кызматы Вотсаптагы тайпаларга көз салып, АКШнын Иммиграциялык жана бажы полициясынын (ICE) акыркы иш-аракеттери иммигранттардын күнүмдүк жашоосун кандайча өзгөрткөнүн түшүнүүгө аракет кылды.

Алар Массачусетс штатында жайгашкан жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын баасы боюнча 300 миң адамга чейин жеткен, өлкөдөгү ири бразилиялык жамааттын топторуна байкоо салышкан.

Бул макалада келтирилген билдирүүлөр чаттарда чындап эмнелер жарыяланганын чагылдырат, бирок биз алардын авторлорунун атын өзгөрттүк.

whatsapp

Бул тайпаларда күн сайын миңдеген билдирүү жарыяланып келет. ICE көзөмөл-өткөрмө пункттары жайгашкан жери тууралуу маалыматтар, кармалгандардын сүрөттөрү, ал тургай камакка алынгандардын кароосуз калган автоунаалары – мунун баары аларды туугандары аныктай алат деген үмүт менен жарыяланып турат.

Мыйзам боюнча, ICE кызматкерлери соттон ордер албастан үйгө кире алышпайт. Адатта, агенттер коомдук жайларда камакка алууга уруксат берген административдик ордерлерди жанында ала жүрүшөт жана алар шектүү деп эсептеген каалаган адамды кармай алышат.

Сентябрдын башында АКШнын Жогорку соту Трамптын администрациясынын пайдасына чечим чыгарып, агенттерге иммигранттарды кармоо жана камакка алуу боюнча кыйла кеңири ыйгарым укуктарды берген.

Трамптын администрациясынын каршылаштары эми адамдар расасына же тилине карап камакка алына баштайт деп кооптонууда.

Жамааттын мүчөлөрү бул чечимди камакка алуу үчүн карт-бланш катары баалашат жана көбү жүрүм-турумун өзгөртүүнү чечишти.

whatsapp

Катаал чаралар

Трамп АКШдагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуп, өлкөдө документсиз жашап жүргөн адамдарды депортациялоого убада берген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп АКШдагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуп, өлкөдө документсиз жашап жүргөн адамдарды депортациялоого убада берген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШда мыйзамсыз иммиграцияны азайтып, документи жок мигранттарды өлкөдөн чыгаруу азыркы администрациянын негизги максаттарынын бири болуп калды.

2024-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында Трамп көзөмөлдөнбөгөн иммиграция улуттун "канын ууландырып", америкалыктардан "жумуштарды тартып алууда" жана мамлекеттик кызматтарга жүк келтирип жатат деп ырастаган.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери 400 миңге жакын адам депортацияланды.

Бразилиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында келтирилген расмий маалыматтарга караганда, бул иммигранттардын 2000ден ашыгы Бразилияга депортацияланган.

Бул маселе боюнча изилдөөчүлөр жүргүзгөн дайындар базаларына ылайык, ушул тапта 60 миңге жакын иммигрант камакта отурат, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды. Трамп жаңы кызматка киришкенде убактылуу кармоочу жайларда 39 миң адам отурган эле.

Ак үйдүн өкүлдөрү ICE камакка алынган адамдардын санын күнүнө 3 миңге чейин көбөйтөт деп үмүттөнөрүн билдиришкен.

whatsapp

"Алар жөн эле жок болуп кетишүүдө"

Лоуэллдин тургундары ICE жүргүзгөн рейддер тууралуу маалыматтар менен жигердүү бөлүшүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лоуэллдин тургундары ICE жүргүзгөн рейддер тууралуу маалыматтар менен жигердүү бөлүшүүдө

Бразилиялык 37 жаштагы Лорена Беттс иммигранттардан түшкөн чалууларга жооп кайтарып, камакка алууларды документтештирген ыктыярчылардын тармагын негиздеген.

Анын айтымында, акыркы күндөрү камакка алынгандан кийин "жөн эле дайынсыз жоголуп кеткен" адамдар тууралуу кабарлар көбөйүүдө. Лоренанын ырасташынча, "Вотсаптагы" тайпалар бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалымат алууга аракет кылгандарга абдан жардам берүүдө.

"Алар адамдарды Бостондо кармаса, эртеси күнү [алар] Нью-Йоркто болуп калышат, андан кийин Луизианага жеткирилет, себеби түштүктөгү соттор дайыма катаал өкүмдөрдү чыгарышат", - дейт Беттс. Ал америкалыкка турмушка чыгып, АКШда мыйзамдуу жашап келатат жана учурда Конгресске Демократиялык партиянын талапкери катары ат салышууда.

Тайпанын дагы бир администратору, 27 жаштагы Жуниордун айтымында, билдирүүлөр адатта күн сайын эртең мененки саат 5те, ICE агенттери ишке чыкканда түшө баштайт.

Үч жыл мурун Бразилиядан көчүп келип, чабарман болуп иштеген Жуниор "Тайпага ошол замат жаңылыктар толуп калат", - деп айтты.

Трамп Ак үйгө кайтып келгенде Жуниор тайпа адамдарга иммиграциялык кызматтын рейддери жөнүндө эскертип турууга жардам берет деген үмүт менен январь айында ачкан.

"Бул тайпа көп жардам берүүдө, себеби ICE агенттери жана аларды автоунаалары адатта жашыруун жүрүшөт, ошондуктан адамдар видеолор, машинелердин номерлери менен бөлүшүп турушат", - дейт ал.

Жуниор кээде жалган билдирүүлөр болорун моюнга алат.

Өзүн баш паанек болчу шаар деп жарыялаган Бостон федералдык иммиграция бийлиги менен кызматташуудан баш тартты.

Рейддерди ачык сынга алган Демократиялык партиядан шайланган мэр Мишель Вунун мындай саясатына жооп катары Трамптын администрациясы сентябрдын башында "Патриот 2.0" операциясын баштаган.

Бул март жана май айларындагы бир нече ири рейддерден кийин бул жылы ICE штатта жүргүзгөн үчүнчү ири операциясы болуп калды.

ICE Би-Би-Синин Бразилия кызматынын бразилиялыктардын кармалышынын чоо-жайын билүү тууралуу суроо-талабына жооп берген жок.

whatsapp

Асмандагы дрон

“Вотсаптагы” тайпаларда бразилиялыктар өз райондорун көзөмөлдөө үчүн сатып алган дрондордун сүрөттөрү да бар

Сүрөттүн булагы, Handout

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Вотсаптагы" тайпаларда бразилиялыктар өз райондорун көзөмөлдөө үчүн сатып алган дрондордун сүрөттөрү да бар

16-сентябрда көптөгөн бразилиялыктар жашаган Бостондун түндүк-батышындагы турак жай комплексинде дүрбөлөң башталды.

Жашоочулар сыртка чыга турган жолду бөгөттөп койгон машинелердин сүрөттөрү менен бөлүшүп, үйлөрүнөн чыгуудан коркуп жатканын жазышкан.

Комплекстин дрондон тартылган сүрөттөрү интернетте бир заматта жайылып, анда ICE агенттери бар болушу мүмкүн деп шектелген автоунаалардын сүрөттөрү чоңойтулуп көрсөтүлгөн.

Иммигранттар адатта коопсуз жер деп үйлөрдү аташат.

"Вотсаптагы" эмоционалдуу билдирүүлөрдүн биринде кайсы бир убакыт ишке барбай турууга чакырышкан: "Бир-эки жума иштебей, үйдө отурсаңар ачка калмак белеңер? Же балдарыңардан алыс, түрмөдө айлап отурганды туура көрөсүңөрбү?".

Жуниордун айтымында, тайпадагы жазышууларга караганда, ICE чанда гана ордерди күтүп отурат, мунун ордуна "адегенде камакка алып, андан кийин гана суроолорду бере баштайт". Жуниор апасынын жардамы менен атайын виза алган жана грин-картага арыз берген, бирок өлкөдө мыйзамсыз жүргөн сүйлөшкөн кызы менен анын баласы үчүн коркуп жүрөт.

"Эгер алар англисче жакшы сүйлөй албаганыңды угуп калса, ошол замат алып кетишет, атүгүл жаран экениңе да карашпайт", - дейт ал.

Коркконуна карабастан, Жуниор Бразилияга кайткысы келбейт. Аны Бразилияда былтыр эс алууда жүргөндө тоноп кетишкен.

Жуниор жана башкалар алардын мониторинг системасынын өзүнүн чектөөлөрү бар экенин билишет.

"Алар абдан тез кыймылдашат – төрт мүнөттүн ичинде адамды кармап кетишет", - дейт ал.

Тез чечим

“Вотсаптагы” тайпага жарыяланган сүрөттө кармалып кеткен иммигрант жегенге үлгүрбөй калган тамакты көрүүгө болот

Сүрөттүн булагы, Handout

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Вотсаптагы" тайпага жарыяланган сүрөттө кармалып кеткен иммигрант жегенге үлгүрбөй калган тамакты көрүүгө болот
whatsapp

Ыктыярчылардын тармактары маалыматтагы боштукту толтурууга умтулуп жатышат. Коомдук топтордун коалициясы иммигранттардын ICE иш-аракети тууралуу билдирүүлөрүнө жооп кайтарып, текшерүү жана тасмага тартуу үчүн байкоочуларды жиберип турат.

Алардын бири, Лорена Беттс жетектеген LUCE да англис тилин билбеген же бийлик органдарына кайрылуудан корккондор үчүн ишеним телефонун ачкан.

Ыктыярчылар ошондой эле көзөмөл камераларындагы жазууларды чогултуп, иммигранттарды юристтер менен байланыштырып, камакка алынгандан кийин кирешесин жоготкон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам берип турушат.

Координациялоо чиркөөлөр жана коомдук уюмдар менен байланышкан жеке тайпалар же коомдук чаттар болобу, "Вотсаптагы" тайпалар аркылуу жүргүзүлөт.

"Адамдар чоо-жайын айтып, чалышат, ал эми жергиликтүү ыктыярчылар баарын жаздырып алыш үчүн телефондор менен барышат, - дейт Беттс. – Биз полициянын ишине кийлигишпейбиз – болгону жөн гана байкоо жүргүзүү боюнча конституциялык укугубуздан колдонуп жатабыз". (ZMa)