UNFPA: Пандемияда Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйдү
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы учурунда энелердин өлүмүнүн статистикасы өстү жана өспүрүм кыздар кош бойлуу болуп калган фактылар көбөйдү. БУУнун Калкты жайгаштыруу фондусунун Казакстандагы жана Кыргызстандагы өкүлү Джулия Валезе Би-Би-Си үчүн жакында курган маегинде ушул көйгөйлөргө токтолду.

Сүрөттүн булагы, kazakhstan.unfpa.org
- Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фондунун Кыргызстанда жүргүзгөн ишинин негизги багыттары кайсылар?
- UNFPA - Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонддору глобалдык деңгээлде биз трансформациялоочу натыйжа деп атаган үч негизги багыттын тегерегинде иштейт. Биринчиден, энелердин өлүмүнүн алдын алуу керек. Экинчиден, үй-бүлөнү пландаштыруу үчүн эч кандай канааттандырылбаган муктаждык болбошу керек. Ал эми үчүнчү маанилүү маселе - гендердик зомбулук жана зыяндуу тажрыйба болбошу керек. Бул БУУнун Калкты жайгаштыруу Фондунун үч глобалдык максаты жана ар бир өлкөдө биз программаны ушул чөйрөлөрдө улуттук артыкчылыктарга жооп бергендей кылып топтолгон маалыматтарга ылайык тууралайбыз.
Азыр БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду Кыргызстандагы калкты жана турак жай фондун каттоону колдоого алууда, ал пандемиянын айынан кийинки жылга жылдырылган, бирок келерки жылы болот деп үмүттөнөбүз. Ошентип, алдыдагы максат маалымат чогултууну колдоо, аны талдоо жана жайылтуу. Ушул эле нерсе ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, жаштар, пандемия убагындагы гендердик зомбулук боюнча сурамжылоого да тиешелүү.
Бул үч өзгөрүү натыйжалары менен байланышкан дагы бир чоң тармак - бул репродуктивдүү ден соолук. Ал үй-бүлөнү пландаштыруу, адамдарга жана жубайларга качан жана канча балалуу болуу керек сыяктуу кеңештер менен жардам берүү. Репродуктивдүү ден-соолук дегенибиз кош бойлуу аялдардын дени сак болушу тууралуу маалыматтар жана төрөттөн кийинки колдоо көрсөтүү жол-жобосу, контрацептивдерди колдонуу жана алар жөнүндө консультация берүү.
Кыргызстанда БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине туура протоколдорду жана саясаттарды жүргүзүүдөн баштап, ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүчүлөр үчүн тренингдерди өткөрүүдө көп колдоо көрсөттү деп ойлойм. Эми биз санариптештирүү аркылуу иштөөгө кириштик, анткени пандемия учурунда алыстан консультациялардын маанилүүлүгүн түшүндүк.
Демек, БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду энелердин ден соолугу үчүн иштей баштаган жаңы багыт. Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул чоң тармак, бул жерде дагы көп нерсе жасалышы керек, анткени биз Кыргызстанда төрөттүн саны абдан жогору экенин билебиз, аялдар орточо үч-төрттөн бала төрөйт жана бул өлкө үчүн өтө жогору. Ал эми төрөт аралыгы акыркы жылдарда кыскарды, ошондуктан үй-бүлөнү туура пландаштырууга инвестиция салуу, негизинен, аялдарды жана кыздарды, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн окутуу абдан маанилүү. Бизге белгилүү болгондой кээ бир аялдар контрацепцияны колдонуу үчүн күйөөсүнөн же кайын энесинен уруксат алышы керек, андыктан бул жакта консультация, тренингдер жүргүзүлүшү керек.
Бирок ошондой эле биз ЖИА (Төрөттү көзөмөлдөө үчүн жатын ичиндеги аппарат) кантип салуу керектиги боюнча көптөгөн тренингдерди өткөрүп жатабыз, бул абдан популярдуу ыкма жана биз тренингди улантышыбыз керек. Ал эми контрацептивдердин өлкөдө туура каттоодон өтүшүн, алардын жеткиликтүү болушун, туура бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууда логистикалык камсыздоону биз да колдоп жатабыз. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү жок аялдарга, айрыкча кош бойлуу кезинде каза болуп калуу коркунучу бар социалдык жактан аялуу аялдарга бекер берилүүсүн камсыз кылууну да кароодобуз. Булар биз катышкан аймактардын айрымдары гана.
Үчүнчү дагы бир маанилүү багыт – гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү. Бизге белгилүү болгондой, өзгөчө карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөн. БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду мыйзам чыгаруу, саясий колдоодон тартып потенциалды жогорулатууга чейин ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле аялдарды колдоого муктаж болгон ар кандай секторлордун координациясын камсыз кылууда дагы абдан активдүү. Демек, милиция, саламаттыкты сактоо, социалдык сектор жардамга муктаж болгон аял ар кайсы жерге барып отурбастан кайда барарын билип жана жана туура багытталган колдоого ээ болушу үчүн биргелешип иштеп, аракеттерди координациялай алышат. Ошондой эле биз кээ бир баш калкалоочу жайларды, өзгөчө пандемия учурунда колдоого алдык. Зордук-зомбулукка туруштук берүү үчүн көп күч-аракет жумшалууда, бирок анын алдын алууга да басым жасоо керек деп ойлойм.

Сүрөттүн булагы, kyrgyzstan.unfpa.org
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
- Сиз энелердин өлүмүн айттыңыз жана көрсөткүчтөр дагы эле жогору экенин билесиз. Негизги себептери эмнеде жана бул көйгөйдөн кантип чыгуу керек?
- Албетте, ар кандай себептер бар. Бул көйгөй үй-бүлөнү пландаштыруу менен абдан тыгыз байланышта. Жогоруда айткандай, жакшы тамактанбаса, өтө кыска убакытта биринин артынан бирин төрөсө, демек, аял катары өзүнө жана ден-соолугуна кам көрө албаса, мунун баары физикалык жактан да таасир этет. Айтайын дегеним, эгер сиз, мисалы, аз кандуулук менен оорусаңыз, каныңыз суюк болуп, кан кетүүдөн өлүп калышыңыз ыктымал. Анткени, кан кетүү энелердин өлүмүнүн негизги себептеринин бири. Ал эми дароо жардам бербесе, аз убакытта өлүмгө алып келүү коркунучу туулат.
Саламаттыкты сактоо мекемелерине жетүүнүн кечиктирилиши да ага себеп болот. Ыңгай түзүлсө дагы кээде күтүлбөгөн кырдаалдар жаралып калышы мүмкүн. Андыктан медициналык мекемелерге өз убагында жетүү маселеси маанилүү. Ошондой эле кооптуу деп аталган белгилерди билүү. Эгер төрөткө чейин баары жакшы болсо да, толгоо башталганда же төрөт учурунда абал өзгөрүп кетиши ыктымал, ошондуктан бул маалыматтарга ээ болуу маанилүү. Тилекке каршы, өзгөчө COVID учурунда, саламаттыкты сактоо мекемелери көп учурда колдоо көрсөтө албаганын же адамдар үйдөн чыга албай калгандыктан кыйынчылыктар жаралганын билебиз.
- COVID учурунда энелердин өлүмү көбөйдүбү?
- Ооба, алар көбөйдү. Менимче, туура эстесем, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү мурда 100 000 аялга 24 болсо, азыр 36, атүгүл 40ка жетти. Бирок бул чындап эле бир топ көтөрүлдү дегенди билдирет жана чындыгында мен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин мактагым келет, анткени алар бул тууралуу ачык айтышты. Башка өлкөлөрдө маалымат берүү анчалык ачык эмес, анткени көп кысым, жазалоо жана башкалар болот. Бирок, менимче, бул жерде алар бул маселе боюнча ачык айтышты. Анан, албетте, ооруканалар толуп кетти, Кыргызстанда инфекцияны көзөмөлдөө чоң көйгөй жана мен айткандай, аялдар көп учурда оор турмушта жашайт, анткени алар бүтүндөй үй-бүлөнү багышат, алар өздөрүн карашпайт жана бул бардык кыйынчылыктарды жаратат.
- Өспүрүм кыздар арасындагы кош бойлуулук дагы өзүнчө бир курч көйгөй болуп жатат.
- Ооба, дал ушу тууралуу айтайын деп жаттым эле. Менимче, өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук көрсөткүчү абдан жогору. Башкача айтканда, төрөгөндөрдүн саны миң болсо, анын 50гө жакынын өспүрүмдөр түзөт. Негизи өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу мындан да жогору болмок, анткени аборт жасаган, медициналык мекемелерде төрөбөй жаткан кыздар эсепке кирбей калууда. Демек, бул жөн гана расмий статистика.
Бул, албетте, Кыргызстанда чоң көйгөй, менимче, бул аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Бул көрсөткүч Тажикстанда гана жогору болушу мүмкүн, бирок бүтүндөй Чыгыш Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндө бул, албетте, абдан чоң көрсөткүч деп ойлойм. Бул дагы энелердин өлүмүнүн себеби, анткени өспүрүмдүн организми төрөткө жетиле элек болгондуктан төрөт жашы өспүрүм курактан жогору болушу абдан маанилүү.
Айрыкча жыныстык жактан активдүү болгусу келген кыздар, жок эле дегенде, бойго бүтүп калуудан сактануу керектигин билиши керек. Бирок көп учурда андай эмес, анткени өлкөдө жыныстык тарбия жетишсиз жана жаштарга билим берсең, алар бузукулукка барышат деген ишеним бар, бул такыр туура эмес. Дегеним, мындай эмес экендигин көрсөткөн далилдер жетиштүү. Эгер туура маалымат берсеңиз, анда өспүрүмдөр арасында төрөт азайышы мүмкүн.
- БУУнун агенттиктери бюрократиялык иш-чаралардан уламбы, айтор жайыраак иштешет, бирок БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду кризистик кырдаалдарга даяр экенин көрөсүз. Ишиңиздин ушул гуманитардык жагына токтоло кетсеңиз?
- Кыргызстанда Баткендеги жакында болгон чек ара кагылышуусуна БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду чындап эле тез жооп кайтарды. Биздин тез болгонубуздун бир себеби, менин оюмча, кырсык болгондо адамдар дароо баш калкалоочу жай, тамак-аш жөнүндө ойлонушат. Дал ошол учурда ден-соолукка кам көрүлүшү керек экени билинет. Бирок аялдар дагы эле боюна бүтүп, гуманитардык шартта деле төрөй алышат. Кош бойлуу болууну токтотушпайт, контрацепцияга муктаждык ар кандай кырдаалда пайда болуучу нерсе. Мына ошондуктан биз үчүн ушундай маалда муктаждыктарга көңүл буруу абдан маанилүү. Дароо чара көрүлбөсө өтө кеч болуп калаарын билиш керек. Ошон үчүн биз тез болууга аракет кылабыз деп ойлойм, анткени биз аялдардын жана кыздардын репродуктивдүү ден соолук жана зордук-зомбулук көйгөйлөрү ар кандай учурда биринчи планда экенине ынангыбыз келет.

Сүрөттүн булагы, kyrgyzstan.unfpa.org
- Гуманитардык кыйын кырдаал болгон убакта психологдордун да жардамы абдан маанилүү болуп жатат.
- Психосоциалдык колдоо дагы абдан маанилүү, бул дагы БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду тарабынан жасалып келатат, бирок азыр аны системалуу жана структуралуу кылууга аракет кылуудабыз, анткени ар кандай типтеги кырсык психологиялык жактан да таасирин тийгизерин билебиз. Ошондуктан, албетте, биз кесипкөй колдоо көрсөтөбүз, анткени адамдар көп учурда жардам берүүнү каалашат, бирок алардын пайдасынан зыяны көбүрөөк болушу мүмкүн. Туура консультация жана психосоциалдык колдоо абдан маанилүү. Баткенде дал ушуларды эске алуу менен иш алып барганбыз. Үч негизги нерсе: аялдардын муктаж болгон нерселери, психосоциалдык колдоо жана репродуктивдүү ден соолук тууралуу маалымат берүү аркылуу колдоо көрсөткөн мобилдик топтор болду.
- БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду көп учурларда кризисти башкаруу боюнча жакшы тажрыйбага ээ. Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалды караган уюмдар менен кандай иштешесиздер?
- Ооба, биз башка агенттиктер менен тыгыз иштешип, үйрөнүп жатабыз десем болот. Бул өз ара түшүнүшүү дегеним. Мисалы, Кыргызстанда биз Кызыл Жарым Ай коому менен тыгыз иштешебиз. Алар өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруунун алдыңкы сабында экени айдан ачык. Биз да аларга көз карандыбыз жана таянабыз, анткени алар көп учурда жакшы иш алып баруу алгоритмине ээ. Мисалы, биз алар аркылуу аялдарга муктаж нерселерди тараттык, анткени алар жергиликтүү шартты мыкты билишет.












