Ибрахим Раисинин өлүмү Ирандагы саясий кырдаалга кандай таасир этет?

Ибрахим Раиси Ирандагы бийликтин чокусуна жетүүгө жакын болчу жана көпчүлүк аны эң жогорку кызматка көтөрүлөт деп ишенген. Бирок тагдыр башкача болуп калды. Бул Би-Би-Синин эл аралык кабарчысы Лиз Дюсеттин макаласынын котормосу. Англис тилиндеги түп нусканы бул жерден окуй аласыз.

Жекшембиде Раисинин кырсыктан каза болушу менен аны ден соолугу начарлап калган 85 жаштагы жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин ордуна барат деген сөздөргө чекит коюлду.

Бирок, Иран президентинин кайгылуу тагдыры өлкөнүн саясатынын багытын өзгөртпөйт жана ички кырдаалга кандайдыр бир олуттуу түрдө таасир этпейт.

Бирок анын жок болушу бийликтин бардык бутактарында консервативдүү катаал адамдар үстөмдүк кылган бүтүндөй система үчүн сыноо болот.

"Система анын өлүмүн чоң шоуга айлантат жана ал консерваторлордун биримдигин жана Хаменеиге берилген жаңы лидерди издеп жатканда, өзүнүн функционалдуулугун көрсөтүү үчүн конституциялык жол-жоболорду карманат", — деп белгилейт аналитикалык борбордун жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директору Санам Вакил.

Раисинин каршылаштары 1980-жылдары саясий туткундарды массалык түрдө өлүм жазасына тарткан деп айыпталган мурдагы прокурордун кетишине кол чаап турган убагы. Анын башкаруусунун аякташы бул режимдин бүтүшүн тездетет деп үмүттөнүшөт.

Ирандын башкаруучу консерваторлору үчүн мамлекеттик сөөк коюу тажыясы эмоцияга толгон окуя болот. Бул ошондой эле бийликтин ырааттуу алмашуусун элге көргөзүү мүмкүнчүлүгү.

Дагы бир маанилүү кызмат — бул Эксперттер Ассамблеясындагы бош калган орун. Жаңы жогорку лидерди тандоого ыйгарым укуктуу орган —бул окуянын убагы келгенде ал Раисинин өлүмүнө караганда Иран үчүн алда канча маанилүү маселе болмокчу.

"Раиси потенциалдуу мураскор болчу, анткени ал Хаменеи жогорку лидер болгон учурдагыдай эле салыштырмалуу жаш болчу. Ал системага берилген, аты таанымал идеолог эле", — дейт Санам Вакил.

Бул жабык тандоо процессине жогорку лидердин уулу Можтабу Хаменеи да катышары айтылууда.

Раисинин өлүмү расмий тастыктала электе эле, аятолла X платформасындагы постунда: "Иран эли кабатыр болбошу керек, өлкөнүн иштеринде эч кандай үзгүлтүк болбойт", - деп жазды.

Эми 50 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо кыйла актуалдуу саясий маселе болуп калат.

63 жаштагы Раисини көптөр 85 жаштагы жогорку лидер аятоллы Али Хаменеинин мураскору катары карап келишкен

Сүрөттүн булагы, ATTA KENARE/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 63 жаштагы Раисини көптөр 85 жаштагы жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин мураскору катары карап келишкен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азырынча бийлик Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохберге убактылуу өттү.

Акыркы шайлоолор, анын ичинде Ибрахим Раисини мамлекет башына алып келген 2021-жылдагы президенттик жарыш дагы сабырдуу жана реформачыл атаандаштарды системалуу түрдө четтетүү менен өзгөчөлөндү.

"Мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоо Хаменеиге жана бийликтин жогорку эшелонуна бул траекторияны өзгөртүүгө жана шайлоочуларды саясий процесске кайтарууга мүмкүнчүлүк берет"- дейт Мохаммад Али Шабани, Лондондо жайгашкан Amwaj.media сайтынын редактору.

"Бирок, тилекке каршы, азырынча биз мамлекет мындай кадамга барууга даяр экендигинин жана аны каалай турганын белгилерин көрө элекпиз".

"Бул консервативдик топтун ичинде ар кандай лагерлер бар, анын ичинде катуурак багытты жактаган адамдар жана көбүрөөк прагматик деп эсептелген башкалары бар",- белгилейт Берлиндеги SWP аналитикалык борборунун окумуштуусу Хамидреза Азизи.

Эксперт бул жаңы парламенттеги жана жергиликтүү деңгээлдеги позициялар үчүн азыркы күрөштү күчөтөт деп эсептейт.

Раисинин мантиясын ким кийип ченеп көрбөсүн, ал баары бир чектелген бийлик рычагдарын мураска алат.

Ислам Республикасында чечим кабыл алуунун жогорку ыйгарым укуктары жогорку лидерге таандык.

Тышкы саясат, айрыкча бул аймакта, барган сайын бийлиги чоңоюп жаткан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) колуна топтолууда.

Иран Газадагы согуштан улам өзүнүн кас душманы Израил менен мамилеси болуп көрбөгөндөй чыңалган учурда дагы бул маселе президент Раисинин деңгээлинде чечилген эмес.

Президенттик кызматта Раиси өлкөнүн күнүмдүк иштери менен алек болду, ал эми ирандыктар эл аралык санкциялардан улам курчуган каржылык проблемаларды, ошондой эле чарбалык чаржайыттык менен коррупциянын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылышты.

Инфляция 40% дан ашык өстү, риал валютасы арзандады.

Анын башкаруусундагы Ислам Республикасы 2022-жылдын сентябрында түрмөдө отурган 22 жаштагы Махса Аминдин өлүмүнөн кийин болуп көрбөгөндөй нааразылык толкунун баштан өткөрдү.

Тополоңдон бир нече жума мурун Раиси Ирандын "хиджаб жана тазалык жөнүндө" мыйзамын күчөтүүгө буйрук берген, анда аялдар өзүн алып жүрүүгө жана жупуну кийинүүгө, анын ичинде жоолук салынууга милдеттендирилген.

Раиси 2022-жылы Тегеранда Путин менен жолугушууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Раиси 2022-жылы Тегеранда Путин менен жолугушууда

Аларга коюлган чектөөлөргө каршы чыккан кыз-келиндер баштаган нааразылык акциялары, негизинен, бийликтин чыныгы булактарына — жогорку лидерге жана системанын өзүнө ачууланды.

Укук коргоочу топтор репрессия учурунда жүздөгөн адамдар өлтүрүлүп, миңдеген адамдар кармалганын айтышууда.

"Ирандын тарыхындагы президенттик шайлоого эл эң аз катышканда шайланган Раиси мурдагы Роуханидей элдик мандатка ээ болгон эмес", — дейт Али Шабани.

Реформаторлордун лидери Хасан Роухани 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимдин арты менен популярдуу болгон эле. Ал келишим Трамп келгенде иштебей калды.

Президент Байдендин администрациясы менен Раисинин командасынын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр олуттуу жылыш болгон жок.

"Ал Роуханиге Ислам Республикасынын каршылаштары тишин кайрагандай доодон кутулду , анткени аны жөн гана анча таасирдүү эмес деп кабыл алышты", — деп түшүндүрөт Шабани.

Тик учактын кыйрашы Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиандын да өмүрүн алды. Ал Тегеранды дүйнөгө ыңгайлуу шартта таанытууга жана санкциялардын жазалоочу таасирин жеңилдетүүнүн жолдорун табууга активдүү киришип жаткан.

Израилдин Газадагы операциясында ал Иран дипломатиясынын үнү жана Ирандын союздаштары, ошондой эле араб жана батыш өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушууларда башкы адам болду.

"Ал кабар-кайрылууларды жеткирүүгө пайдалуу канал болгон", — дейт Ирандын тышкы иштер министринин ролу жөнүндө Батыштын жогорку даражалуу дипломаты. - Бирок, эреже катары, алардын баары шаблон түрүндө гана болуп келди, анткени бийлик Тышкы иштер министрлигине таандык эмес".

"Президенттин күтүүсүз өлүмү, адатта, маанилүү окуя болуп саналат. Бирок потенциалдуу жогорку лидер катары каралганы менен, анын саясий колдоосу жана саясий так көрүмү болгон эмес", — дейт аналитикалык борбордун башкы директору Веш Эсфандияр Батмангелидж.

"Аны шайлаган саясий операторлор ал жок деле ыңгайлашып, алдыга жыла беришет", — дейт эксперт. (КС)