Элди түйшүккө салган бир күндөгү алты сел

Арстанбаптагы сел

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арстанбаптагы сел

Кечээ Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да тынымсыз жааган жаандан улам алты жерде сел катталды. Айрым жерлерде албуутанып, бак-даракты тамыры менен кошо жулуп, унааларды камгактай агызып катуу сел келгени видеолордон так көрүнүп жатат. Табияттын мындай кубулушу кыргызстандыктардын бир тобунун жүрөгүнүн үшүн алып турган чак.

Бактыга жараша бул ирет адам өлүмү катталган жок.

Расмий маалыматка караганда, 23-июль күнү, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда бир сел катталган.

Бүгүн эртең менен Түп районунун эки айылында сел жолдорду каптап, суу турак-үйлөргө чейин киргени маалым болду.

Көз ачырбаган нөшөр

Арстанбап айылындагы сел көчөнү дарыядай эле каптаган

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арстанбап айылындагы сел көчөнү дарыядай эле каптаган

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айылындагы сел кечээки күндөгү эң ири сел болуп калды. Ошол учурда тартылып алынган видеолордо сел ээ-жаа бербей каптап, бир топ унаа кайыктай эле агып бара жатканын көрүүгө болот.

Бул учур кечки саат 18:30 чамасында болчу. Жамгыр тынымсыз жаап, артынан мөндүр урган.

“Арстанбап айыл өкмөтү тоолуу жерде. Тоодо катуу жамгыр, чоң мөндүр жааган. Мөндүр тоолордон түшүп, шаркыратмага келип, шаркыратмада суу толуп, жарылып сайга куюлган. Сайдагы суу адаттагы нугунан төрт эсе көтөрүлүп, батпай жээкке чыгып кеткен”, - деп билдирди Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карабаев Би-Би-Сиге.

Селден кийинки тазалоо иштери

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Селден кийинки тазалоо иштери

Сел айылдын борборун каптаган. Суу тогуз турак үйгө, бир тамдын жер төлөөсүнө, ооруканага, жыйырма беш коммерциялык объектиге кирген. Жыйырма үч унааны, төрт көпүрөнү агызып кеткен. Бул ирет суунун сайга батпай ташышына көпүрөлөрдүн себеби барбы, жокпу азыр тиешелүү комиссия изилдөө ишин жүргүзүп жатат. Бирок, негизги себеп катары – мөндүрдүн сабап жааганы болду деп айтылууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айылда жыйырма төрт миң калк жашайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, куткаруучулар түнү менен тазалоо иштерин жүргүзгөн. Азыркы тапта үч жүзгө чукул жергиликтүү тургун өз ыктыяры менен тазалоо иштерине тартылган.

Айылда азыр жол ачык, турак-жайдын бардыгы суудан тазаланды. Мындан аркы коопсуздук үчүн каналдын ичиндеги таштар алынып чыгууда.

Жалал-Абадда кечээ күнү катталган экинчи сел Ала-Бука районундагы тоо этегинде жайгашкан Акбашат, Ынтымак айыл аймактарында болгон. Тынымсыз жааган жаандан улам суу турак үй жана жайыттарды каптаган.

Ал тапта Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында тынымсыз жааган жаандан улам жыйырма беш чакырым жолду сел каптап, унаа жол жабылган. Сел Мурдачы жайлоосундагы эки боз үйгө киргени айтылды.

Ушул эле күнү Өзгөн районунун Мырза-Аке-Кара-Шоро, Мырза-Аке - Алайкуу, Кара-Кулжа жолунда сел жүрүп, жол жабылган.

“Саат 16:00 чамасында Ак-Талаа районунда Баетов-Макмал унаа жолундагы көпүрөгө суу батпай, жолду каптап, короо, сарайларга суу кирген”, - ӨКМдин пресс борбору.

Мындагы үч селдин себеби жаандын тынымсыз жааганынан улам болгон.

ӨКМ азыркы тапта тазалоо иштерип толугу менен бүтүп, унаа жана чарбалык жолдор ачылганын билдирүүдө.

Эль-Нино кубулушу жана адамдык фактор

Акыркы үч айдан бери сел өлкөдөгү башкы темалардын бири болуп турат

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы үч айдан бери сел өлкөдөгү башкы темалардын бири болуп турат

Акыркы үч айдан бери сел өлкөдөгү башкы темалардын бири болуп турат. Турак-жай, автоунаа же башка зыянды кой жүрөктүн үшүн алган адам өмүрүн алган учурлар болууда. Алардын көбү үй-бүлө мүчөлөр экени ого бетер зээнди кейитет.

Климаттын ысышы, топурактын эррозиясы сыяктуу илимий терминдер байма-бай айтылып, мындай кырсыктарга өтө олутуу мамиле жасоо чакырыгы, стратегия даярдоо сыяктуу талаптар да айтылууда. Күркүрөп-шаркырыган селден үрөйү учкандардын бир тобу эң болбоду дегенде жалпы түлөө өткөрөлү деген сыяктуу чакырыктар менен сел темасын талкуулап жаткан чак. Кандай болгон күндө да тилсиз жоонун алдын албаса бир заматта сапырып, асты-үстүн ала салдырып койчу кубаты бар экени кооптуу тилке, курулушка уруксаты бар-жок деген талылуу маселелерди күн тартибине чыгарды.

Жаратылыш кырсыктын быйыл көп катталып жаткандыгына эколог менен окумуштуулар түрдүү версияларды келтирүүдө. Алардын бири – атмосферага көбүрөөк жылуулук берип, нымдуу, жылуу абаны жараткан Эль-Нино кубулушу. Глобалдык температура Эль-Нинонун тушунда көтөрүлөт.

Андан сырткары, тамчынын көлөмү дагы чоң болуп, бат эле нормадан ашып кетип жатканы дагы себеп.

Экологиялык өзгөрүүлөрдөн сырткары, адам фактору дагы таасир эткен учур дагы болууда. Мисалы, жаан нормадан ашык жааган учурда, канал, дарыя таштандыга толуп калгандыктан суулар ташып, жээгинде архитектуралык план эске алынбай салынган турак жай, көпүрөлөрдү алып кетүүдө. Мындан учурдан адам өлүмү дагы болуп жатат.

Кыргызстанда жарым ай мурун эле апрелден бери 236 сел катталганын, анын болжолдуу зыяны 170 млн сомдон ашканы айтылган. Андан бери так маалымат бериле элек.

Ал тапта ӨКМ 26-июлга чейин аймактарда дагы сел катташы мүмкүндүгүн айтып, эскертүү берүүдө.