Махачкала менен Дербенттеги кол салуулар: кеминде 19 адам өлдү

Дагестан

Сүрөттүн булагы, GYANZHEVI GADZHIBALAYEV/TASS

Дагестанда Дербент жана Махачкала шаарларында жекшембиде православ чиркөөсүнө, синагогага жана полиция постуна кол салуудан соңку маалыматтар боюнча 19 адам, анын ичинде 15 полиция кызматкери өлдү. Расмий бийликтер кол салгандардын бешөө өлтүрүлгөнүн кабарлашууда.

Республикада контртеррористтик операция режими киргизилди, эки шаардагы согуш караңгыга чейин созулду.

23:00дө Улуттук антитеррордук комитет Дербентте атайын операциянын активдүү фазасы аяктады деп кабарлады.

Түн киргенде Улуттук комитеттен операциянын жүрүшүндө кол салган адамдардын бешөө өлтүрүлгөнүн билдиришти.

«Дербенттеги согуштук операциянын натыйжасында эки бандит, Махачкалада – үч бандит жок кылынды»,-деп айтылат кабарда.

Андан мурдараак алты согушкердин, анын ичинде төртөө Махачкалада, экөө Дербентте өлтүрүлгөнү кабарланган.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов кол салгандардын алтоо өлтүрүлгөнүн ырастаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дагестандын башчысы Сергей Меликов кол салгандардын алтоо өлтүрүлгөнүн ырастаган

Дагестандын башчысы Сергей Меликов кол салгандардын алтоо өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Ошол эле убакта кол салгандардын так саны белгисиз. Улуттук комитеттен согушкерлерге жардамчы болгондорду издөө жүрүп жатканын билдиришти.

Курман болгондор менен жарадар болгондордун көбү - полиция кызматкерлери. Соңку маалыматка караганда, 15 полиция кызматкери жана эки жайкын адам курман болду. Ооруканага 16 адам жеткирилди.

Россиянын Тергөө комитети «теракт» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 24-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү болуп жарыяланды.

Окуя кандай болду?

Дербенттеги жана Махачкаладагы атышуулар жөнүндө кабарлар жекшембиде кечке жуук чыга баштады.

Дербентте белгисиз адамдар Ленин көчөсүндөгү православ чиркөөсүнө жана Теги-Заде көчөсүндөгү Келе-Нумаз синагогасына кол салышты.

Кол салгандар чиркөө менен синагоганы автоматтар менен аткылашканын ИИМден кабарлашты. Синагогада өрт чыгып кеткен.

Россиянын еврей конгрессинен Дербенттеги синагогага кол салуу кечки сыйынуунун алдында болгонун тактап айтышты.

Бир эле учурда белгисиз адамдар Махачкалада ок атышкан. Ал жакта полиция бекети жана ага жакын жердеги синагогага кол салуу болду.

Дагестандагы кол салуу

Атышуу Орджоникидзе көчөсүндөгү Ыйык Успенск соборунун жанында да болду.

Чиркөөгө кол салуу убагында 19 адам - динаятчылар менен сыйынууга келгендер баррикада куруп коргонушкан. Андан кийин аларды ИИМ кызматкерлери алып чыгышты.

Ошондой эле Махачкаладан 65 км аралыкта жайгашкан Сергокола кыштагында да атышуулар болгону кабарланды. Ал жакта белгисиз адамдар полиция машинасын аткылашып, бир кызматкер жарадар болду.

Махачкаладагы атышуу учурлары

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Махачкаладагы атышуу учурлары

Курман болгондор жана кол салгандар ким?

Дербенттеги чиркөөгө кол салууда өлгөндөрдүн бири - 40 жылдан бери динаятчы болуп иштеген протоиерей Николай Котельников.

«Отец Николайды Дербентте өлтүрүп, мойнунан мууздап кетишти»,- деп жазды жекшембиде Дагестандын коомдук байкоочу комиссиясынын төрагасынын орун басары Шамиль Хадуллаев.

Анын айтымында, кол салгандар чиркөөнү кайтарган адамды атып өлтүрүшкөн.

Ал эми кол салгандардын ичинен өлтүрүлгөндөр жөнүндө расмий маалымат жок. Тергөө комитети алардын аты-жөнү, тек жайы такталганын билдирүүдө.

«Интерфакс» өлтүрүлгөн үч согушкер Дагестандын Сергокалинск районунун башчысы Магомед Омаровдун балдары жана жээни деп таанылганын кабарлады.