Индонезиядагы суу ташкынынан 700дөн ашуун адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индонезияны каптаган суу ташкындарынын кесепетинен кеминде 712 адам каза болду. Бул тууралуу өлкө бийлиги билдирди. Куткаруучулар дагы деле жабыркаган аймактарга жетүүгө аракет кылып жатышат.
Өкмөттүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматы боюнча, Малакка кысыгында пайда болгон сейрек кездешүүчү циклондон улам болгон суу ташкындары үч провинцияга жана 1,5 миллионго жакын адамга таасир этти.
500 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелинип, миңдеген адамдар жаракат алышкан.
Индонезиянын Улуттук Өзгөчө кырдаалдар агенттиги бир миллионго жакын адам эвакуацияланганын билдирди.
"Агым абдан катуу болду, бир нече секунданын ичинде суу көчөлөргө жетип, үйлөргө кирди", – деди Индонезиянын Ачех провинциясынын тургуну Арини Амалия Би-Би-Сиге.
Ал чоң энеси экөө дөңсөөдө жайгашкан туугандарынын үйүнө шашылыш чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Эртеси күнү буюмдарын алуу үчүн кайтып келгенде, үй толугу менен суу астында калганын көргөн.
Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттиги аба ырайынын начардыгы куткаруу иштерин кыйындатканын жана он миңдеген адамдар эвакуацияланганына карабастан, көптөр дагы деле кооптуу абалда экенин билдирди.
Тропикалык бороондорду күчөткөн муссондор Түштүк-Чыгыш Азияда акыркы жылдардагы эң катуу суу ташкындарын пайда кылды. Акыркы бир гана апта ичинде аймактагы суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн жалпысынан 1200гө жакын адам каза болду.
Шри-Ланкада кеминде 410, Таиландда жок дегенде 176 адам көз жумду. Дагы эки адам Малайзиянын түндүгүндөгү Перлис штатында каза болду.












