Париж: Луврда уурдалган зер буюмдардын айрымдары табылды

Музейге уурулар дал ушул терезе аркылуу киришкен деп болжолдонууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Музейге уурулар дал ушул терезе аркылуу киришкен деп болжолдонууда

Жекшембиде, 19-октябрь күнү эртең менен белгисиз адамдар Париждеги Лувр музейин тоноп кетишти. Уурулар Наполеон Бонапартка таандык болгон зер буюмдарды жана башка баалуу асыл таштарды жети мүнөт ичинде алып чыгууга үлгүрүшкөн. Бул окуя 1911-жылдан берки эң эле батыл музей уурулугу катары бааланууда. Анда Леонардо да Винчинин шедеври болгон "Мона Лиза" уурдалган эле.

Прокуратура "уюшкан уурулук жана кылмыш жасоо үчүн кутумга баруу" беренеси боюнча тергөө иштерин баштады.

"Азырынча келтирилген зыяндын көлөмү бааланууда. Тергөө уланууда", – деп билдирди прокуратура.

Акыркы маалыматтарга ылайык, уурулар төрт киши болгон, жүздөрүн жаап жүрүшкөн жана окуя болгон жерден скутер менен качып кетишкен.

Франциянын маданият министри Рашида Дати TF1 телеканалына курган маегинде уурдалган буюмдардын бири музейдин жанынан табылганын билдирди. Министрдин айтымында, аны уурулар жолго ыргытып кетишкен болушу мүмкүн.

Бир нече француз басылмаларынын маалыматына караганда, табылган буюм XIX кылымга таандык, Франциянын императору Наполеон III жубайы, императрица Евгенияга тиешелүү таажы болуп чыкты. Ал сынган абалда табылды.

Лувр музейинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, уурдалган таажы алтын бүркүттөр менен кооздолуп, 1354 бриллиант жана 56 изумруд менен шөкөттөлгөн.

Императрица Евгениянын таажысын уурулар таштап кеткен

Сүрөттүн булагы, Louvre Museum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Императрица Евгениянын таажысын уурулар таштап кеткен

Кийинчерээк прокуратура уурдалган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Париж прокуратурасынын башчысы Лора Бекюо BFMTV телеканалына курган маегинде билдиргендей, алардын арасында француз монархтарына таандык зер буюмдар да бар.

Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Наполеон I жубайы Мария-Луизанын коллекциясынан алынган колье жана сөйкө;
  • Падыша Луи-Филипп I аялы Мария Амалияга жана Наполеон III энеси Гортензия Богарнеге тиешелүү колье, сөйкөлөр жана диадема;
  • Императрица Евгениянын жакага тага турган эки зер буюму, көйнөккө кадала турган тасмасы жана диадемасы.
Наполеон III аялы императрица Евгениянын диадемасы

Сүрөттүн булагы, Louvre Museum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наполеон III аялы императрица Евгениянын диадемасы
Франциянын королу Луи-Филипптин жубайы Мария Амалиянын кольеси

Сүрөттүн булагы, Louvre Museum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциянын королу Луи-Филипптин жубайы Мария Амалиянын кольеси
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Рашида Датинин айтымында, уурулар "эч кандай зордук-зомбулуксуз жана дүрбөлөңсүз, өтө кесипкөй аракет кылышкан".

Музей ошол эле күнү эртең менен "өзгөчө жагдайларга байланыштуу" толугу менен жабыларын маалымдаган.

Карактоо тууралуу эң биринчи маалыматты да маданият министри Рашида Дати өзүнүн X (мурунку Twitter) баракчасында жарыялаган.

Кийинчерээк Франциянын Ички иштер министрлиги тактагандай, болжол менен саат 09:30 чамасында (Гринвич убактысы боюнча 07:30) бир нече киши терезени талкалап, Аполлон галереясына кирип барган.

Ички иштер министри Лоран Нуньестин билдирүүсүнө караганда, үч же төрт ууру имараттын сыртында токтоп турган жүк ташуучу унаанын көтөргүчүн колдонуп жогору чыгышкан.

Имараттын ичине киргенден кийин алар текчеде турган баалуу зер буюмдарды уурдап, скутерлерге түшүп качып кетишкен. Нуньестин айтымында, бүтүндөй операция болгону жети мүнөттүн ичинде аяктаган.

Министрликтин маалымдашынча, бул буюмдар коммерциялык жактан гана баалуу эмес, тарыхый жана маданий кайталангыс мурастар болуп саналат.

Франциянын Ички иштер министрлиги кеп кылган Аполлон галереясында учурда француз падышаларына таандык сейрек экспонаттар сакталып турат.

Улуу Француз революциясы маалында монархия кулатылгандан кийин падышалыкка таандык көптөгөн зер буюмдар сатылып же жоголуп кеткен.

Бирок Лувр музейинде кийинчерээк император Наполеонго, анын инисинин баласы, кийин император болгон Наполеон III жана алардын жубайлары — императрицалар Мария-Луиза менен Евгенияга арналган бир нече баалуу буюм сакталган.

Музейдин сайтындагы маалыматка ылайык, Аполлон галереясында коюлган эң баалуу экспонаттар — "Регент", "Санси" жана "Гортензия" деп аталган белгилүү алмаздар.

Луврда дүйнөдөгү эң атактуу көркөм чыгармалардын көбү сакталган. Ал эми анын эң белгилүү экспонаты Леонардо да Винчинин "Мона Лизасы" болуп саналат.

Окуя болгон жерге барган Би-Би-Си кабарчысы Эндрю Хардингдин маалыматына караганда, полиция Луврга кирүүчү бардык жолдорду, анын ичинде музейдин алдындагы дарыя жээгиндеги негизги көчөлөрдүн бирин да жапты.

Тергөөчүлөр негизги көңүлдү имараттын Сена дарыясына караган түштүк-чыгыш тарабына буруп жатышат.

Бул жерден механикалык көтөргүчкө орнотулган чоң жылма тепкич көрүнүп турат. Ал өрт өчүрүүчүлөр же курулуш компаниялары колдонгон жабдууга окшош. Адатта Парижде мындай көтөргүчтөр эмеректерди жогорку кабаттардагы батирлерге жеткирүү үчүн пайдаланылат.

Тепкичтин учу балконго тийип турат. Уурулар дал ошол аркылуу имараттын жогорку кабаттарынын бирине кирип барган деп божомолдонууда.

Бул райондун мэри болсо азырынча бул көтөргүч ремонт иштерине байланыштуу коюлганбы же уурулар атайлап орнотконбу деген суроого жооп бере алган жок.

Имарат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лувр музейинде уурулук учурлары абдан сейрек катталат. Ал дүйнөдөгү эң эле корголгон музейлердин бири. Бирок тарыхта мындай окуялар таптакыр болгон эмес деп да айтууга болбойт. 1911-жылы Леонардо да Винчинин шедеври "Мона Лиза" уурдалган эле.

Ошол учурда полиция белгилүү акын Гийом Аполлинерди жана сүрөтчү Пабло Пикассону суракка алган. Бирок кийин уурулукту италиялык жаран жасаганы аныкталган. Ал бул кадамга улуттук намыс үчүн барганын, сүрөттү Италияга "кайтарып келүүнү" каалаганын айткан.

Картина үч жыл өткөндөн кийин Флоренцияда табылып, кайра Парижге кайтарылган. Ал кезде "Мона Лиза" азыркыдай дүйнөлүк даңкка ээ боло элек болчу.

Мындан тышкары 1983-жылы музейден XVI кылымга таандык соот-шаймандардын бир нече бөлүгү жоголгон, алар 2011-жылы гана табылган.

Ал эми эң акыркы уурулук 1998-жылы катталган. XIX кылымдагы сүрөтчү Камиль Коронун "Le Chemin de Sèvres" (Севрге кеткен жол) аттуу картинасын дубалдан жөн эле чечип кетишкен. Эч ким байкабай калган бул окуядан кийин музейдин коопсуздук системасы олуттуу түрдө бекемделген. Бирок уурдалган картина ошол бойдон табылган эмес.

Лувр имараты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыркы мезгилде Францияда эки ири уурулук фактысы катталды. Сентябрь айында Париждеги Табият музейинен баасы 600 миң евро болгон алтын буюмдар уурдалган. Ошондой эле Лимож шаарындагы Фарфор музейи да тонолуп, андан жалпы наркы 6,5 миллион евро деп бааланган экспонаттар жоголгон.

Лувр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Франциянын президенти Эммануэль Макрон уурдалган көркөм чыгармалар сөзсүз табылып, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убада кылды.

"Луврдагы уурулук — бул биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү болгон жана биз терең баалаган мурастарга кол салуу", — деп жазды ал өзүнүн X баракчасында.

Президент ошондой эле өлкө бийлиги Лувр музейинин коопсуздугун күчөтүү боюнча чараларды көрүп жатканын билдирди. (АА)