Сабак сааты жана унаа кезек: Бишкекте тыгынды жоюу амалдары

Борбордо автоунаа нормадан эки эсе көп болуп, автотыгын элди кыйнап бүттү. "Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деп карап отура бергенден эчтеке чыкпасын бийликтегилер да түшүндү окшойт.
Калаа башчы бул маселени чечүүнүн аракетинде үч айдан бери түрдүү эрежелерди чыгарып келе жатат. Алардын айрымдары колдоого алынса, айрымдары шааардыктардын шакабасына айланууда.
Автоунааларды номурунун акыркы санына карап, жолго чектеп чыгаруу боюнча сунуш талкуунун чордону болуп турган чакта, 45 мектепте окуучулар таңкы сегизге чейин, студенттер ондон кийин окууну баштасын деген чечим чыкты.
Мэрия бул сунуштардын түпкү максаты – автотыгынды азайтуунун амалы деп түшүндүрүүдө.
"Эки күн болсо дагы пайда..."

Сүрөттүн булагы, BISHKEK MERIA
Мэр Айбек Жунушалиев бул кызматка автотыгын маселесин чечем деген убада менен келгени ырас. Ишти муниципалитет кызматкерлеринен баштаган.
Тагырагы, эки айдан бери мэрия кызматкерлери аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү жумушка коомдук транспорт менен барып келишет.
Бул чечим шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу жана автотыгынды азайтуунун бир жолу катары чыкканын мэриядан түшүндүрүп беришкен. Убагында коомчулук муну дагы түрдүү кабыл алып, аткаминерлер эки күн эле эмес, күн сайын түшсүн деген талаптарын айтып чыгышкан болчу.
Фейсбуктагы талкуулардан:
“Бомба түшкөн жолдорду көрүшөт болду бекен”
“Бул кандай пиар? Эки күн жүргөнгө жараша «доканса» жүрсүн. Эки күн менен эмне чечилет?»
Муниципалитетти колдоп, башка дагы мамкызматкерлер коомдук транспорт менен жумушка барып келип жатканы тууралуу маалыматтар чыгып калган.
Мындай иш-аракет акыркы эки айда автотыгындын азайышына таасир этсе-этпесе да аны изденүү катары баалаш керек.
Сунуштан чыккан шакаба

Сүрөттүн булагы, BISHKEK MERIA
Үч күн мурун мэрия автоунаалардын номуруна жараша көчөгө чыгаруу сунушун талкууга салды.
Унаанын номеринин акыркы сандары бир, эки менен бүтсө дүйшөмбү күнү шаар ичинде жүрүүгө болбойт. Шейшембиде, үч жана төрт, шаршембиде беш жана алты, бейшемби күнү жети жана сегиз, жума күнү тогуз жана нөл менен аяктаса, шаарга чыкпайт.
Бул эрежени бузгандарга акчалай айып пул салуу каралууда.
Мындай чектөөнү азырынча Бишкек жана Ош шаарына киргизүү сунушталып жатат.
Бул кызуу талкууга жем таштап, үч күндөн бери интернет айдыңында түрдүү пикирлер жазылууда. Анын көбү шакаба чеккендер.


Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындай билдирүүлөргө мэрия дагы өз жообун берүүдө.
“Бул деген асмандан ойлонуп табылган жок да. Бул деген дүйнөлүк практика. Мындай чектөөлөр жыйырмадан ашык мамлекетте колдонулган. Биз караган вариант Бразилияда, Монголиянын Улан-Батор шаарында колдонулат. Ошондо бул көчөдөгү унаалардын санын жыйырма пайызга чейин азайат да",-деди шаардын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Тимур Рыспаев .
Ырас, бул азырынча сунуш эле, бир ай талкууда болот. Бул иш мэрия менен бүтпөйт. Жогорку Кеңеште депутаттар жактырса гана айып пул жана башка нормалары иштелип чыгат.
Эгерде бул сунуш кабыл алынып калса, ал кандай иштейт деген дагы чоң суроо турат. Укук коргоочулар, өлкөдө анын ичинде өзгөчө автоунаа айдагандар арасында мыйзамды сыйлагандар аз экенин айтып, иш жүзүндө бул эрежени көзөмөлдөө азырынча кыйын болорун, коомдо каршылык болорун айткандар бар.
“Айып пул кантип салынат? Бул өзүнчө суроо. Камералар бар жерде бул мыйзам иштеп калат. Себеби, так эмес номурлуу автоунаа башка күнү жүрүп калса, камера өзүнө жазып калат. Бул жерге чоң акча дагы керек. Себеби, муну “Коопсуз шаардын” программасына дагы киргизиш керек да. Экинчи маселе, айып пулду ким салат? Ушул сыяктуу жол-жоболор иштелип чыгышы керек да”, - Калича Умуралиева, “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси.

"Ой муну ким ойлоп тапкан?"
Бишкекте туруктуу жашап, дайыма автоунаа менен жүргөн айдоочулар бул демилгеге каршы болушууда.
“Мен буга макул эмесмин. Мисалы, ооруканага барыш керек же ушул сыяктуу шашылыш учур болуп калат да. Ошондо кандай кылабыз? Тезинен ооруканага барыш керек болуп жатса, унааны айдаганга болбойт экен деп жата албайсың да. Мен каршымын!”, - дейт калаа тургуну Улан Кубатов.
“Ой муну ким ойлоп тапкан? Кишинин күлкүсүн келтирет го! Ошондо мен күн сайын такси айдап, жан багам. Менин бир күнкү кирешемди төлөп беришет бекен ошондо? Такси айдабагандарга деле ыңгайсыз бул. Эгер муну кабыл алса, кандай болот элестетүү кыйын”, - деп бакылдады такси айдоочу Марат.
Мэр Айбек Жунушалиев "Кабар" маалымат агенттигине бүгүн берген маегинде, зарыл учурда уруксат берилерин билдирди.
"Эгерде ал учурда өмүр жана ден соолук суроосу болуп турса, өзгөчө кырдаал учуру болсо, албетте, артыкчылык берилет. Эгерде суу каптаса, так эмес сандагы унаалар чыкпагыла деп айта албайбыз да. Андай болбойт, биз акыл менен иш калчап, изилдегенге даярбыз".
Мэр сунуштарга дагы ачык экенин билдирип, бирок мындай кадамдарын токтотпой турганын айтууда.
Бир жылдары коомдук жайда түкүргөндөргө карата беш миң сом көлөмүндө айып пул салуу мыйзамы, коомдун катуу сынынан кийин төмөндөтүлүп, миң сом болгон. Бул сунуш дагы сын-пикирден кийин кайра артка кайтарылып же өзгөрүшү мүмкүн деп, тургандар дагы бар.
Автотыгын маселесин чечүү үчүн алдыда дагы бир катар пландар бар экенин мэр айта кетти. Алардын бири шаардан ортосундагы жол четиндеги автоунаа токтотуучу жайларды алуу. Калаада оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдун жээгиндеги унаа токтотуучу жайлар алынып жатканы дагы айтылды.
Жакынкы жылдары кабат-кабат унаа токтотуучу имарат салуу пландалууда.
Окуучу менен студенттердин сабак маалы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Автоунааны чектөө сунушун талкуулоо кызыган маалда, бишкектик ата-эне, окуучу жана студенттерди ойлондурган токтом кабыл алынды. Анда мектепте сабак таңкы саат 08:00гө чейин башталышы керектиги жазылган.
“14 муниципалдык мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталат: № 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.
2024-2025-жаңы окуу жылында окуу саат 7.30дан баштап төмөнкү 30 мектепте пландаштырылууда: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, №1 МЛГ», - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Би-Би-Си сүйлөшкөн айрым ата-энелер таңкы саат 07:30 окуучуларга өтө эле эрте болуп каларын билдиришти.
«Балдар үчүн саат 07:30 аябай эле эрте. 08:00 туура эле болмок. Бул ата-эне үчүн ыңгайсыз. Студенттерге деле окуу эрте башталса жакшы. Же мен өзүм СССРде төрөлүп, окуп калгангабы, мен үчун 08:00дө сабак башталганы туура», - дейт Нуржамал Эмилова.
«Эгерде таңкы 07:00дө башталса, өтө эле эрте. Көнгөн эле сегизде башталса туура болот. Бир кызым мектепке барат. Шаарда мектепке жетиш эле канчалык кыйын экенин өзүңөр жакшы билесиңер», - деп кабатыр Зульфия.
Ал эми студенттердин окуусу саат ондон эрте башталбайт деп көрсөтүлгөн.
Кандай болсо дагы, шаар бийлиги транспорт, жол, тыгын жана башка курчуган маселелерди чечүүгө чечкиндүү киришкени көрүнүп турат. Шаардын чоң жолдору удаа-удаа жаңы асфальтталып, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери аткарылып жатканда, жүздөгөн жаңы имараттардын, курулуштардын кулач жайганы, мектептердин салынып жатканы - шаардын экономикалык инфраструктурасы жакшыра баштаганын көрсөтөт. Алардын катарында жол тыгындарын чечүүнүн башка өлкөлөрдөгү практикасын да карап көрүүгө неге болбосун?












