Канада: мектептеги атышууда тогуз адам каза таап, 25и жарадар болду

Скриншот

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Канаданын батышындагы мектеп жана турак үйдөгү бири-бирине байланышы бар делип жаткан атышууларда тогуз адам каза таап, 25 жарадар болушту. Бул тууралуу полициянын маалыматында айтылат.

Тамблер Ридж мектебинде жети киши октон каза таап, мектепке жакын үйдө дагы эки адамдын сөөгү табылды. Жергиликтүү бийлик каза тапкандарды аты-жөнүн жана жаш курагын ачыктай элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, бейкүнөө адамдарга ок ачты делген шектүү өзүнө өзү кол салып каза тапты. Бийлик террористтин өздүгү такталганын айткан менен анын ысымын атабай жатат. Бирок жарандарды үйдө калууга үндөгөн буга чейин кабарларда шектүү "көйнөкчөн, коңур күрөң чачтуу аял" катары сүрөттөлгөн. Канаданын премьер-министри Марк Карни "бүгүнкү үрөй учурган ок атуулардан" улам "катуу кайгырып жатканын" билдирди жана Германияга пландалган сапарын токтотту.

Полиция бул кол салууда кандай курал колдонулганын азырынча аныктай элек.

Тамблер-Ридждеги трагедия Канаданын тарыхындагы эң кандуу ок атуулардын бири болуп калды.

2020-жылы полиция кызматкериндей кийинген куралчан киши Нова Шотландия провинциясында эки күн ичинде 22 адамды өлтүргөн. Ал эми 1989-жылы Монреалдагы L'École Polytechnique университетиндеги феминисттерге каршы кол салууда 14 аял каза болгон. Канадада АКШга салыштырмалуу курал мыйзамдары кыйла катаал болгондуктан, бул өңдүү массалык кол салуулар сейрек кездешет.