Миграция, чек арадагы тыгын, "Яндекс". Путин орус ЖМКларына маек курду

Сүрөттүн булагы, president.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, ЖККУ саммитине да катышып, андан соң орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына маек куруп, бир нече маселе боюнча пикирин билдирди.
Путин эмгек мигранттарынын негизги көйгөйү болгон миграция маселесине учкай гана токтолду. Орусия президентинин айтымында, миграция жаатында ишти так жүргүзүү Орусия үчүн да, Кыргызстан үчүн да маанилүү.
Ал миграциялык саясат өлкө жарандарынын, жергиликтүү калктын жана экономиканын кызыкчылыгы үчүн керектигин белгиледи.
Путин Кыргызстандан келген мигранттар айрым талаптарга, анын ичинде бала бакчадан тарта мектеп, кийинки баскычтарда орус тилин билүүгө даяр болушу зарыл экенин айтты.
2024-жылы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" адам өмүрүн алган куралдуу чабуулду тажик тектүү жарандар жасаганы аныкталып, бир нече шектүү кармалган. Мындан соң мигранттарга каршы маанай күчөп, эрежелер катаалдашкан.
Мигранттардын балдары мектепке кирүү үчүн тест тапшырууга милдеттендирилген. Анын жыйынтыгында Орусияда чет элдик мигранттардын балдарынын 87 пайызы мамлекеттик мектептерде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы кабарланган.
"Кийинки жылы документи жок жүк конфискацияланышы мүмкүн"
Владимир Путин Орусия–Казакстан чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны боюнча да өз оюн айтты.
Путиндин билдиришинче, маселе Орусиянын бажы органдары жолдо фураларды тандалма түрдө текшерүүгө алгандан кийин жаралган. Текшерүүнүн жүрүшүндө көпчүлүк жүк ташуучу унаалар чек араны документсиз кесип өтүп жаткандыгы аныкталган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал тараптар ортосунда жалпы бажы мейкиндиги, жалпы рынок, капиталдын жана товарлардын эркин жүрүшү бар экенин мойнуна алып, бирок ар бир жүк ташуучу унаа белгилүү бир документтердин топтомуна ээ болушу керек экенин айтты.
"Жолдордо текшерүү башталары менен фураларда эч кандай документ жок экени аныкталды. Кечирип коюңуздар, бул кара импорт биздин бажы аймагына жөн эле агылып кирип жатат. Тартынбай айта алам, Орусия бюджети миллиарддаган, он миллиарддаган рублдерди жоготуп жатат", — деди Путин.
Анын айтымында, ар бир фурада товар тууралуу маалымат, документтердин топтому болушу шарт. Бул бажы наркын, бажы төлөмдөрүн жана кошумча нарк салыгын так эсептөө үчүн зарыл.
Путин ошондой эле Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен маселе талкууланганын билдирди. Эки өлкөнүн бажы кызматтары товар баасы жана алуучу тууралуу маалыматты көрсөтүүнүн бирдиктүү тартибин макулдашкан.
"Чек арада топтолгон фуралар бара-бара өткөрүлөт. Кезек жоюлат", — деп ишендирди ал.
Орусия президенти кийинки жылдан тарта бажы кызматтары текшерүү учурунда бардык зарыл документтерди талап кылары, эгер документтер жок болсо, анда унааларды артка кайтарбай, жүктү конфискациялоого чейин барары мүмкүн экенин эскертти.
Буга чейин жеңил өнөр жай тармагында иштеген ишкерлер Кыргызстандан жөнөткөн жүктөр Казакстан-Орусия чек арасынан өтпөй, көбү кайра артка кайтып жатканына даттанышкан. Буга байланыштуу көптөгөн цехтер жабылып жатканын кабарлашкан.
"Яндекс"
Путин эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку технологиялар тармагында да өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда "Яндекс" компаниясы барган сайын активдүү иштеп жатат.
"Бул жерде "Яндекс" иштеп жатат жана ишмердүүлүгүн улам кеңейтип барат деп баса белгилегим келет. Биз үчүн бул маанилүү. "Яндекс" бир гана азык-түлүк жеткирүү, такси же ташуу кызматы менен алектенбейт. Компания жасалма интеллектти өнүктүрүүгө да салым кошууда. Бул баарыбыз үчүн өтө маанилүү жана келечектүү багыт", — деди ал.
Быйыл 31-январда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "орусиялык компанияга" кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, сынга алган. Кеп "Яндекс" компаниясы жөнүндө экени белгилүү болгон.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2024-жылы ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу "Яндекс.Такси" ишканасынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.
"Яндекс" компаниясы Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө такси рыногунда монополистке айланганы айтылып келет.
Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрь кечинде мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Орус президенти Кыргызстанда акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2019-жылы, ал эми расмий сапар менен 2023-жылы болгон.












