"Катуу жеңиш". Жапонияда башкаруучу партия парламентте конституциялык көпчүлүккө ээ болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Келли Инг
- Role, Би-би-си
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Жапонияда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо премьер-министр Санаэ Такаити жетектеген башкаруучу Либерал-демократиялык партия (ЛДП) жеңишке жетти. ЛДПнын шайлоодогу жыйынтыгы эң оптимисттик божомолдордон да аша түштү. Консервативдүү коалиция парламенттин төмөнкү палатасында орундардын үчтөн экисинен көбүн алды. Бул - конституциялык көпчүлүк, ал Такаитинин партиясына оппозицияга көз каранды болбой, өз демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жапониянын коомдук телерадиокомпаниясы NHK билдиргендей, добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарына ылайык, Такаити жетектеген Либерал-демократиялык партия 465 мандаттын 316сын алды. Буга чейин башкаруучу партиянын төмөнкү палатада болгону 198 оруну бар эле, башкача айтканда, жарымынан да аз болчу. Эми партия үчтөн экиден ашык (310 орун) мандатка ээ болуп, жогорку палатанын ветосун айланып өтүүгө жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды.
NHK белгилегендей, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Жапониянын парламентиндеги төмөнкү палатада бир да саясий партия үчтөн экиден ашык орун ала элек эле. Ошондой эле бул 1955-жылы түзүлгөндөн берки ЛДП үчүн эң мыкты жыйынтык болду.
"Мындай ишенимдүү жеңиш премьер-министр Санаэ Такаитиге өзүнүн консервативдүү саясий программасын илгерилетүү үчүн олуттуу дем берет" деп жазат Kyodo агенттиги. Басылма парламенттеги орундардын мынчалык көбөйүшү Такаитинин жеке популярдуулугу менен байланыштуу экенин жазат.
Башкаруучу партия шайлоодо ийгиликке жетерин коомдук сурамжылоолор, экзит-полдор жана эксперттер менен жапон медиасы божомолдоп жатышкан, бирок алар партия жетчү ийгиликтин масштабын баалабай калышкандай. Мисалы, Kyodo News ЛДП кеминде 243 орун алат деп ойлогон. Ал эми NHK андан да оптимисттик маанай менен 274төн 328ге чейинки мандат алат го деп болжоп жаткан. Kyodo да, NHK да башкаруучу коалиция - ЛДП менен Инновациялар партиясы - 300дөн ашык орун алат деп ишенишкен.
"Шайлоо алдында берилген убадаларды кынтыксыз аткарууга көңүл буруу боюнча өтө оор жоопкерчилик биздин мойнубузда", - деди Такаити ЛДПнын жеңиши белгилүү болгондон кийин.
Жапониядагы башкы оппозициялык партия болгон Центристтик реформаторлор альянсы алдын ала божомолдонгондой эле парламенттеги орундарынан кыйла кол жууду. Альянс парламенттеги 167 мандаттын жарымын жоготот деп күтүлүп жаткан, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында партия болгону 49 орунга ээ болду. Бул альянс буга чейинки добушунун үчтөн биринен да азын сактап калды дегенди билдирет.
Альянс 2026-жылдын январында ЛДПнын мурдагы коалициялык өнөктөшү "Комэйто" партиясы менен Конституциялык-демократиялык партиянын биригиши аркылуу түзүлгөн. Kyodo агенттигинин маалыматына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин анын кош төрагалары Йошихико Нода менен Тэцуо Сайто кызматтан кетерин билдиришти.
Расмий жыйынтыктар чыга электе эле Такаитини АКШнын президенти Дональд Трамп куттуктады. "Премьер-министрди жана анын коалициясын катуу жеңиши менен куттуктайм", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык платформасында. - "Күч аркылуу тынчтык рухундагы консервативдүү саясатты жүргүзүүдө чоң ийгиликтерди каалайм".
Добуш берүүгө бир күн калганда Трамп Такаитини ачык колдоп чыкты, бул АКШ президенти үчүн сейрек көрүнүш. Алар 2025-жылдын октябрында америкалык "Жорж Вашингтон" аскердик учагында жолугушкан.
Шайлоо күнү адаттан тыш катуу кар жаап, шайлоочулар аба ырайынын кескин бузулуусуна карабай, добуш берүүгө келүүгө аргасыз болушту. Бул шайлоолор акыркы 36 жылда биринчи жолу кыш мезгилине туш келди. Себеби алар мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Такаити 2026-жылдын январында, башкаруучу ЛДПнын лидери болгонуна үч ай өткөндөн кийин, Жапониянын тарыхындагы биринчи аял премьер-министр катары шайлоону жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул шайлоолор ЛДП үчүн бурулуш учур болушу керек эле, анткени партия коррупциялык ызы-чуулардын жана чыгымдардын өсүшүнүн айынан көп жылдык коалициялык өнөктөшүнөн жана парламенттик көпчүлүктөн ажыраган.
Буга чейин ЛДПдан чыккан эки премьер-министр рейтингдеринин кескин төмөндөшүнөн улам Такаитинин шайлоочулар арасындагы популярдуулугу өсө баштады. Такаитинин максаты боюнча, анын жеке популярдуулугу партияга шайлоочулардын колдоосун кайтарып берип, бул өз кезегинде анын салыктарды азайтуу жана субсидияларды көбөйтүү сыяктуу шайлоо алдындагы убадаларын ишке ашыруусуна мандат бериши керек эле.
Бирок сынчылар чыгымдарды көбөйтүү боюнча анын пландары Жапониянын чабал экономикасына жардам берет дегенге күмөндүү карашат. Себеби, өлкөнүн мамлекеттик карызы өнүккөн өлкөлөдүн ичиндеги эң көлөмдүү карыздардын бири бойдон калууда.
































