Британия өзөктүк куралдарды ташып жүрүүгө жөндөмдүү F-35 истребителдерин сатып алат

Азыркы күндө жети өлкө, анын ичинде АКШ, Германия жана Италия кош багыттагы кыйратуучу учактарды колдонушууда

Сүрөттүн булагы, Nathan Laine/Bloomberg via Getty Images

    • Author, Жонатан Бил
    • Role, Би-Би-Синин коргоо боюнча кабарчысы

Улуу Британия өкмөтү өзөктүк куралдарды ташып жүрүүгө жөндөмдүү 12 жаңы F-35А истребителдерин сатып алууну пландаштырып жатат. Муну менен өлкө НАТОнун абадагы өзөктүк миссиясына кошулууга багыт алат.

"Улуу Британиянын соңку жылдардагы өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө багытталган эң маанилүү кадамы", – деп сыпаттады Даунинг-стрит кеңсесинен.

Кыргын салуучу учактар кадимки оор жана америкалык өндүрүштөгү тактикалык өзөктүк куралдарды ташууга жөндөмдүү.

НАТОнун абадагы өзөктүк миссиясынын алкагында Европада сакталган америкалык B61 бомбалары менен союздаштардын учактарын куралдандыруу каралган.

Азыркы күндө жети өлкө, анын ичинде АКШ, Германия жана Италия кош багыттагы кыйратуучу учактарды колдонушууда.

"Дүйнөдө туруксуздук "тооруп турган маалда" биз тынчтыкты жөн эле кадимки кубулуш катары кабыл ала албайбыз, ошол себептен менин өкмөтүм улуттук коопсуздугубузга инвестиция кылууну чечтик", – деди Стармер.

Анын айтымында, бул кадам 100 ишкананын колдоосун таап, өлкө боюнча 20 миң жумуш орундарын түзүп, Королдук аскердик-аба күчтөрүнүн жаңы доорун ачат.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Лондондун чечимин "Улуу Британиянын альянска дагы бир олуттуу салымы" деп атады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сатылып алына турчу истребителдер Норфолктогу аскердик-аба күчтөрүнүн базасында жайгашмакчы.

Ушул учактардын F-35B модификациясын Аскердик-аба күчтөрү жана Королдук аскердик-деңиз күчтөрү колдонуп келүүдө, бирок алар кыска аралыкка эле учуп, курал-жарактардын кеңири түрүн ташый албайт.

F-35B алгач Королдук флоттун HMS Queen Elizabeth жана HMS Prince of Wales аттуу учак тарткан эки аскердик кемелеринде жайгаштыруу үчүн алынган эле.

Америкалыктар B61 бомбаларынын запастарын Европада алдын-ала жайгаштырышкан. Королдук коргонуу изилдөөлөр институтунун өкүлү (RUSI) Жастин Бронктун айтымында, согуш учурунда АКШ бийлиги ал бомбаларды колдонуу боюнча көзөмөлдөп турат.

Азыркы тапта Улуу Британияда стратегиялык өзөктүк куралды жеткирүүгө ылайыкташылган бир эле система бар. Ал Vanguard классындагы суу астында жүрүүчү кемеден учурулган Trident баллистикалык ракеталары. Trident ракеталары АКШда өндүрүлөт, ушул өлкөдө тейленет. Бирок анын дүрмөттөрү Британияда жасалып, тейленет. Британ өкмөтү көптөн бери ракетаны колдонууда Америкадан көз каранды болбой калабыз деп айтып келген.

Бронктун айтымында, Королдук аскердик-аба күчтөрүнүн кайрадан "өзөктүк оюнга" чырмалашуусуна бир топ убакыт керектелет.

"Британия F-35A учактарын сатып алса, анын узак аралыкка учуусу жана ок-дарылардын кеңири түрүн алып жүрүүсү өлкөгө артыкчылык берет", – деди эксперт. (КВ)