"Иренжиткен көрүнүш". Модинин Путин менен кучакташканы Батышка жаккан жок

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Москвага жасаган сапары жана президент Путин менен кучакташкан сүрөтү дүйнөлүк басылмалардын башкы темасы болду.
Өзгөчө премьер-министр Модинин НАТОнун саммитин утурлай Орусияга барышы жана Украинада балдар ооруканасы талкаланган учурда эки лидердин кучакташканы Батыш өлкөлөрүнө анча жаккан жок.
Анткени Эл аралык кылмыш соту 2023-жылдын мартында Украинага жасалган кол салуу үчүн Путинди камакка алууга ордер чыгарган.
Модинин сапары Орусиянын соңку ракеталык жапырт чабуулунан Украинада 40тан ашык адам өлүп, Киевде балдар ооруканасы талкаланган учурга туш келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү премьер-министр Модинин Путин менен кучакташканын кескин сынга алды.
"Дүйнөдөгү эң чоң демократиялык лидердин ушундай күнү Москвада дүйнөдөгү эң канкор кылмышкерди кучактап турганын көрүү – бул иренжите турган көрүнүш жана тынчтык аракеттерине катуу сокку", - деп жазды X коомдук медиасына.
Модинин сапары Индиянын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Кошмо Штаттардын да көңүлүн бурду. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэттью Миллер Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Нарендра Модини Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин баса белгилөөгө чакырды.
Батыш маалымат каражаттары премьер-министр Модинин Москвага сапары Орусияга каршы киргизилген санкциялардын күчүн басаңдатып жатканын жазды.
Батыш Украинага жасалган кол салуудан кийин Орусияны чөгөлөтүүгө аракет кылып, көптөгөн санкцияларды салган, бирок Индия Батыш менен мамилеси жакшы болсо да алардын саясатына ыктап кеткен жок.
Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Анбарасан Этиражан белгилегендей, көптөгөн эксперттер Модинин НАТО саммитинин алдында Москвага сапары Путинге пайда алып келеби деген суроого жооп издеп жатышат.
Индия менен Орусия кансыз согуштан бери коргонуу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча тыгыз байланышта. Москва Делини курал-жарак менен камсыздаган бирден бир өлкө. Индиянын дүйнөдө армиясы кубатту делген коңшулары Пакистан жана Кытай менен чек ара боюнча чечиле элек талашы көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Соңку жылдары Орусия Индияда бир нече атомдук электр станцияларын курууга техникалык жардам көрсөткөн.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкция киргизгенден кийин деле Дели Москвадан миллиарддаган долларга арзандатылган мунай сатып алууну улантып келет.
Орусиянын Индия менен болгон соода алакасынын көлөмү 2023-2024-жылдарга мунай сатып алуу аркылуу 65 миллиард долларга чейин көтөрүлгөн. Индиянын Орусияга экспорту болгону төрт миллиард долларды түзөт.
Индиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Модинин негизги көздөгөнү соода дисбалансын жоюу жана Индияга орусиялык инвесторлорду тартуу, ошондой эле коргонуу өндүрүшүнүн бир бөлүгүн Индияга көчүрүү.
Индия Кытай менен болгон чек ара чатагынын фонунда Москва менен достук мамилеге кызыкдар. 2020-жылы талаштуу чек арадагы атышуулардан ондогон адам өлгөн. Дели орус-кытай жакындашуусуна тынчсыздануу менен карайт.
Индия акыркы он жылдыкта өзүнүн коргонуу тармагына басым жасап АКШ, Франция жана Израилден курал-жарак сатып алганы менен дагы эле Москвага көп таянат. Ал эми Украинадагы согуш Индиянын коргонуу экспортуна таасирин тийгизди деген кооптонуулар бар.
Индия ири державалардын ортосундагы глобалдык тиреш күчөгөн маалда АКШга да, Орусияга да керек экенин түшүнөт. Демек, Дели Вашингтон менен Москваны таарынтпаш үчүн тең салмактуулукту издеп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индия менен Орусиянын мамилесинде да түйшөлткөн маселелер жок эмес. Индиянын жарандары кирешелүү жумуш тууралуу жалган убадаларга алданып орус армиясынын катарында Украинага каршы согушуп жүрөт. Кан-майданда төрт индиялык каза болгону ачыкталган.
Индиялык расмий өкүлдөрдүн ырасташынча, бул жолку сапарда Моди орус лидери менен индиялыктарды орус армиясынын катарынан бошотуу маселесин талкуулаган. (SA)







