АКШ техногиганттары 500 миллиардга тете Stargate жасалма интеллект долбоорун ишке киргизет

OpenAI, Oracle жана Softbank жетекчилери Ак үйдө президент Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда

Сүрөттүн булагы, Aaron Schwartz/Sipa/Bloomberg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, OpenAI, Oracle жана Softbank жетекчилери Ак үйдө президент Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда

АКШ презденти Дональд Трамп Stargate компаниясы түзүлгөнүн, ал жакынкы жылдары жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө 500 миллиард доллар жумшала тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу президент долбоорго катыша турган технологиялык компаниялардын жетекчилеринин, тактап айтканда Oracle корпорациясынан Ларри Эллисон, OpenAIдан Сэм Альтман жана SoftBank жапон холдингинен Масаёси Сондун катышуусунда өткөн жолугушууда айтты.

Алгачкы этапта бул компаниялар биргелешип жаңы долбоорго 100 миллиард доллар каржылык жардам көрсөтөт.

Трамп Stargate компаниясын жасалма интеллект жаатында Американын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган эң ири долбоор деп атады.

Анын айтымында, долбоордун алкагында 100 миңден кем эмес жумуш орду камсыздалып, өлкөнүн бардык аймагын камтыган маалымат борборлору курулат. Бийлик долбоор үчүн ылайыктуу аянттарды издөөгө киришти.

Биринчи маалымат борбору Техас штатында курула баштаганы айтылды.

OpenAI (ChatGPTнин негиздөөчүсү) мурда дагы жасалма интеллект тармагын өнүктүрүү үчүн анын инфратүзүмүнө демөөрчүлүк кылууну жана мамлекеттик колдоону талап кылып келген.

"Менин оюмча бул доордун эң маанилүү долбоору болот. Трамп болбосо бул ишке ашпайт эле", - дейт OpenAIдын башкы директору Сэм Альтман.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Технология тармагындагы маалыматтык сайттардын бири The Information Stargate долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө алгачкы жолу өткөн жылдын март айында жазган. Ал эми катышуучу компаниялардын арасында сүйлөшүүлөр андан бир жыл мурун эле башталган.

Үч негизги компаниядан (OpenAI, Oracle жана Softbank) сырткары долбоорго технологиянын дөө-шаалары Microsoft, Arm, NVIDIA (дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компания) дагы өнөктөш болот жана БАЭ бийлигинин колдоосундагы MGX демөөрчүлүк кылат.

OpenAI 2022-жылы колдонуучулардын суроолоруна реалдуу жооп берген, тексттерди которууда, документтерди түзүүдө сапаттуу кызмат сунуштаган ChatGPT ботун ишке киргизип, жасалма интеллект тармагында алгачкылардан болуп калды.

Мындан улам жасалма интеллект тармагына демөөрчүлүктүн күчтүү агымы пайда болду.

Жо Байдендин президенттик кызматта кабыл алган акыркы чечимдеринин бири жасалма интеллектке байланышкан чиптерди экспорттоого чектөөлөрдү киргизүүсү болду. Бул АКШнын аталган тармакты көзөмөлдөөсүнө жол ачмак.