Путин Назарбаев менен жолугушту

Назарбаев жана Путин, Кремль, 2025-жыл, декабрь

Сүрөттүн булагы, kremlin.ru

Кремль орус президенти Владимир Путин 27-декабрда кечке жуук Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу бир сүйлөмдөн турган жаңылык койду, ал эки саясатчынын сүрөтү менен коштолду. Кремлдин Telegram-каналында бул жолугушуунун сегиз секунддук видеосу да жарыяланды, анда Путин менен Назарбаев тегерек үстөлдүн жанында отурганын көрүүгө болот.

Быйыл Назарбаев менен Путин ушуну менен экинчи ирээт жолугушуп жатат. Буга чейин алар май айында да кездешкен, бирок ал жолугушуунун дагы мазмуну бүдөмүк тейден калган.

Назарбаев былтыр декабрда дагы Путиндин кабыл алуусунда болгон, анда да жолугушуунун күн тартиби коомчулукка жарыяланган эмес.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган туңгуч президент Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында кызматын тапшырып кеткен. Ал бийликти өзүнүн мураскери Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берип, бир катар кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган.

Бирок 2022-жылдагы Каңтар окусынан кийин Назарбаев көптөгөн артыкчылыктарынан ажыраган. Мурдагы президенттин туугандары жогорку кызматтардан кеткен, айрымдарына иш козголуп, жоопкерчиликке тартылган.

Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай экс-президенттин май айындагы Москвага сапары тууралуу кооментарий берип, ал сапар "жеке мүнөздө" болгонун билдирген. Анын айтымында, Назарбаев менен Путинди "көп жылдан берки достук мамилелер" байланыштырат. Укибай Назарбаев Казакстанда жашай турганын белгилеп, анын эмиграциясы тууралуу кептерди четке каккан.