Кыргызстан менен Британия маанилүү минералдар боюнча кызматташуу меморандумуна кол койду

Сүрөттүн булагы, UKINKYRGYZSTAN
Кыргызстан менен Британия өтө маанилүү минералдар боюнча кызматташуу меморандумуна кол койду. Бишкектеги британ элчилиги аны "тарыхый меморандум" деп атады.
Расмий маалыматка ылайык, документке Британиянын Европа жана Түндүк Америка боюнча жооптуу министри Стивен Даути Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев кол койду.
"Кыргызстан - "жашыл" технологиялар, таза энергетика жана келечектеги өнөр-жай үчүн зарыл болгон стратегиялык минералдарга бай өлкө. Бул өнөктөштүктүн алкагында минералдык сектор аз көмүртектүү, экологиялык жооптуу стандарттар менен өнүгүп, инвестициялар тартылып, жаңы жумуш орундары түзүлөт", - делет бул тууралуу билдирүүдө. - "Бул - жөн эле экономикалык кадам эмес. Бул - туруктуу келечекке, өсүшкө жана бакубатчылыкка жол ачкан көпүрө. Бирге биз өнөктөштүктү бекемдеп, "жашыл" өнүгүүнү колдоп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз".
Меморандумдун шарттары тууралуу маалымат айтылган жок.
Соңку кезде Борбор Азиядагы минералдык ресурстарга болгон атандааштык байкалат. Буга чейин октябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп аймактын лидерлерин кабыл алып зарыл маанилүү минералдар боюнча кызматташтык күн тартибиндеги негизги маселе экенин жашырган эмес.








