Сахара чөлүнөн көтөрүлгөн чаң Грецияга жетти
Сахара чөлүнөн көтөрүлгөн чаң Грецияга жетти
Сахара чөлүнөн көтөрүлгөн кум менен чаң өткөн аптада Грециянын айрым аймактарын каптады. Майда кум асманды кызыл-сары түскө боёду. Грециядагы "Эрминио" бороону — катуу шамал жана сел кеминде бир кишинин өмүрүн алды.
"Эрминио" циклонунан улам көчөлөрдү суу каптап, айрым мектептер жабылды жана кайык, кемелердин иши токтоду. Мындан тышкары бир нече авиакаттам убактылуу токтотулду.
Соңку жылдары Греция кыйратуучу суу ташкындарын жана токой өрттөрүн баштан кечирди. Адистер муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырат.



