Алмаз Кособаев: согуш кылмыштарын абийир кечирбейт

Алмаз Кособаев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Украинада бир жылдан бери жүрүп жаткан согушту актаган үстөкө-босток пропаганда Россияны оргуштап каптап жатат. Бул согушка каршы болгондорду чыккынчы катары жазалашууда. Ал эми Россия менен союздаш постсоветтик өлкөлөрдө көбүнчө унчукпай турушкан менен согушту жактагандар менен катар айыптаган бирин-серин аракеттер да болууда.

Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз жараны, журналист Алмаз Кособаев “Атанын тагдыры” деген кыска метраждуу фильмин тартып, элге чыгарды. Би-Би-Си бул автор менен согуш жана пропаганда темасында маектештик.

А. Кособаев: Бул фильм Россия Федерациясынын Украинадагы кылмыштуу согушу жөнүндө ой толгоонун натыйжасында жаралды. Өткөн жылы жазында тартылды. Бул өлкөдө болуп жаткан согуштун азап-тозогу жүрөгүмдү оорутту. Тынч карап отура албадым. Мындай согуштук кылмыштарга цивилдүү коом кандай караш керек экени жөнүндө мен өзүмдүн оюмду жеткиргим келди. Формасын, мазмунун жана сюжетин ойлоп, ишке ашырдым.

Кадимки күндөрдүн биринде Россиянын кайсы бир бурчундагы үйүнө бир жоокер согуштан кайтып келет, ал аңгырап ээн турган үйүнө туш болот. Ал согушта кудайдын барманы менен аман калганы андан ары сюжеттен белгилүү болот. Анын өзүнүн жүрөк өйүгөн күйүтү бар, туткунга түшүп, алмашууга туш келип кайтып келген. Жүрөгүн эзген, башын мыкчыткан оорусу бар, согушта алган контузия менен үйүнө кайткан болот. (Атанын тагдыры)

Мен бул фильмде согуш Украинадагы карапайым калктын жашоосун эле талкалабайт, ал бул согушка катышып жаткан россиялыктардын өздөрүнүн да жашоосун талкалайт деген идеяны бергим келди. Бул кесепет ошондой эле “аскердик операция” деп аталган согушту ачыктан ачык же тымызын колдоп жаткандарга да тиет.

Бул фильмдин негизги чакырыгы согуш эмне экенин жакшы түшүнбөй жаткан же россиялык телеканалдардан оргуштап агылып жаткан пропагандага алданып жаткан калктын калың катмарына башка элдин аймагына колуна курал алып кирген адам аскердик кылмышкер экенин жеткирүү болуп саналат. Кайсы өлкөнүн жараны болбосун, агрессор болуп басып кирсе, эртеби-кечпи өзүнүн жазасын алат, же мыйзам алдында жооп берет, же кудайдын каарына калат. Өзүнүн абийиринин алдында жооп берет. Согуштун үрөй учурган жүзү, кыйкырыгы, азап-тозогу жанына жай бербейт, жүрөгүн мыкчыйт. Бул фильм бүт дүйнөнүн жаштарына аскердик кылмыштарга катышпагыла деген чакырык болуп саналат.

Би-Би-Си: Сенин фильмиң өзүнүн көрүүчүлөрүнө кандай жол менен жетип жатат? Казакстан менен Кыргызстандагы расмий каналдар менен Россиянын согушуна каршы фильмди чыгарбаса керек, ал эми Россиянын өзүндө Ютубду көрө алышпайт.

А.Кособаев: Жакында эле бул фильмди “Настоящее время” телеканалында көрсөтүштү. Мен аны өзүмдүн каналыма чыгара элек болчумун. Мен кээ бир фестивалдарга арыз бердим, алардын чечимин күтүп атам. Албетте, мүмкүн болгон каналдар четинен жабылып жатканын угуп атам. Азыр социалдык сайттарга кире турган серверлерде да көшөгө жабылууда.

Бул фильмдеги согушка каршы чакырык жалаң эле россиялыктарга эмес. Бул ЖККУга кирген өлкөлөрдүн элине да тийиштүү. Азыр саясатчылар да көп айтып жаткандай, ЖККУ өзүнчө эле бир эфемердүү уюм болуп калды, феодалдык бир аскердик келишим болуп калгандай. Борбордук Азия өлкөлөрү ЖККУдан чыгып, жаңы союзга бириксе жакшы болмок.

Украинадагы согуш талаасына түшүп калгандар болсо, бул фильм аларга да жетет, алар кылмыштуу буйруктарды аткарбайт деп үмүт кылам.

"Атанын тагдыры" фильминде согуштан кайтып келген жоокердин жүрөгүн эзген көйгөй жөнүндө

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Атанын тагдыры" фильминде согуштан кайтып келген жоокердин трагедиясы жөнүндө.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Украинага согушка барган кыргыз жарандарынын сөөгү келген учурлар болуп жатат. Изилдөөчүлөр Россияда абакта отурган кыргыз жарандарын мажбурлап, формалдуу макулдугун алып, согушка алып кетип жатканын билдирүүдө. Украинадагы согушка барган казак жарандары тууралуу кабарлар жокпу?

А.Кособаев: Украинанын душмандарынын арасында болуп калган кыргыз жарандары жөнүндө айта турган болсок, бул алардын өзүнүн аң-сезимдүү тандоосу болду деп айтыш кыйын. Мен аларды түрмөлөрдө азгырып, кээде жөн эле ой-боюна койбой алып кетип, кан майданга ыргытып жатышканын угуп жатам. Эгер алардын арасында өз ыктыяры менен кеткендер болсо, анда мен алардын үй-бүлөсүнө же туугандарына боорум ооруйт. Бул алардын өздөрүнүн да, үй-бүлөсүнүн да трагедиясы. Алардын аракетин такыр актаганга болбойт. Эгер эрки жетип украин тарапка колго түшүп берсе, ушул туура болмок менин оюмча.

Россия тарапта согушка катышкан Казакстандын жарандары жөнүндө кабар боло элек. Бирок мен Украина тарапта согушуп өлгөн казакстандык жаранды билем, балким, ал ошол өлкөнүн жарандыгын алган болушу да мүмкүн.

Казакстанда украиндердин таламын талашкан, Путиндин позициясын колдогондор да бар. Бул тууралуу сүйлөшкөндөн корккон адамдар бар. Алардын арасында кээ бир белгилүү эле режиссерлор бар: өзүмдүн оюмду азыр эмес, бир нече жылдан кийин айтам дешет.

Россия тарапты активдүү колдогондор, социалдык медиада ар кандай пикирлерди жазып аткандар бар. Мен андай аккаунттарды өчүрүп турам. Менин тааныштарымдын көпчүлүгү цивилдүү позицияда, алар согушту айыпташат.

Би-Би-Си: Социалдык медиа кандай иштеп жатканы түшүнүктүү. Ал эми россиялык телеканалдардын Казакстандагы таасири канчалык?

А.Кособаев: Мен жеке менчик жана мамлекеттик каналдарды аз көрөм. Өзүм телевизор деле көрбөй калдым. Бирок билишимче бул жакта россиялык телеканалдар көрсөтөт, анын ичинде "Россия 24", "Первый канал" жана башка Соловьёвдор сайраган каналдар. Борбор Азия өлкөлөрү бул каналдарды өчүрүп салышса жакшы болмок. Ал жакта чыныгы журналисттик материалдар жок, алардын ток-шоулары бирөөнө баары жабыла асылган чөөлөрдү гана эске салат.

Ал эми жергиликтүү каналдарды алсак, мен Украина тарапты ачык колдогон көрсөтүүлөрдү берген бирөөн да көргөн жокмун. Кандайдыр бир бейтарап мамиле же унчукпай коюп атышат.

Бул жактагы популярдуу интернет каналдар бейтарап позицияда болуп, абдан салкын мамиле кылып, фактыларды гана берип жатышат.

Борбордук Азияда демократия аралчасы болуп келаткан Кыргызстан, менин оюмча, саясий өнүгүү жолу жагынан Казакстандан кыйла эле алдыга кетти, региондо лидер болуп калды. Менимче көпчүлүк ЖМКлар карманып аткан бейтарап мамиле туура жарандык позиция эмес.

Би-Би-Си: Украинадагы согушту токтотууну талап кылып, өзүнүн пикирин айтып чыккан бир катар белгилүү актерлор, жазуучулар, жарандык активисттер болууда. Бирок аларга да оңой болгон, бийликтин басымына кабылууда.

А.Кособаев: Жакшы адамдар, ар кандай топтор бар, мисалы “Ногу свело”. Юрий Швчук ачык айтып жатат. “Pussy Riot” деген бир мыкты топ бар, алардын “Апа телевизор көрбө” деген ыры бар. Бул темада тартылган клиптер бар. Өтө көп болбосо да өзүнүн оюн ачык билдирип жаткан кино-театр актерлору бар.

Жарандык позиция көбүнчө музыка жанрында болуп жатат. Мен кимиси жеңет деп күтүп отурбай, өзүнүн позициясын ачык айткан адамдарды абдан урматтайм жана сыйлайм.